Умму Ма’бад (радиаллаху анха) пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деп сыпаттаган экен:
(Ибн Саад, ат-Табакаат, 1/230-231)
“Жүзүнөн нуру жанып, жаркырал турат экен. Келишимдүүлүгүн, сулуулугун айтпа. Өтө арык да эмес, өтө толук да эмес. Карагаттай көздөрүнүн карасы менен агы бири-биринен таптак айырмаланып турат. Кудайдын
кудурети менен көздөрү сурма коюп алгандай сонун. Каштарынын учтары ушунча назик, чачы чымкый кара. Бир караган кишиге бою узун көрүнөт. Сакалы жыш. Унчукпай олтурса ушунчалык оор басырыктуу, сүйлөсө жүзүнөн жылмаюу, сөзүнөн таттуулук сезилет. Оозунан сез берметтери шурудай төгүлүп турду. Айткан кеби оозунан так, даана чыгып, чындык менен жалганды ачык-айкын бөлүп сүйлөйт экен. Сөзү киши түшүнбөй кала тургандай аз да эмес, пайдасыз көп да эмес, ушундай жанга жагымдуу сүйлөйт дейсиң, сөз менен жеткире албайсың. Алыстан караганда адамзаттын эң сүрдүүсү деп ойлойсуң. Жакындан карасаң ушундай жагымдуу көрүнүшү бар. Орто бойлуу, бир караган киши анын узун да, кыска да эмес экенин сезе алат. Досторунун арасында эң келишимдүү көрүнгөнү, нур жүздүү болгону ошол экен. Кандай десем, кудум эле көчөт сыяктуу, эки көчөттүн арасында өсүп чыгып, жарыктыгы, жашылдыгы жанындагы көчөттөрдү жаап салгандай болуп турду. Жанындагы достору аны ортосуна алып, айкандарына кулак төшөп, бир нерсе айтса дароо аткарууга шашылып жатышты. Ал өзү кабак-кашын бүркөбөй дайыма жылмайып турду. Эч бирөөнү сындап, же көңүлүн калтырганын көрбөйсүң".
(Ибн Саад, ат-Табакаат, 1/230-231)