КЕМЕ медиа


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


КЕМЕ медиа баракчасынын расмий каналы

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций




Эгерде ар бир адам Аллах Тааланын улуулугун жана адамзатка көргөзгөн чексиз ырайымынын түшүнүп билсе, анда дайыма Анын буйруктарына баш ийип жашамак. Кимде-ким чыныгы бактылуулукту издесе, анда ал үчүн жалгыз гана жол бар. Ал Аллах Тааланын дини менен жашоо. Ал эми ким динсиз эле жашайм деген болсо, анда ал адам бул дүйнөдө эле эмес, Акыретте да өзүнө өзү зыян кылгандардын катарында болот.


✏️ Ильяз Рыскулов


• Алкоголь, тамеки жана маңзат
Кээ бир үй-бүлөлөр жаңы жылды тосуу үчүн жашиктеп арак алышат. Жаңы жылга карата арак-шарапты өндүрүү эселеп көбөйөт. Ушул сыяктуу эле тамекинин, маңзаттын сатыгы да күч алат. Мына ушуга окшогон харам нерселерге дасторкондор толуп, арак-шараптар суудай куюлат. Жадагалса балдарына да шампан, пиводон ооз тийдирип, алардын көзүнчө арак ичип, аларды тырнактайынан “культурный алкаш” болууга даярдайт. Үй ичи тамакенин, арактын жытына толот. Ал жерде отурган ата-энесинин, коноктордун, туугандарынын, коңшуларынын аракка кызып алып кылган иштерин, сүйлөгөн сөздөрүн, жүрүм-турумун көргөн балдары – бул көрүнүштү адаттагыдай көрүнүш катары кабыл алат. Балким кээ бир үй-бүлөлөрдө ашыкча мастыктын айынан мушташ чыгып, майрам арты ыйга айланган учурлар да жок эмес.

• Музыка, бий ж.б.
Ислам дининде музыкага тыюу салынган. Бул туурасында көптөгөн аяттар жана хадистер айтылган. Эгерде музыкага тыюу салынган болсо, анда анын коштоосундагы бийлөө туурасында айтпаса да белгилүү. Мындай кылуу күнөө болуп саналат жана көптөгөн күнөөлөрдү кылууга түртөт.
Жаңы жылда акчалуулар үчүн эсепсиз концерттер уюштурулат. Демейде энеси жалгыз жибербеген кызын жаңы жылдык концертке жиберип, ал кызы таң атканга чейин кимдер менен жолугуп, кимдер менен отурганы менен такыр иши жок. Жаңы жыл жашоого олуттуу карабаган кыз-жигиттер үчүн чогулуп отурууга бирден бир чоң себептерден. Эгерде кыз-жигит жалгыз калып, анысы аз келгенсип арактан ууртап алган болсо, анда алардын арасын шайтан аралап зынаа кылууга азгырат. Азыркы күндө зордуктоолор, никесиз төрөлгөн балдар, таштанды ымыркайлар, аборт кылдыргандар күн санап көбөйүүдө. Балким мунун көбөйүүсүнө жаңы жыл дагы өз салымын кошуп жаткандыр.

• Кылмыштуулуктун көбөйүүсү
Жаңы жыл түнү акылы кеткенче арак ичкендин айынан канчалаган кылмыш иштери катталат. Бул кылмыш иштерин жашырбаса деле баарына белгилүү. Мастыктын айынан өлтүрүү же зордуктоо же массалык муштаж же жол кырсыгына кабылган учурлар жаңы жыл түнү өзгөчө көп болот. Мына ушунун баары салттуу жакшынакай жаңы жыл майрамында болот.

Жаңы жыл түнү көчөгө чыгуу ар бир адам үчүн коркунучтуу. Анткени көчөдөгү сөзгө-кепке келбеген жаштар, мастар өтө көп. Ал эми борбордук аянттагы балатынын айланысында маал-маалы менен себепсиз мушташтар, чыр-чатактар чыгып турат.

ЖЫЙЫНТЫК

Бул айтылган сөздөр чыныгы жашоодо болуп жаткан жаңы жылдык көрүнүштөрдүн кыска гана бөлүгүн камтышы мүмкүн. Жаңы жылда биз билбеген мындан башка канчалаган күнөөлөр кылынганы жалгыз гана Аллахка белгилүү.

