"Күйөөңө баш ийбе", "эркек менен аял тепе-тең", "кайын журтка кызмат кылба", "кайнатаңа чай куйба", "кайненеңин кийимин жууба", "эркин жаша", "сенин денең сеники", "сенин жатының менен башканын иши канча", "ажыраш", "эң биринчи карьераны түптө", "эски-үскү салтты чан" ж.б.у.с. аялзаттын напсисине жага турган куу пропаганда, наркка каршы идеяларды үзгүлтүксүз жүргүзгөн кыймыл бар феминизм деген. Феминизм эң биринчи кезекте наркты бузат. Улуттук норматив болгон нарк-насилди бурмалоого бир-эки мисал: "Кызга кырк үйдөн тыюу" деген улуу тарбияны бурмалап, "кызга кырк үйдөн колдоо", "Отурган кыз ордун табат" дегенди "окуган кыз ордун табат" дешүүдө. "Аял – үйдүн куту" дегенди бузуп, "аялдын бактысы – эркиндик" деп таңуулашууда. Айтор мындай мисалдар уланып кете берет.
Булардын логикасы бир кызыктай. "Күйөөңө, кайын журтуңа кызмат кылба, сен кул эмессиң" дейт. Бирок оор шарттарда ар кимге кызмат кылып (мисалы, официант, кир-кок жуугуч, стюардесса болуп) иштесе, "ураа, сен азаматсың" деп алкап киришет. Бул эмне болгон эки жүздүүлүк?! Анан тынымсыз салт-санаа, нарк-насилге жана динге каршы чыгып коюшат.
Деген менен динибиз да, салтыбыз да аялзатын кадырлап-кастарлайт. Буга жүздөгөн нормаларды көрсөтө алабыз. Аялзатын коргоого алымыш этип, "Аял укугу" деген ярлыкты жамынган бул кыймылдын түпкү нээти башка. Эркек менен аялдын ортосунда душмандык жаратып, керек болсо коомдо хаос жараткылары келет. Үй-бүлө курууну өтө коркунучтуу көрсөтүп, аябай кечеңдеттирип, керек болсо турмуш курбай коюу идеясын сиңирет. Коомдо анча-мынча каттала калчу кейиштүү окуяларды кайра-кайра айтып чыгышып, үй-бүлөлөрдү кыйратууну кароолго алат.
"Үй-бүлөлүк зомбулук" деген тантык сөз айкашын кадимкидей күндөлүк турмушка киргизип ийишти. Болбосо үй-бүлө кайда да, зомбулук кайда. Бири-бирине такыр коошпогон эки түшүнүк, эки көз караш. Эң коопсуз уя болгон үй-бүлөнү зомбулук уясы катары көрсөтүшүп, жаштарды, өзгөчө кыздардын жүрөк үшүн алышууда. Натыйжада турмуш курууга караганда ажырашкандар көбөйүүдө. Ошентип коомдон береке кетип, депрессия көбөйүп жатат. Анын артынан ичкиликке берилүү, жашоодон безип кетүү (бомж болуу), каракчылык, кылмыш, сексизм, каршы жыныстагыларга карата маньякчылык ж.б. жамандыктар күчөйт. Соңунда улуттук генофонддун сапаты кетип, эл санынын азайышын шарттайт.
Салттуу үй-бүлө баалуулуктарын бузуп, нарк-насилди кыйратып, динди жек көргөн бул кыймылдын учкундары бизге да жетип келген. Аны буга чейин 8-март иш-чараларында, митингдеринде, жүрүштөрдө, феминаллелерде көргөнбүз. Эми булардын кийинки кадамдары кандай болмокчу. Сырттан колдоо боло береби? Мамлекет катары, эл катары, коом катары кантип булардын таасирин азайтып, үй-бүлөлөрдү сактап калабыз? Булардын жаш кыздардын дүйнө таанымын бузушун кантип токтотобуз? Сырттан кирген ар кандай багыттарга каршы иммунитет катары динди жана наркты кантип натыйжалуу пайдалана алабыз? Деген ойлор жеп жатат да.