Психологиялык жабыркоо жана психологиялык оору тууралуу
Бүгүнкү күндө, коомчулукта психологиялык жабыркоонун кесепеттери, андан кутулуунун жолдору жана психологиялык мотивациянын адамдын турмушуна тийгизген таасири тууралуу талкуулар актуалдуу болуп турганы баарына маалым. Бул көйгөйлөр ар бир адамга тиешелүү болгондуктан, коомчулуктун кызыгуусун жаратып, эпчилдер мунун арты менен акча табып турган чагы. Деги эле, кээбир ойчулдар айткандай, "дүйнөдөгү эң таасирлүү валюта - бул адамдын этибары". Адамдардын көңүлүн бурган ар бир нерсе акча табуунун эң ийгиликтүү жолу катары бааланары өзгөрүлгүс мыйзам экен.
Мына ушул орунда, психологиялык жабыркоолордун жана алардын кесепеттерин даарылоонун жолдору тууралуу өз оюмду бөлүшкүм келди.
Психологдордун айтымында, психологиялык оорунун же жабыркоонун себептери 2 түрдүү болот. Бири биологиялык себептер; мээдеги тубаса кемчилик, майыптык же мээге зыян берген физикалык травмалар сыяктуу. Экинчиси адамдын турмушунда болуп өткөн окуялардын жана иштердин таасири. Мен булардын экинчи себеби тууралуу сөз кылгым келип турат. Анткени, биринчиси Кудайдан берилген тагдыр болуп, аны өзгөртүү адамдын колунда эмес жана ага тек гана моюн сунуп, акыретте ал үчүн татыктуу сыйлык алуу гана мүмкүн. Ал эми, экинчи себеп тууралуу сөз кыла турган болсом, аларды дагы төмөнкүдөй 3 бөлүккө бөлүп кароонун туура көрдүм:
1-Балалык кезден үй-бүлө мүчөлөрүнөн жана айлана-чөйрөдөгү адамдардан запкы жеп, кордук көрүү.
2-Кокустан болуп өткөн кырсыктар, көйгөйлөр жана кайгы-капалар.
3-Мээнин толук кандуу иштөөсүнө тоскоолдук кылуучу психотроптук заттарды колдонуу (алкоголдук жана наркотикалык заттар сыяктуу).
Психологдордун айтымында, адамдар мына ушул негизги 3 фактордон жабыркашып, алардын кесепетинен түрдүү оорууларга кабылышат же жүрөктөгү тынчтыгын жоготушуп, бактысыздыкка батышат.
Ислам адамзаттын бактылуулугун камсыздоо үчүн түшүрүлгөн идеалдуу кудайлык мыйзам болгондуктан, адамзаттын бактысыздыгына себеп болуучу иштердин бардыгын ачык көрсөтүп берип, алардан кайтарып койгон жана ал иштерге кадам коюучулардын дүйнөдө дагы, акыретте дагы жазага тартылуусун баяндаган.
Жогоруда айтылган 3 фактордун биринчиси жана үчүнчүсү адамдардын колундагы иш болуп, аларды токтотуу же алдын алуу үчүн шарият өкүмдөрү орнотулган. Шарияттын өкүмдөрүн толук түрдө ишке ашыруу менен бул көйгөйлөрдөн заматта арылуу мүмкүн. Анын жол жоболору тууралуу жазсам, сөзүм абдан узун болуп кетет экен. Ал эми, алардын арасында айтылган экинчи фактор болсо, турмушта адамдын каалоосунан тышкары абалда жүз берген окуяларга байланыштуу болгондуктан, ошондой эле, андай кырсыктардан качып кутулуу мүмкүн болбогондуктан, анын психологияга терс таасирин тийгизүүсүнүн алдын алуу үчүн шарияттын жол жоболорун көрүп чыгуубуз кажет. Бүгүнкү күндө, дал ушул маселе орчундуу болуп, аны чечүүнүн жолдору күңүрттөшүп турат.
Анда эмесе, турмушта кокустан болуп өткөн кырсыктуу окуялардан улам келип чыгуучу психологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн жол-жоболору тууралуу сөздү баштайын.
Учурдагы динди турмуштан ажыратуу идеясынын негизинде билим алган психологдор адамдардын психологиялык көйгөйлөрүн чечүүдө диний көрсөтмөлөргө таянуудан баш тартышат. Ошол эле учурда, бул көйгөйлөрдү чечүүнүн туура жолдорун таба албагандыктан, тынчтандыруучу дарылар, алкоголдук жана наркотикалык заттар сыяктуу химиялык препараттарга таянышат. Алар адамдарга турмуштагы болуп өткөн окуяларды туура кабыл алууну, алардын себептерин, маани-манызын жана акыбетин түшүндүрүп, аларды тынчтандыруунун ордуна, андан убактылуу алаксытып коюуга гана басым жасашууда. Жада калса, алар сунуштап жаткан химиялык препараттар адамды убактылуу тынчдырымыш болгону менен, бара-бара жаңы психологиялык көйгөйлөрдү дагы келтирип чыгарууда.
Ислам болсо мындай көйгөйлөрдү чечүүнүн эң идеалдуу жолдорун көрсөтүп берген.
Бул жаатта эң оболу Ислам дүйнө таанымын - акыйдасын айтууга болот.