Адам баласына өмүр бир гана жолу берилет. Эгерде азыр туура ой жүгүртүп, акыйкатка кайтам, туура жолго түшөм десеңиз, дагы да болсо кеч эмес. Аллах Таала кечиримдүү. Эгерде пенде чын жүрөктөн ыйман тилеп, мындан ары күнөөдөн алыс болуп жашаймын деп Аллахка кайткан болсо, анда Аллах Таала анын жашоосун жакшы жолго салып койот.

Ошондуктан ар бир адам өмүрүн Аллах Таалага ибадат кылып, жеке жана айланасындагы адамдарга пайда алып келе тургандай денгээлде өткөрүүсү зарыл. Ислам дини гана жашоонун бардык тарабын камтыган жана адам баласына эмне пайдалуу, эмне зыян экендигин ачык көргөзгөн акыйкат дин. Эгерде ким дин менен жашаган болсо, ал жеке эле өзүн бактылуу кылбастан, анын айланасындагы адамдарга көптөгөн пайдаларды алып келет.

Аллах Таала Өзүнүн ыйман келтирген пенделерине диний жана дүйнө иштеринде жардам көргөзүп, аларга зыян тийгизген иштерден тыйып, эки дүйнөдө бактылуу болушуна шарт түзөт. Ислам дини – Аллах Тааланын адамзатка көрсөткөн ырайымы, жакшылыгы жана берекеси. Кимде-ким Аллахтын динин ээрчип, туура жолду тандаса, анда ал эки дүйнө бактылуулугуна жетип, чыныгы бактылуулукта жашайт.

Бул туурасында Аллах Таала Ыйык Куранда мындай деп айткан:
«Эркек болобу, аял болобу, кимде-ким ыймандуу болуп жакшы иштерди кылса, анда Биз ага сөзсүз жакшы жашоону беребиз жана алардын кылган иштерине сөзсүз андан да артык соопторду ыйгарабыз». Нахл сүрөөсү (16:97)

Ал эми Курандын башка бир аятында Аллах Таала мындай деп эскерткен:
«Ким Менин эскертмемден (Курандан) баш тартса, анда албетте ал үчүн машакаттуу тар жашоо болот». Таха сүрөөсү (20:124)


Ислам дининде жаңы жылды тосуу – бирден бир чоң күнөөлөрдөн жана ширкке алып баруучу себептерден болуп саналат. Аллах Тааладан башкага сыйынуу ширк болот жана аны кылган адам Тозокко түшөт. Ал эми өзүн мусулманмын деп эсептеген адам ширктен эле сактанбастан, ага алып баруучу себептерден да сактанат.

Азыркы күндө диний илим алган же мечиттин имамы болгон кээ бир адамдардын бул майрамга шериктеш болгондорун көрүп таң каласың. Мусулмандар үчүн каапырлардын майрамын майрамдоого жана аларды ээрчүүгө кескин тыюу салынган. Бирок тилекке каршы көпчүлүк мусулмандардын бул айтылган сөздүн маани-маңызын түшүнбөстөн жаңы жылды майрамдаганы жана анысы аз келгенсип ак дасторкон үстүндө арак-шараптар суудай агып, жашы-карысы дебей уят сыйды жыйыштырып таң аткыча бийлешип, тойлошуп күнөөгө батканы кейиштүү. Бир эле жаңы жыл үчүн канчалаган ресторан-кафелер алдын ала брондолуп, ал эми ресторанга акчасы жетпегендер үчүн телевидение аркылуу “көгүлтүр от” телеберүүсү көрсөтүлүп, жадагалса бала бакчаларда, мектептерде конкурстар уюштурулат.

Алардан эмнеге мындай кылып жатасыңар деп сурасаң, эмнеге кылып жатканын өзү деле билбейт. Сааттын жебеси 12:00 болгондугу үчүн эле ушунчалык аракка тоюп, таң аткыча бийлеп-тойлоонун себептүү жөнү барбы?! Мындай кылык-жоруктар ыйманды, абийирди, уят-намысты биринчи орунга койгон мусулманга жарашабы?! Дегеле жаңы жылдан кандай пайда бар?!

