КҮЙӨӨ.
1. Күйөөнүн эң биринчи милдети аялына исламды дайыма үйрөтүп туруу. Жана аялынын исламды карманып жатканын текшерип туруу. Аялын бейишке жетелөө.
2. Эгер ал кийиндирүү жана ичиндирүү менен гана алек болуп андан сырткары аялдын каалоолорун гана аткарып жүрсө ал начар күйөө. Эркек алгач аялына динди жеткирүүсү керек. Дин тууралуу, кудай тууралуу сөз болбогон үй бактысыздык жолунда.
3. Бала тарбиялоодо жана аялдын билимин өсүүсү үчүн шарт түзүп берүү. Аялдын акылынын дайыма өсүп туруусу үй-бүлө үчүн зарыл. Ал үчүн сөзсүз чоочун эркектер менен окуштун же көчөгө чыгып кетиштин кереги жок.
4. Аялдын акылын жана сезимдерин туура багытта калыптанып жатканын байкап туруу. Аял кишинин башка коомдордун бузук сөздөрүнө ээрчип кетиши оңой. Ошол себептүү коомдогу баардык актуалдуу темаларда сөзсүз сүйлөшүп, келинчектин позиция жана ойлорун текшерип туруу керек.
5. Аялдын падышачылыгы анын үйү. Кенен ашкана, ага жаккан парда, шкаф, жана башка баардык ыңгайлуулукту колдон келишинче камсыздоо. Жылуу үй, даарат алганга жана намаз окуганга жай. Витаминдүү тамак аш. Колдон келсе фитнес үчүн каражаттар. Үйдөгү жасалгасы үчүн уходовый косметикалар. Жанада кызыктуу кийимдер.
6. Катташуусу. Кандай адамдар менен дос болуп жатканын билүү. Алар менен жолуугусун үйдө же барып келүүсүнө шарттарды түзүп берүү. Күчтүү жана билимдүү адамдар (кыз кишилер) менен дос (курбу) болуусу абдан жакшы.
7. Шариятка каршы келбеген баардык маселеде кеңешүү, оюн билүү, сырдашуу. Кээ бир учурларда инциативаны колуна карматуу жана колдоо. Жалпысынан анын алдына түшүп аны жетектөө.
8. Анын жакын досу, ушакташат турган адамы, ишенич таянычы, мекени, угат турган кулагы, көрөт турган көзү, кубанычы жана сыймыктанган жана корккон адамы болуу.
9. Баардык маселеде жай тон менен сүйлөө жана түшүндүрүү. Бүт көйгөйдү шарият менен чечүү. Акылды салчу иштерде гана салуу. Жеке кызыкчылыкка карап чечилген маселеге анын каршы чыгуусу турган иш. Демек маселе ортодогу шариятка карап чечилиши керек. Ошондо гана аялга зулумдук кылынган болбойт
10. Ал сенин гана аялың экенин сезүү. Туугандарыңдын бирин да ага чоң сүйлөттүрбөө. Ага карата айтылган сын-пикир жана жаман мамиле бул сага карата болуп жатат деп билүү. Аялың тууралуу жаман сөздү эч кимге айтпоо! Ал сенин аялың же жашырып жаша же жакпаса ажыраш. Бирок эч качан аны башкага жамандаба!
11. Мамиленин жакшысын аялдарыңа кыл. Алар сенин абийириң. Алар сенин ауратың. Алар сенин аманатың. Алар сенин жоопгерчилигиң.