АЯЛДАРЫН ДОКТУРЛУККА ОКУТУШПАЙТ, АНАН ООРУП КАЛГАНДА АЯЛ ДОКТУР ИЗДЕШЕТ
Соңку кездерде коомчулукта парадокс катары тилге алынып жаткан пикирлердин бири – "динчилдер өздөрү аялдарын окуу жайларга жиберишпейт, коомдон бөлүп, камап алышат да, кийин башына түйшүк түшкөн кезде аял адистерди издеп калышат". Бул пикир түпкүлүгүндө Ислам баалуулуктарына каршы интеллектуалдык күрөш алып баруучу секуляристтер тарабынан ойлоп табылган болсо дагы, өздөрүн прогрессивдүү, заманбап мусулман атаган айрым жаштарыбыз мындан таасирленишип, талкууга жарактуу маселе катары көтөрүп келишүүдө. Жада калса, теология багытында билим алып, Ислам менен Батыш дүйнө таанымын айкалыштыруу агымына түшүп алган айрым азаматтарыбыз мына ушул пикирди арыбас айкын аргумент катары көтөрүп жүрүшөт. А балким алардын оюнда мусулман кыз-келиндерин сабатсыздыктан арылтуу, илим-билим алууга кызыктыруу деген аруу ниет катылып жаткандыр. Анысы эми бир Кудайга маалым.
Чындыгында, Ислам менен жаңыдан жашылдана баштаган биздин жаш коомчулугубузда ушул көйгөй бар. Акыретин дүйнөсүнөн артык көргөн ар бир эркек өз аялын, эже-карындашын азыркы ЖОЖдорго окутууну каалабайт. Жада калса, биздин түштүк аймакта кыздарды 9-класстан кийин мектептен чыгарып алуу, эртерээк турмушка узатуу кадыресе көрүнүшкө айланып барууда. Мындан улам, Батыш туусун булгалаган айрым ары жоктор добулбастарын кагышып, мусулмандарды караңгылыкта, сабатсыздыкта, аялдарды басмырлоодо айыптап келишет. Аларга кошулуп, Ислам атын укканда тулку бою дүр эткен темселеме теңирчилер, батышчылар менен кайнатса каны кошулгус орусчулар, жада калса, турмуштан ордун таба албай, эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөптүр дегенсип, жалпы агымга кошулуп алган бекерчилер дагы мына ушул арабага учкашып, кекиртек жыртып жүрүшпөйбү. Мусулман эркектеринин мындай кадамынан улам Исламды кемчиликтүү дин катары көрсөтүшүп, динчилдерди орто кылымдардагы илим-билимге карамандай каршы турган, аялдарды тирүүлөй отко салган европалык христиандарга салыштырышууда.
Анда эмне, чын эле Ислам аялдардын билим алуусуна тоскоолдук жаратабы? Ислам илим-билимге каршылык көрсөтөбү? Ислам аял затын кордоо үчүн келгенби? Батыш баалуулуктарын бакыт көргөн азыркы бузукулар мусулман кыз-келиндердине бактылуулукту каалап жатышабы? Алардын айткан аргументи акыйкатпы?
Туугандар, Ислам кечээ гана пайда болуп, аны кыргызстандагы кайчы сакал таксырлар ойлоп таап алган дин эмес. Мындан 1400 жыл мурун азирети Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алайхи ва салламга түшүрүлгөн бул дин 13 кылым бою адамдарга туура жашоону үйрөтүп, арабдарды же мусулмандарды эле эмес, балким дүйнөнүн булуң-бурчундагы түрдүү улуттарды, расаларды, жада калса, бөлөк дин өкүлдөрүн да адилеттүүлүк жана аруулук менен башкарып, жалпы дүйнө элине бактылуулуктун жолун көрсөтүп келген. Дүйнөнү дүңгүрөткөн улуу Осмон дөөлөтү, Европага билим дарбазасын ачкан Андалус (азыркы Испания) чептери азырга чейин мусулмандардын сыймыгы болуп, дүйнө элин суктандырып турат. Ислам жана мусулмандардын дүйнө элине сунуштаган илимий ачылыштары азыр деле тарыхка айлана элек. Эми, мусулман аалымдарынын илимий ачылыштары, дүйнөдө жашап өткөн үлгүлүү мусулман аялдары тууралуу маалыматтар бардык жерде жеткиликтүү эле болуп турат. Астрономия, алгебра, жада калса, мына ошол аргумент катары айтылып жаткан медицина илимдери дагы мусулмандар тарабынан негизделгенин бүтүн дүйнө моюнга алып бүтпөдүбү. Ал тууралуу мисалдарга токтолбой эле коёлу.
Бүгүнкү маселебизге кайтып келсек, чын эле, мен өзүм дагы кызымды, жубайымды же эже-карындаштарымды азыркы ЖОЖдорго окутууну эп көрбөймүн. Мунун себеби, аял затын илим-билимден тосуу, караңгы бойдон калтыруу эмес, албетте. Ислам эч убакта илим-билимден, кесип үйрөнүүдөн кайтарган эмес. Тескерисинче, учуруна жараша милдет катары жүктөп койгон.
Ошондуктан, көйгөйдү туура аныктап алышыбыз зарыл. Мусулмандар аялдардын жогорку билим алуусуна каршы эмес, балким азыркы шарттагы жогорку окуу жайларда окутууга каршы.