Балким алар “жаңы жыл мурдатан майрамдалып келаткан салт болуп калган” деп жооп бериши мүмкүн. А салт дегендин өзү эмне? Мейли, бул майрам каапырлерге ата-бабаларынан салт болуп муундан-муунга өтүп келе жаткандыр, а мусулмандарга бул салттын кандай тиешеси бар?! Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, өзүнүн хадисинде мындай деп айтты:
«Кимде-ким өзүн кандайдыр бир коомго окшотсо, анда ал ошолордон». (Имам Абу Дауд)

Ибну Касир айтты: «Мусулман үчүн каапырлердин мындай майрамы болобу же салттуу майрамы болобу же алардын ибадаттарында болобу, аларга окшошууга болбойт. Анткени Аллах Таала Пайгамбарлардын мөөрү болгон Мухаммад, саллаллаху алейхи уа саллам, аркылуу бул үммөттү урматтуу кылды жана ага кемчиликсиз, туура жана баарын өзүнө камтыган улуу динди Шарият кылды». (“аль-Бидаяту уа ан-Нихая”)

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КҮНӨӨЛӨР

Жаңы жыл күнү Аллахка карата кылынган кээбир негиздүү чөң күнөөлөрдү айта турган болсок:

• Ширк күнөөсү
Азыркы ата-энелер балдарын тили чыккандан баштап Аллах Тааладан башкага тилек кылууга үйрөтөт. Мисалы, адамдар ойлоп тапкан аяз атага же санта клауска кат жаз же ичиңден тилек кылсаң, ал сага каалаган белегиңди алып келет деп жаштайынан ширк кылууга жана жалган айтууга үйрөтөт. Ушуга окшогон себептерден улам наристенин ыйманга негизделген табияты Аллахка болгон ыйманга эмес, кичинесинен жалганга же бутпарастык ырым-жырымдарга толот.
Көпчүлүк ата-энелер балдарын Аллах Таалага ыйман келтирип, Ага гана ибадат кылууну, чынчыл жана ыймандуу болууну үйрөткөндүн ордуна, кайдагы жомокко айланган, жонуна кап артынган кызыл мурун аяз аталарын айтып алдашат. Ал эми мектептерде жана бала бакчаларда болсо алардан мажбурлуу түрдө чогулткан акчага белектер алынып, ошол эле акчага аяз ата, аяз кыз жалдашып, жаш балдарды балатыны айлантып “аяз ата келиңиз, бизге белек бериңиз!” деп кыйкыргыла деп тилек айттырат. Эгерде жаш наристени чындык менен жалганды айырмалабаган курагынан күнөө кылууга үйрөтсөк, анда келечекте андан кандай адамды күтүүгө болот.

• Каабадан башканы таваф кылуу
Жаш балдардын жаңы жылдык балатыны айланып ырдаганы, бийлегени жана тилек кылганы – аны таваф кылганга барабар. Мындай кылуу мурдагы бутпарас диндерден калган ырым-жырымга жатат жана Аллах Таала жаман көргөн иштерден болуп саналат.
Ислам дининде Каабаны гана таваф кылууга уруксат берилген. Каабадан башка нерсени таваф кылуу чоң күнөөлөрдөн. Каабадан башка кабыр болобу же дарак болобу же балаты болобу, таваф кылуу ширк болуп саналат.


https://whatsapp.com/channel/0029VacYTcQ7Noa6PaWby82c


ЖАҢЫ ЖЫЛДЫН ИСЛАМДАГЫ ӨКҮМҮ


Жыл сайын так ушул учурда декабрь айы аяктаарда телевидение, радио жана басма сөз аркылуу “Жаңы жылды” тосууга карата ар кандай үгүт иштери күч алганын байкабаган адам жоктур. Азыркы күндөгү кыргыз үчүн жаңы жылды тосуу жаңылык деле болбой калды окшойт. Жаңы жыл жеке эле Кыргызстанда эмес, жадагалса мусулман өлкөлөрүндө да салттуу майрамга айланып баратат. Кайсыл жерге барбагын, кимисине жолукпагын, жашы-карысы дебей жаңы жылды тособуз деп жанталашып жүгүрүп жүргөнүн көрөсүң. Көчөгө чыксаң да, автобуска отурсаң да түрлүү-түрлүү “жаңы жылдык” жаңырыктарды уга берип тажайсың. Муну менен эле чектелип калбастан, жаңы жылдын шылтоосу менен атайын майрамдык шан-шөөкөттөр уюштурулуп, алдын ала ресторан-кафелер брондолуп, өмүрү кооздолбогон көчөлөр, үйлөр кооздолуп калат.

