Ооба, мен кызымды жаштайынан "Жаңы жыл" деген шылтоо менен жат эркекке жабыштырып бийлеткен, 14-23-февралда жат эркектерге белек берүүгө мажбурлаган, белек бербесе жалпы классташтар алдында "динчил" деп басмырлаган, анан 8-мартта кайра бөтөн эркектен мажбурлап белек алдырган, жыл аяктаганда киши жүрбөс тоо-таштарга алып барып, эркек-кызын аралаштыра көңүл ачтырган, бел сөөгү ката элек жашында эркектер менен жанаша отургузуп, жыныстык катнаш кылуу үчүн презервативдерди жарнамалаган, "андай кече, мындай кече" деген шылтоо менен ар кайсы жерде көңүл ачууларды уюштурган, айтор, жаштайынан абийир-уятты бузуп талкалаган азыркы шарттагы окуу жайларда окутууну каалабайм. Мындан улам, кымбат болсо дагы кыздарыбызды жеке мектептерде, медреселерде, кесиптик курстарда окутуп жатабыз. Андай жеке окуу жайларга каражаты жетпегендерчи?
Бүгүнкү кыз-эркекти аралаштырып окуткан ЖОЖдордогу кыздарыбыздын абалы кантти? Тиги илим-билимди жактамыш этип, өздөрүн прогрессивдүү көрсөтүмүш болгон азаматтар жогорку окуу жайлардагы группалаш, курсташ балдарынан, мугалим-агайларынан сексуалдык ыдык көргөн, алардын ширин сөздөрүнө алданып, абийиринен ажыраган, зордук-зомбулукка кабылган, тагдыры талкаланган аруу кыздарыбыз тууралуу статистикаларды эмнеге оозго алышпайт? Айылдагы ата-энесинин акыркы малын сатып, шаарга окууга келген кыздардын студенттик турмушу азап-тозокко айланганы тууралуу маалыматтар эмнеге талкууланбайт? Арам ойлуу акмактарга алданып, боюна бүткөн чырактай кыздарыбыз абийирин жашырам деп, боюнан алдырып жатканы, төрөгөндө аргасыздан баласын ар-кайсы жерге таштап жатканы, элге журтка шерменде болбоюн деп өз жанын кыюуга чейин барганы эмнеге силердин көзүңөргө илинбейт?
Дагы ким жаман, насаат айткан молдо жаман. Дагы ким жаман, аялдардын абийирин сактоого умтулган динчилдер жаман.
Келгиле, аялдарыбыздын, кыз-келиндерибиздин, деги эле жалпы журтубуздун жаркын келечеги үчүн ушул көйгөйгө реалдуу назар салалы. Келечек муундун мектеби болгон аялдарыбыздын коопсуз, ыңгайлуу жана максаттуу билим алуусуна шарт түзүп берели? Аялдардын укугу деп жар салып жаткандар, силер да келгиле, аялдар жат эркектерден сексуалдык ыдык көрбөй турган, алданып, абийир-намысын алдырбай турган, жат эркектер менен аралашпай турган окуу жайларды түзөлү?! Интернеттен жаш кыздардын аң-сезимин уулаган, эркектерди кызыктырууга үндөгөн, уят жерлерин жарнамалоого чакырган маалыматтарды, кино-фильмдерди, видео-клиптерди көзөмөлгө алалы? Коомдук транспортто жат эркекке жабышып кетпегидей кылып, ыңгайлуу шарттарды түзөлү?
Эгер чын эле мусулман аялдарына боор оруп жатсаңар, келгиле көйгөйдүн реалдуу чечими тууралуу баш катыралы? Же силер жөн гана мусулманча жашоо образын каралап, кыз-келиндерибизди көчөгө алып чыгууну, жогоруда айтылган статистикалык маалыматтарды дагы да көбүрөөк толтурууну каалап жатасыңарбы?