Ислам акыйдасы адам баласына дүйнөнүн эмне себептен жана ким тарабынан жаратылганын, бул дүйнөдөгү окуялар кандай ишке ашарын, ошондой эле, бул дүйнөдөгү иштер өлүмдөн кийинки абалга кандай таасир тийгизерин так жана түшүнүктүү кылып баяндап берген. Бул ишенимди кабыл алган адам дүйнө турмушу тууралуу бардык суроолоруна так жооп ала алат жана бул нерсе жүрөктүн тынчтануусуна алып келет. Ошондой эле, бул ишеним адам баласына дүйнөдө кандай жашоо керектигин, андагы окуяларга кандай позицияда болуу зарылдыгын көрсөтүп берет.
Мына ушул, Ислам акыйдасынын негизги түркүктөрүнүн бири тагдырдын, жакшылык-жамандыктын Аллахтан экендигине ишенүү. Тактап айтканда, адамзат турмушунда болуп өткөн кайгылуу жана кубанычтуу окуялардын бардыгы Аллах Таала тарабынан болоруна ишенүү. Мына ушул негиз адамдын турмуштагы окуяларга карата позициясы кандай болушу керектигин эң мыкты деңгээлде көрсөтүп турат.
Адам баласы турмушундагы каргашалуу окуяларды жана кырсыктарды көтөрө албай кыйналган учурда, ал окуяларга бирөөлөрдү күнөөлөп же анын алдын алып кала албаганы үчүн өзүн күнөөлөп, түшкүндүккө түшүп кетет. "Эмнеге бул окуя болуп кетти? Буга ким күнөөлүү? Кайсы жерден ката кылдым? Эмнеге кайдыгерлик кылдым? Эмнеге башка адамга эмес, мага туш болду?" мына ушул суроолор адамды туңгуюкка кептеп, ал туңгуюктан чыга албагандыктан, мээсине басым болуп, мээнин иштөөсү басаңдайт жана мезгил-мезгили менен үзгүлтүккө учурай баштайт.
Аллах Таала адамдын мына ушул абалын эскерип, андай учурда эмне кылуу керектигин, бул түшкүндүктөн чыгуунун жолун эң мыкты баяндап берген. Аллах Таала "Бакара" сүрөсүнүн 156-157 аяттарында кайгы-капага тушуккан мусулманларды сүрөттөп мындай деген:
"(Эй Мухаммад) Бирер кайгы келгенде: "Албетте, биз Аллага таандыкпыз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз", - деп сабыр кылуучуларга сүйүнчү кабар бер".
Бул аятты мусулмандар көбүнчө бирөө өлгөндүгү тууралуу кабарды угушканда "Иннаа Лиллахи ва иннаа Илайхи роожиъуун" деп айтуу менен колдонуп келишет. Бул аят мусулмандарга кайгы-капага тушуккан кезде биз кайдан келгенибизди, тактап айтканда, бизди ким жана эмне үчүн жаратканын, бул дүйнөдөгү окуялар эмне себептен жүз берерин, мындай окуяларга тушуккан учурда мусулмандар кандай кабыл алышы керектигин, бул иштер үчүн акыретте кандай сыйлык же жаза берилерин эске алууну буйруган. Момун адам кыйынчылыкка кабылган кезде сезимдери толкуп ташып тургандыктан, кээбир акыйкаттарды унутуп же аларга кайдыгерлик кылып коюусу турган кеп. Ошондуктан, Аллах Таала кыйынчылык келген учурда ушул сөздөрдү кайрадан айтып, өзү ишенген акыйдасын эске алууга буйруп жатат. Мына ошондо мындай кайгыдан кутулуу жеңил боло.
Мындан башка дагы көптөгөн аяттар жана хадистер кыйынчылык келген учурда сабыр кылууга чакырган. Сабырдын маанисин бизче "чыдоо" деп которушат. А түпкүлүгүндө, кыйынчылыкка сабыр кылуу дегени кыйынчылык же кайгы келген учурда пенденин өз Жаратуучусун эстеп, бул дүйнөдөгү иштер Анын каалоосу менен болуп жатканын түшүнүүсү, ага таслим болуусу, Анын буйругуна баш ийүүсү, ошондой эле, Анын буйруктарына тескери иш-амалдарга кол урбоосу. Чынында, мына ушул ишеним адамды психологиялык туңгуюктан чыгарып, аны кыйнаган суроолорго жооп берет жана андан кийин жашоосун өз нугунда улантуусуна жол ачат.
Адам баласы дүйнө турмушундагы кокустан жүз берген каргашалуу окуялар улуу күч-кудурет Ээси тарабынан ишке ашырылганын, Анын белгилеген тагдырын эч ким өзгөртө албасын жана бул кайгы-капага кооз сабыр кылганы үчүн сөзсүз түрдө сооп-сыйлык берилерин түшүнгөн учурда анын жүрөгү тынчтанып, мээсине "нагрузка" келбейт жана психологиялык жабыркоолорго, ооруларга кабылбайт.
Ошондуктан, Расулуллах саллаллаху алайхи уа саллам өз хадистеринин биринде: "Балээ келген учурдагы алгачкы сабыр гана чыныгы сабыр", - деп айткан. Тактап айтканда, мусулман адам балээге тушуккан учурда алгач ызы-чуу салып, өкүрүп бакырып, шарият тыйган иштерди кылып, чыдамсыздыкка алдырса жана бир аз убакыт өткөндөн кийин гана "эми сабыр кылайын" десе, анын сабыры чыныгы сабыр болуп эсептелбейт.