Бүгүнкү күндө кыбыр эткен кыргыздын бири да калбай жаңы жылга ушундай денгээлде даярданганын көрүп, бул майрам кайдан келген, ата-бабаларыбыз да майрамдашты бекен, дегеле кылымдар бою Ислам динин тутунуп келген кыргыз элине бул майрамдын канчалык денгээлде тиешеси бар деген суроолор ойлондурбай койбойт. Же кыргыз элинин муундан-муунга өтүп келген диний ишеними, салт-санаасы, үрп-адаттары азыркы учурдун адамдарын кызыктырбай калганбы?! Же ата-бабаларыбыз кылымдар бою көздүн карегиндей сактап тутунуп келген Ислам динин, руханий байлыктарын, үрп-адаттарын бир кылымга жеткирбей эле чанып кетебизби?!

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бизге анын үммөтүнөн бир топ адамдар жөөттөр менен христиандарды ээрчип, аларды бардык нерседе туурашат деп алдын ала айтып кеткен. Абу Саид аль-Худри риваят кылды, Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Силер өзүңөрдөн мурункулардын жолун карышын карыштай, сөзсүз ээрчийсиңер. Жадагалса алар кескелдириктин уясына кирсе, силер да алардын артынан киресиңер».

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, 1400 жыл мурун айткан бул сөзүн бүгүнкү күндө өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Кээ бир адамдарга таң калыштуу болушу мүмкүн, бирок чыныгы мусулман үчүн бул жаңылык эмес. Анткени ал чын жүрөктөн Аллахка ыйман келтирип, кыйынчылыктарга карабастан Анын динин бекем карманат. Балким мындай сөздөр анын Аллах Таалага жана Мухаммад пайгамбарга болгон ыйманын жана сүйүүсүн күчөтөт. Мусулман адамдын ыйманы тоодой бекем жана адамзаттын табиятына каршы келген негизсиз идеологияларды тутунуудан дайым алыс.

Ал эми коомдун агымына туруштук бералбай, өзүнүн диний милдеттерин аткармак турсун аны билүүгө да аракет кылбастан башкаларды тотукуштай туурап өзүнүн динин, ыйманын, ар намысын, уяттуулугун жарыбаган дүнүйөгө саткан мусулмандарды кандай мүнөздөсөк болот?! Же базар экономикасы деп эле ыйманыбызды да сатып жиберебизби?! Же бүгүнтөн баштап өзүбүздүн мусулман деген атыбызды жаманатты кылбай Ислам динин терең окуп үйрөнүп, аны менен жашоого умтулабызбы?!

ЭМИ ЖАҢЫ ЖЫЛ ТУУРАЛУУ

Эгерде мен сизден “жаңы жыл” деген эмне майрам деп сурасам, сиз мага таң калышыңыз мүмкүн. Же мени акыл-эсиң ордундабы же тоодон түштүңбү же такыр эле артта калгансың го деп табаңыз канганча тамашалооңуз мүмкүн. А бирок ошол эле учурда сизден жаңы жыл качан пайда болгон, ким тарабынан киргизилген, кандай максатта жана кимдер майрамдашкан деп сурасам, сиздин жообуңуз дайынбы же мен да сизди “Мени тамашалап койосуз, көрсө өзүңүз билбейт турбайсызбы?!” деп уяткарып жатсам, кандай абалда болосуз. Чын эле жаңы жыл деген майрамдын кыргыздарга, дегеле жалпы мусулмандарга канчалык денгээлде тиешеси бар деген суроо туулат.

Жаңы жылдын качан, кайда, эмнеге жана ким тарабынан түзүлгөндүгү туурасында “дүйнөлүк энциклопедияда”айтылат: «Жыл башы 1-январдан башталат деп биздин заманга чейин 46-жылы Рим императору Юлий Цезарь тарабынан киргизилген. Байыркы Римде бул күн – тандоонун, кириш чыгыштын, башталыш бүтүштүн кудайчасы Януска арналган. Январь айы Янус кудайчасынын атынан аталган. Анын эки жүзү болгон, бири – алдын, экинчиси – артын карап турган...».

