Айкын Медия Official


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия



Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций




Имунитет алсыраса, оору тез жугат. Сасык тумоо менен ооруп жаткан адамга, имунитети начар адам жолосо, ал да оруп калуусу боло турган иш.

Анын сыңары ыйманы алсыз адам жаман чөйрөгө кошулуп кетсе же күнөө ишке мүмкүнчүлүк ачылса, тез эле алардай болуп, бузукулукту илгебей аткара баштайт.




Ыйык жума күнү Аллахым жүрөгүм эңсеген нерсе менен мени кубандырчы🤲 чындыгында сен мыкты сүйүнүч берүүчүсүң...


Инсан жана напсиси

Биз адам баласы өзүн оңоп-түзөш же өзү менен күрөш жүргүзүү керек дегенибизде, кудум аны эки адам катары, бири экинчисин оңоп же экинчиси менен күрөшкөндөй түшүнөбүз, ошондуктан Алла Таала: «Чындыгында, инсан өзүнө-өзү күбө абалын жакшы билет» деген. Адам баласы, кудум эки тараптуу: бири – күбө, экинчиси – күбөлөнгөн, акыйкатта, ал жалгыз, жарымы жарымына күбө өтүп жатат. Пайгамбар (САВ)дын Роббисинен кылган риваятында: «Эй, пенделерим, ал деген – силердин амалдарыңар гана, силерге санап берем, анан толугу менен алдыңарга коем, ким жакшы экендигин тапса, Аллага алкыш айтсын, ким андан башкасын тапса, өзүн гана жемелесин» деген. Жемелеген менен жемеленген – адамдын эки тарабы сыңар. Чындыгында, адамдын напси бирөө эле, ал өзү гана, бирок ушундай маанини туюнтат. Адам баласы өзүн-өзү оңоп-түзөп жатат дегенибизде, адамдын оңдоп-түзөп жаткан бөлүгү оңолуп-түзөлүп жаткан бөлүгүнөн башка болуп чыгат.
Тазкияны талап кылган инсан, эң оболу, өзүн оңоп-түзөй турган фактор анын өзүндө бар экенин билиш керек. Ошондой эле өзүн буза турган фактор да анын өзүндө экендигин унутпашы зарыл. Напсини оңоп же бузуп алуу – мына сенин колуңда, кай тарабын кубаттайсың, сенин эркиң. Алла Таала: «Аны эмне эки жолго багыттабадыкпы?» деген. Мааниси: анын алдына эки жолду – жакшылык менен жамандык – ачып койдук. Алла Таала: «Напсиге жана анын кооз жаралганына ант! Анын бузулганын жана такыбалыгын илхам кылган. Ким аны напсини тазаласа, ал ийгилике жетти. Ким аны напсини адаштырса, зыян тартты» деген.
Демек, инсандын напсинде карама-каршы багыттар бар. Ал ошол майданда күрөш жүргүзөт: кээде жеңет, кээде жеңилет. Тагыраак айтканда, жакшы тарабы кээде жаман тарабын жеңет да, кээде жаман тарабы жеңет. Мына ошол себептен, жаман тарап менен күрөшүүгө үндөгөн: «Мужахид (күрөшүүчү) – өз напси менен күрөшкөн адам» деген пайгамбар (САВ)дын буйругу келген.


Колдон келишинче көбүрөк айтканга аракет кылыныз🤍












Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
2025куран жаттайм деген адамдарга мыкты кеңеш 🤍


Ражаб айы – Ыйык Рамазандын кабарчысы. Ай көрүнгөндө Алланын элчиси (ага Аллахтын салам жана салаваты болсун) Рамазанга даярдык көрүүнү буйруп, төмөнкү дубаны айтууга чакырган:

«Оо, Аллах, Ражаб жана Шаабан айларында бизди Өзүң колдоп, Рамазанга аман-эсен жеткире көр” (Шу'абильИмаан и ИбнусСунни).

Рамазан менен Ражаб айынын ортосун бир гана ай бөлүп турат. Андыктан мусулмандар Ыйык Рамазан айына азыртадан кам көрүп башташы керек. Бул айда жакшы иштерди көбүрөөк жасап,  башка айлардан өзгөчөлөнтүп, бир күндү белгилебестен, нафил орозо кармап, көбүрөөк ибадат кылган жакшы...

