ТАБЛИГ ЖАМААТЫ.
Хижраттын 617-жылы монголдор Марв шаарын багындырып, 700 000 мусулманды шейит кылат. Муну уккан Багдад эли кымырабай жай турмушун уланта берген. Арадан 40 жыл өтүп кезек аларга да жетет. Монголдор Багдадка кирип барып, мунусунда 2 000 000 мусулманды өлтүрүп, жүз миңдеген илимий китептер сууга ыргытылып жок болот. Ал китептер жоголбогондо азыркы өнүккөн заманга бери дегенде 50 жыл эрте келмек. Мусулмандардын атын тарыхтан ушинтип жок кылууну көздөшкөн. Мусулмандардын колунан намаз окугандан башка эч нерсе келбейт деп көрсөткүлөрү келишкен.
Ырамаатылык Чубак устаз айткандай “башым амал болсо болду, көчүгүмдү ит жесин” дегендер адашат. Анткени бүгүн көчүгүңдү жеген ит, эртең башыңды да жейт. Соңку 100 жыл ичинде мусулман коомчулугунда тарыхта болуп көрбөгөндөй жамааттар көбөйдү. Ислам дини жамаатташууга түз эле карайт, болгону жамааттык аң-сезим үммөттүк аң-сезимден абзел болбошу керек. Бир мезгилде монголдор Марвты алганда, ырас болот деп ичинен кымыңдаган багдаддыктар сымал, учурда да өлкөбүздөгү таблиги жамаат өкүлдөрүнүн абалына ичтен кубангандар эсине келиши керек.
Ар бир жамаат өкүлү “биздин жамаат мыкты, биздин шейх (кожо,устаз,агай,мавлана) мыкты, биздин китебибиз мыкты, биздин тартибибиз мыкты” дегенге укугу бар жана аны урматтоо менен кабыл алуу шарт. Бирок “ гана” сөзүн кошуп, “биздин жамаат ГАНА, биздин устаз ГАНА, биздин китеп ГАНА, биздин тартип ГАНА” деген тандалмалуулук шартын кошуу менен адашат. Ал жерде Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) караганда устаздын аты көбүрөөк зикр кылынып, Ыйык Куранга караганда жамаатка тийешелүү китеп көбүрөөк окулуп, Исламга эмес жамаатка чакыруу жарайаны күчөйт. Ал эми дин душмандары муну “Бөлүп жарып-башкар” принцибине ылайык өз кызыкчылыгына ылайык колдонот. Колдонуп жаткан аларда маселе жок, маселе ошого шарт түзүп берген тайкы жамааттык түшүнүктө. Балтанын сабы өзүбүздөн деп токойдогу дарактар ыйлаган сымал, турмушта көптөгөн дин жайылтуучуларды дал ошол диний чөйрөдөгүлөр эле салып бергенин көрүп жүрөбүз. Бирок салып берген деле көпкө жыргабайт негизи.
Жараткан жалпыбызга туура түшүнүк берсин, ошол түшүнүккө ылайык жашоону жана жан берүүнү насип этсин. Кудайым бизди мусулмандардын бөлүнүшүнө эмес, ынтымагына себепчи кылсын.🤲🏻