Акыйкатта, шарият эркектин абалын, мүмкүнчүлүктөрүн жана алсыздыктарын ачык айкын баяндап, ага төп келүүчү укук-милдеттерди бекитип берген. Ошондой эле, аял затынын табиятын, мүмкүнчүлүктөрүн жана алсыздыктарын дагы толук түрдө баяндап, аларга төп келүүчү укук-милдеттерди белгилеп берген. Андыктан, шарияттын көз карашында эркек менен аял адам катары бири-биринен айырмаланбайт, бири экинчисинен абзел болбойт. Бирок, үй-бүлөлүк жана коомдук мамилелерде алардын ар биринин табиятына жараша мыйзамдар орнотулат. Мына ошондо, коомдогу ар бир жыныстын жана ар бир адамдын абалы эске алынып, алардын алына жараша мыйзамдар орнотулат жана коомдогу адамдар өз-ара тең-салмактуулукта жана гармонияда турмуш кечиришип, бактылуулукка жетишет.
Демек, Ислам көз карашында "гендердик теңдик" эмес, аял эркек ортосундагы "адилеттүүлүк" принциби туура болуп эсептелет.
Мына ошондуктан, Курандын көптөгөн аяттары теңдикке эмес адилеттүүлүккө негизделип чечим кабыл алууга буйруган.
Бул маселе тууралуу сиздин пикириңиз кандай? Дагы кайсы жааттарда теңдик жана адилеттүүлүк түшүнүктөрүндөгү катачылыктарды билесиз?