Айды азыр карай албайм,
ай мага: санаа, күтүү, муңду берет...
Асманда азыр тунуктук жок,
а мага баягы жарык керек.
Жылдыздар кооздук эмес, карасам зээригичтүү,
көңүлдө жалгыздыктын каары күчтүү...
Сезимиңе ээ болуум – чоку, космос,
а мага бул жалганда андан өткөн бийиктик жок.
Кудайды кошпогонум– кудай чындык!
Биз адамдар сүйүүбүздү
чындыкка арзышына ниет кылдык.
"Чындыкка жетелешип барсак" дегем,
кыял беле?
Өзүмдү өзүм алдап,
калптарымдан чыга албай келем дале.
Айдагы көлөкөсү көрүнгөн кыз,
бир кезде болгон мага жандуу элес.
Илинип турган айды
жакындан көргүм келген.
А айга менден мурун бир куш жеткен...
Ушул күн тарых мага,
ак сүйүүмдүн жибин кескен.
Ы.Шергазы
ай мага: санаа, күтүү, муңду берет...
Асманда азыр тунуктук жок,
а мага баягы жарык керек.
Жылдыздар кооздук эмес, карасам зээригичтүү,
көңүлдө жалгыздыктын каары күчтүү...
Сезимиңе ээ болуум – чоку, космос,
а мага бул жалганда андан өткөн бийиктик жок.
Кудайды кошпогонум– кудай чындык!
Биз адамдар сүйүүбүздү
чындыкка арзышына ниет кылдык.
"Чындыкка жетелешип барсак" дегем,
кыял беле?
Өзүмдү өзүм алдап,
калптарымдан чыга албай келем дале.
Айдагы көлөкөсү көрүнгөн кыз,
бир кезде болгон мага жандуу элес.
Илинип турган айды
жакындан көргүм келген.
А айга менден мурун бир куш жеткен...
Ушул күн тарых мага,
ак сүйүүмдүн жибин кескен.
Ы.Шергазы