Шүгүр кандай сонун немат, кандай сонун жакшылык. Өмүр жолумда шүгүр нематтын сапарыма ажырагыс жолдош кыл, оо Раббым! Касиеттүү күндөрдүн кутунан көп - көп жакшы амалдарды кылууга, күч - кубат берсин Жаратканым!🤲🏻🌹💖


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram










*Беш ишти аткармайынча уйкуга жатпа*

Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) Алини (Алла андан ыраазы болсун) жанына чакырып, ага мындай деди: Бул беш ишти аткармайынча төшөккө жатпагын:

1. Куранды толук окумайынча

2. 4000 дирхамды садака бермейинче

3. Каабаны зыярат кылмайынча

4. Бейиштен бир орунду ээлемейинче

5. Ыза бергендеринди ыраазы кылмайынча

Ошондо таң калган Али (Алла андан ыраазы болсун): "Мен булардын баарын кантип аткарам?" деп сурады. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) минтип жооп берди:
"Ихлас сүрөсүн 3 жолу окусаң - Куранды толук окуган болосун.

Фатиха сүрөсүн 3 жолу окусаң - 4000 дирхам садака кылгандай болосун.

"Лаа илааха иллаллааху, вахдаху лаа шаринка лах, лахул мулку ва лахул хамду, ва хува алаа кулли шайин кодиир" деп 10 жолу айтсаң Каабаны зыярат кылгандай болосуң.

"Лаа хавла валаа куввата илла биллаахил алииул азиим" деп 10 жолу айтсаң Бейиштеги ордунду сактаган болосуң.

"Астагфируллохал-азиимил-лазии лаа илааха илла хувал хайюл кайюм, ва атуубу илайхи" деп айтсаң ыза бергендеринди ыраазы кылган болосуң".


📖 *Булак: Кызык китеп*

__________
*"АЙКЫН МЕДИЯ* *каналына катталып пайда алыңыздар*


*Эмне үчүн Алла Таала өлүм убактысын белгисиз кылып койгон?*

Өлүм убактысы кимге качан келерин эч ким билбейт. Алла Таала өлүм убактысын жашыруун кылып койгон.

*Куранда: "(Мына) өлүм оорчулугу акыйкатта сенин башыңа келди. Сен (анын качан келерин билбей) качып жүргөн элең" деп айтылган. (Коф, 19-аят).*
Өлүмдүн качан болсо да келери чындык, аны эч ким тана албайт. Алла Таала бир аятта: "Ар бир тирүү жан өлүм даамын татыйт" деген. (Аалу Имран, 185-аят). Ошондой эле дагы бир аятта: "Жер бетиндеги бардык нерсе жок болот, бир гана Улуулуктун Ээси болгон Раббиңдин Жүзү түбөлүк" - деп айтылган. (Рахман, 26-27-аяттар).


Өлүмдүн келери анык болгону менен, анын кайсы убакта келери жашыруун. Мунун өзүнчө сырлары бар. Эгерде адамга кайсы убакта өлүм келери белгилүү болсо, анда ал каалагандай күнөө иштерди жасап, өлүмгө жакын калганда тооба кылып, ибадат кылмак. Адамдар өмүрүнүн баарын күнөө менен өткөрүп, тообаны, ибадатты акыркы күндөргө гана калтырмак. A адамдардын баары ушундай тартип менен жашаса, анда жашоо тартиби бузулуп, баш-аламандык өкүм сүрмөк. Өлүмдүн качан келерин билбеген адам, аны ар бир мүнөт сайын күтүп, ага даярдануу менен жашоого тийиш.

Ошондой эле адамдын өлүм убактысын билбегендиги, анын жашоосунун тынч болуусуна шарт түзөт. Эгер өлүм убактысы белгилүү болсо, адамдар ага жакындаган сайын тынчсызданып, жашоосун толук кандуу өткөрө алмак эмес. Бул дагы Алланын пенделерине болгон мээримдүүлүгү. Мындан сырткары өлүм убактысынын жашыруун болуусу, адамдын адамдык табиятына да туура келет. Анткени, адамдарга жакынынан ажыроо абдан оор. Кокустан каза болуп калган жакыны үчүн адамдар кандай кайгырышат. Ал эми өзүнүн өлүмү жакындап келе жатканы белгилүү болсо, алардын кайгысы мындан да көп болуп, адамдар үчүн жашоо абдан оор болмок.


📖 *Булак: Кызык китеп*

__________
*☪️"АЙКЫН МЕДИЯ"* *каналына катталып пайда алыңыздар*


🔖 *_WhatSapp_*
*https://wa.me/996500174147*

Показано 20 последних публикаций.