ИСЛАМ ДИНИНДЕ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫН ӨКҮМҮ








Исламдагы эң чоң күнөө кайсы?
Опрос
  •   Ширк (Аллахка шерик кошуу)
  •   Арак ичүү
  •   Намазды таштоо
  •   Ата - Энесин нааразы кылуу
73 голосов


*НИСА СҮРӨСҮНҮН 48-АЯТЫ*

{ إِنَّ ٱللَّهَ لَا یَغۡفِرُ أَن یُشۡرَكَ بِهِۦ وَیَغۡفِرُ مَا دُونَ ذَ ⁠لِكَ لِمَن یَشَاۤءُۚ وَمَن یُشۡرِكۡ بِٱللَّهِ فَقَدِ ٱفۡتَرَىٰۤ إِثۡمًا عَظِیمًا}
Аллах таала айтты:
*“Чындыгында, Аллах Өзүнө шерик кылынган иш аракеттерди кечирбейт. Андан башка күнөөлөрдү каалаган пендеси үчүн кечирет. Ким Аллахка ширк келтирген болсо, анда ал чоң күнөө ойлоп тааптыр!”.* (ниса, 48)

*АЯАТТЫН ТҮШҮҮ СЕБЕБИ*

عن عبد الله بن عمر رضى الله عنهما، قال: كنَّا نُمْسِكُ عنِ الاستغفارِ لأهلِ الكبائرِ حتى سمعْنا رسولَ اللهِ صلَّى اللهُ عليه وسلَّم يقولُ: {ِإنَّ ٱللَّهَ لَا یَغۡفِرُ أَن یُشۡرَكَ بِهِۦ وَیَغۡفِرُ مَا دُونَ ذَ ⁠لِكَ لِمَن یَشَاۤءُۚ وَمَن یُشۡرِكۡ بِٱللَّهِ فَقَدِ ٱفۡتَرَىٰۤ إِثۡمًا عَظِیمًا} قال النبي صلى الله عليه و سلم: "إني ادَّخَرْتُ دَعْوَتِي شفَاعَة لِأَهْلِ الكبائرِ من أُمَّتِي" قال: فَأَمْسَكْنا عن كثيرٍ مما كان في أنفُسِنا، ثم نطَقْنا بعدُ ورَجَوْنَا.
Абдуллах ибн Умар, радыяллаху анхума айтты: “Биз Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахтын бул аятын бизге айтып бергенге чейин чоң күнөө кылгандар үчүн кечирим суроодон карманат элек: *“Чындыгында, Аллах Өзүнө шерик кылынган иш аракеттерди кечирбейт. Андан башка күнөөлөрдү каалаган пендеси үчүн кечирет. Ким Аллахка ширк келтирген болсо, анда ал чоң күнөө ойлоп тааптыр!”.* Пайгамбарыбыз, саллаллаху алайхи уа саллам, айтты: “Мен өз үммөтүмдүн чоң күнөө кылгандарына шапаат кылуу үчүн дубамды кыяматка калтырдым”. Абдуллах айтты: Чоң күнөө кылуучуларды Аллах кечирбейт деген ойдон кайттык, чоң күнөө кылган адамдарга дуба кылып, Аллах күүнөөлөрүн кечиришине үмүт кылдык”. (Баззар, 5813. Абу Йалаа, 5840).

*ХАДИСТЕН АЛЫНГАН ПАЙДАЛАР*

1. Чоң кунөөлөр мусулман адамды динден чыгарбайт.
2. Мусулман адам дин иштеринде качан дин аалымдарынан сурап тактаганга чейин бир чечим чыгаруудан алыс болуш керек.


Мухаммед, саллаллаху алейхи уа саллам, кайсыл уруудан болгон?
Опрос
  •   Курейш
  •   Хоззрож
  •   Аус
  •   Бану Асад
102 голосов




*ЭҢ МЫКТЫ ҮЛГҮ – ПАЙГАМБАР*

*ПАЙГАМБАР СҮЙЛӨӨДӨ, УНЧУКПООДА, КҮЛҮҮДӨ ЖАНА ЫЙЛООДО ҮЛГҮ*

Пайгамбар сүйлөгөндө ачыктап сүйлөйт эле. Эсте калбай турган кылып өтө бат сүйлөбөйт эле. Ошондой эле ар бир сөздөн кийин тыныгып, сөздөрүн бөлүп сүйлөбөйт эле. Өтө тез эмес, өтө созбой, орточо эң мыкты абалда сүйлөйт эле. Кээде сөзү түшүнүктүү болуш үчүн үч жолу сөзүн кайталап сүйлөйт эле.

Аз сүйлөйт эле. Муктаждык болгондо гана сүйлөйт эле. Кыска, маанилүү жана жеткиликтүү сүйлөйт эле. Өзүнө тиешелүү болбогон серседе сүйлөбөйт эле. Сооп үмүт кылган нерседе гана сүйлөйт эле. Бир нерсени жактырбаса, жүзүнөн билинчү.

