🤲ШҮГҮР..
Хиндустани азирет минтип айтат. Адаттагыдай эле эртең менен устазымдын жанында "Сахих Бухарини" көчүрүп жазып жатканмын. Бир убакта ашпоз келип, бүгүн жегенге эч нерсе калбагандыгын айтты. Устаз балдарга: "Бүгүн сабыр кылып тургула, Аллах кааласа, эртең ырыскы болор" деди. Ачка болсок да Аллахка шүгүр кылып, бөлмөлөрүбүзгө тарап кеттик. Бөлөмөгө келер замат кайра китеп окуй баштадым. Ошол убакта чычкандын баласы ийнинен чыгып, тизилген китептердин үстүндө ары-бери баса баштады. Ары-бери чуркап алагды кыла бергендигинен, чыныны анын үстүнө көмкөрүп койдум. Бир аздан соң ийинден чоңурак чычкан чыгып, чынынын жанына басып келди. Чынынын астында чый кылдаган үндү угуп, аны айланып ары-бери чуркай баштады. Ана ийнине кирип кетти да бир алтын теңгени тиштеп чыгып, чынынын жанына таштады. Дагы чыйкылдап чыныны айланып чуркады да, ийнине кирип кетти. Бир аздан кийин дагы бир алтын теңгени алып чыгып, чынынын жанына таштады. Мен аларды кызыгып карап отурдум. Чычкан ийнине кайра-кайра каттап отуруп он төрт алтын теңге ташып чыкты. Акырында, эч нерсе калбады дегенсип, бошогон баштыкчаны сүйрөп чыкты. Мен чыныны алып чычкандын баласын чыгарып жибердим. Чыйпылдаган эне бала ийнине чуркап кирип кетти. Аллах Таала чычкан себептүү биздин бир эмес, бир канча күндүк ырыскыбызды берип койгонуна дагы бир жолу шүгүр кылып, алтындарды алып устазыма жөнөдүм...
📔"Периштени ыйлаткан наристе" китебинен.
https://t.me/ilimnurusabaktar