ТЕҢДИК ЖАНА АДИЛЕТТҮҮЛҮК
Көпчүлүк адамдар теңдик менен адилеттүүлүктү бир нерсе деп эсептешет. Жада калса, адилеттүүлүк теңдик менен гана ишке ашат деп ойлошот. Акыйкатта болсо, экөө эки башка түшүнүктөр. Жада калса, кээбир учурларда теңдик адилетсиздикке дагы алып барат.
Теңдик бул баарына бирдей бөлүштүрүү болсо, адилеттүүлүк ар биринин муктаждыгына, мүмкүнчүлүгүнө жана абалына жараша бөлүштүрүү.
Бул маселени ката түшүнүү себептүү көптөгөн көйгөйлөр келип чыгууда жана көпчүлүк учурларда коомдук бузулууга жана адамзаттын бактысыздыгына дагы себеп болууда.
Мисалга алсак, мусулман коомчулугу арасында белгилүү болгон көп аялдуулук маселеси. Аллах Таала Куранда эркектерге бирден ашык үйлөнүүгө уруксат берген жана бул үчүн алардын ортосунда АДИЛЕТТҮҮЛҮК кылууну шарт кылып койгон. Ооба, теңдикти эмес, адилеттүүлүктү шарт кылган. Анткени, аялдарды багууда ар биринин өзүнө жараша муктаждыктарын кандыруу зарыл. Эгер баарынын муктаждыктарын адилеттүүлүк эмес, теңдик негизинде кандыра турган болсо, талаш-тартыштарды, уруш-жаңжалдарды жана бактысыздыкты келтирип чыгарат. Анткени, аялдардын организмдери, ден-соолуктары, ой-пикирлери жана каалоолору бири-биринен айырмалуу болгондуктан, алардын ар бирине керектүү нерселерди камсыздап берүү зарыл. Эгер 2 же 3 аялдуу эркек, теңдик принцибинен келип чыгып, алардын кийим-кечесинде, тамак-ашында жана дары-дармектеринде бирдей камсыздай турган болсо, бирөөсүнө төп келип, башкасына ашыкча болуусу же жетишсиз болуусу мүмкүн. Бул жаатта көптөгөн мисалдарды келтирүүгө болот.
Ошондой эле, үй-бүлөдөгү балдарга мамиле кылууда дагы, теңдик эмес, адилеттүүлүк важиб. Анткени, балдардын жынысы, жашы, ой-жүгүртүүсү жана каалоолору ар түрдүү болгондуктан, алардын ар бирине керектүү нерсени берүү кажет.
Бул орунда эң эле орчундуу болгон, акыркы учурларда коомчулугубузда кенен жайыла баштаган, аял менен эркек ортосундагы мамилелерге тиешелүү "гендердик теңдик" же "гендердик теңчилик" түшүнүгүн дагы талкуулап өтүү зарыл. Өлкөбүз Советтер Союзунун кулашы менен, шашылыш түрдө, толук талдабай туруп Батыштык дүйнө караштан келип чыккан "Демократияны" өлкөнүн негизги идеологиясы катары кабыл алгандан тартып, эл аралык коомчулукта эптеп жан багуу үчүн алардын талаптарына жана жашоого болгон көз караштарына айла жок моюн сунуп жашап келет. Өлкөнүн экономикасын туруктуу камсыздоо үчүн, чарасыздан алынган "гранд" пулдарды жана кредиттерди актоо максатында динибизге жана салтыбызга жат болгон "гендердик теңдик" идеясын колдоп жайылтууга мажбурлануудабыз.
Бул идея адамзаттын бактылуулугу үчүн кооптуу болуп, динибизге жана логикага дагы каршы келет. Анткени, эркек менен аял адам катары бирдей болушканы менен, алардын жынысында, организминде, ой-жүгүртүүсүндө жана каалоолорунда үлкөн айырмачылыктар бар. Мына ошондуктан, коомдогу эркек - аял ортосундагы мамилелерди тартиптөөдө алардын ар биринин муктаждыктарына, мүмкүнчүлүктөрүнө жана абалдарына жараша мамиле кылуу туура болот. Аларга бирдей же тең мамиле кылуунун өзү бир тараптын укуктарын тебелөөгө, каалоолорун жокко чыгарууга, бактысыздыкка түртүүгө жана аларды кудуретинен тышкаркы иштерге мажбурлоого алып келет. Бул идеяны пропагандалоонун кесепетинен, дүйнө аялдары эркектерге теңелип, аялдык бакыт, назиктик, уялчаактык жана сезимталдык сыпаттарынан алыстап, таңдан кечке эркектер менен тең тайлаша иштөөгө жана кудуретинен ашыкча милдеттерди көтөрүүгө мажбурланышууда. Натыйжада, үй-бүлөлүк гармония, балдардын тарбиясы жана коомдук тең салмактуулук бузулуп барууда. Ошол эле учурда, эркектердин мүмкүнчүлүктөрү жана каалоолору чектелип, адамзаттын тукумун улоодогу улуу миссиясын ишке ашырууга жараксыз болуп калышууда.
Мунун каршысында, адамзаттын дүйнөдөгү турмушун акыретке байлоо менен идеалдуу түрдө тартиптей алган улуу Ислам шарияты эки жыныс ортосундагы мамилелерди теңдик эмес адилеттүүлүк принцибине ылайык иреттеп берген. Анткени, бул шарият ар бир адамды жараткан, алардын табиятын, мүмкүнчүлүктөрүн жана каалоолорун эң мыкты билген Жаратуучубуз Аллах тарабынан түшүрүлүп, ар бир адамдын абалына идеалдуу түрдө төп келген мыйзамдарды камтыйт.