Ислам дининде жаңы жылды тосуу – бирден бир чоң күнөөлөрдөн жана ширкке алып баруучу себептерден болуп саналат. Аллах Тааладан башкага сыйынуу ширк болот жана аны кылган адам Тозокко түшөт. Ал эми өзүн мусулманмын деп эсептеген адам ширктен эле сактанбастан, ага алып баруучу себептерден да сактанат.
Азыркы күндө диний илим алган же мечиттин имамы болгон кээ бир адамдардын бул майрамга шериктеш болгондорун көрүп таң каласың. Мусулмандар үчүн каапырлардын майрамын майрамдоого жана аларды ээрчүүгө кескин тыюу салынган. Бирок тилекке каршы көпчүлүк мусулмандардын бул айтылган сөздүн маани-маңызын түшүнбөстөн жаңы жылды майрамдаганы жана анысы аз келгенсип ак дасторкон үстүндө арак-шараптар суудай агып, жашы-карысы дебей уят сыйды жыйыштырып таң аткыча бийлешип, тойлошуп күнөөгө батканы кейиштүү. Бир эле жаңы жыл үчүн канчалаган ресторан-кафелер алдын ала брондолуп, ал эми ресторанга акчасы жетпегендер үчүн телевидение аркылуу “көгүлтүр от” телеберүүсү көрсөтүлүп, жадагалса бала бакчаларда, мектептерде конкурстар уюштурулат.
Алардан эмнеге мындай кылып жатасыңар деп сурасаң, эмнеге кылып жатканын өзү деле билбейт. Сааттын жебеси 12:00 болгондугу үчүн эле ушунчалык аракка тоюп, таң аткыча бийлеп-тойлоонун себептүү жөнү барбы?! Мындай кылык-жоруктар ыйманды, абийирди, уят-намысты биринчи орунга койгон мусулманга жарашабы?! Дегеле жаңы жылдан кандай пайда бар?!
Балким алар “жаңы жыл мурдатан майрамдалып келаткан салт болуп калган” деп жооп бериши мүмкүн. А салт дегендин өзү эмне? Мейли, бул майрам каапырлерге ата-бабаларынан салт болуп муундан-муунга өтүп келе жаткандыр, а мусулмандарга бул салттын кандай тиешеси бар?! Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, өзүнүн хадисинде мындай деп айтты:
«Кимде-ким өзүн кандайдыр бир коомго окшотсо, анда ал ошолордон». (Имам Абу Дауд)
Ибну Касир айтты: «Мусулман үчүн каапырлердин мындай майрамы болобу же салттуу майрамы болобу же алардын ибадаттарында болобу, аларга окшошууга болбойт. Анткени Аллах Таала Пайгамбарлардын мөөрү болгон Мухаммад, саллаллаху алейхи уа саллам, аркылуу бул үммөттү урматтуу кылды жана ага кемчиликсиз, туура жана баарын өзүнө камтыган улуу динди Шарият кылды». (“аль-Бидаяту уа ан-Нихая”)
ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КҮНӨӨЛӨР
Жаңы жыл күнү Аллахка карата кылынган кээбир негиздүү чөң күнөөлөрдү айта турган болсок:
• Ширк күнөөсү
Азыркы ата-энелер балдарын тили чыккандан баштап Аллах Тааладан башкага тилек кылууга үйрөтөт. Мисалы, адамдар ойлоп тапкан аяз атага же санта клауска кат жаз же ичиңден тилек кылсаң, ал сага каалаган белегиңди алып келет деп жаштайынан ширк кылууга жана жалган айтууга үйрөтөт. Ушуга окшогон себептерден улам наристенин ыйманга негизделген табияты Аллахка болгон ыйманга эмес, кичинесинен жалганга же бутпарастык ырым-жырымдарга толот.
Көпчүлүк ата-энелер балдарын Аллах Таалага ыйман келтирип, Ага гана ибадат кылууну, чынчыл жана ыймандуу болууну үйрөткөндүн ордуна, кайдагы жомокко айланган, жонуна кап артынган кызыл мурун аяз аталарын айтып алдашат. Ал эми мектептерде жана бала бакчаларда болсо алардан мажбурлуу түрдө чогулткан акчага белектер алынып, ошол эле акчага аяз ата, аяз кыз жалдашып, жаш балдарды балатыны айлантып “аяз ата келиңиз, бизге белек бериңиз!” деп кыйкыргыла деп тилек айттырат. Эгерде жаш наристени чындык менен жалганды айырмалабаган курагынан күнөө кылууга үйрөтсөк, анда келечекте андан кандай адамды күтүүгө болот.
• Каабадан башканы таваф кылуу
Жаш балдардын жаңы жылдык балатыны айланып ырдаганы, бийлегени жана тилек кылганы – аны таваф кылганга барабар. Мындай кылуу мурдагы бутпарас диндерден калган ырым-жырымга жатат жана Аллах Таала жаман көргөн иштерден болуп саналат.
Ислам дининде Каабаны гана таваф кылууга уруксат берилген. Каабадан башка нерсени таваф кылуу чоң күнөөлөрдөн. Каабадан башка кабыр болобу же дарак болобу же балаты болобу, таваф кылуу ширк болуп саналат.