Көбүнчө жылмайып гана күлчү. Дээрлик бардык эле күлүүсү жылмаюу болчу. Эң эле катуу күлгөндө азуу тиштери көрүнчү.

Күлкүлүү болгон нерсеге күлөт эле. Кезигүүсү сергек болгон, таң калыштуу нерселерге күлөт эле.

Ыйлоосу дагы күлүүсүнө окшош эле: үнүн катуу көтөрүп, өкүрүп ыйлабайт эле, каткырып күлбөгөнү сымал. Бирок эки көзүнөн жаш токтогончо жашыйт эле. Көкүрөгүнөн аарынын үнүндөй үн угулат эле.

Кээде өлгөн адамга мээримин төгүп ыйлайт эле. Кээде үммөтүнүн абалынан коркуп ыйлайт эле. Кээде Аллахтан коркуп ыйлайт эле. Кээде Куранды укканда ыйлайт эле. Бул ый сагынычтын, сүйүүнүн, урматтоонун ыйы эле. Коркуу менен бирге чыккан ый эле. Баласы Ибрахим өлгөндө эки көзү жашка толуп, ырайымы төгүлүп ыйлаган. Ошондой эле небере кызынын жан берип жатканын көрүп ыйлаган.


Мамашарип уулу Н.


*Ассаламу алейкум, урматтуу достор!*

Биздин Телеграм тобубуздун аты "Ислам Онлайн KG" болгон, бирок бүгүнкү күндөн тарта биз аны "Кеме Медиа" деп өзгөрттүк.

Бул өзгөртүүнүн максаты — сиздерге жаңы форматтагы жана кеңири мазмундагы маалыматтарды жеткирүү. "Кеме Медиа" бул ар кандай тармактагы актуалдуу маалыматтарды, исламий билимдерди жана күнүмдүк жашоодо пайдасы тийүүчү пайдалы кеңештерди берүүчү платформага айланат. Биздин негизги максат — ар бириңиздердин билим деңгээлиңиздерди көтөрүп, коомго пайдалуу маалыматтарды таратуу.

Эми, "Кеме Медиа" аркылуу сиздер:
- Ислам динине байланыштуу китептердеги кызыктуу маселелерден жана кеңири маалыматтардан кабардар болосуздар.
- Ислам динине байланыштуу маанилүү жана актуалдуу маалыматтарды ала аласыздар.
- Күнүмдүк жашоодо пайдалуу кеңештер менен бөлүшөбүз.
- Жаңы форматтагы, кызыктуу жана таасирдүү контентти окуп, аны тирүү турмушка киргизе аласыздар.
Биздин максат — биргелешип илим-билим алып, коомду жакшыртууга салым кошуу. Кеме Медиа аркылуу биз сиздерге жаңыланган жана кеңири мазмундагы маалыматтарды тартуулап, сапаттуу жана таасирдүү контент менен бөлүшөбүз. Келгиле, биргелешип жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачалы жана коомду татыктуу жакшыртууга үлүш кошолу!

"Кеме Медиа" — бул илим-билимдин, туура маалыматтын жана коомдук өнүгүүнүн жаңы жолуна карай багытталган кадам.

Рахмат, сиздердин катышууңуздар биз үчүн чоң мааниге ээ!


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Этикаф деген эмне?
Опрос
  •   Этикаф бул –Рамазанда түнкү намазды калтырбай окуу.
  •   Этикаф бул Рамазанда Куранды бир жолу окуп чыгуу.
  •   Этикаф бул – Рамазандын акыркы он күнүндө мечиттен чыкпай ибадат кылуу.
109 голосов


Этикаф – Куранды окуу, намаз окуу, зикир кылуу, дуба жана башка да ибадаттарды бириктире турган ибадат. Этикафтын кыйынчылыгын бул ибадатты кылып көргөн гана адам билет. Бул ибадатты чын ыклас, чын ниет менен кылам деген адамга Аллах жардам берет.

5⃣ Рамазан умрасы

Хадисте: “Рамазанда умра кылуу ажылыкка тең келет” – деп келген. (Бухари, Муслим)
Мына ошондуктан да мусулман адам өзгөчө Рамазан айында умра кылууга аракет кылуусу керек. Анткени ага ажылык кылгандай сооп берилет.

6⃣ Кадыр түн

Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам: “Кимде-ким Кадыр түнүн ыйман менен жана сообун үмүт кылып өткөрө турган болсо, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет” – деп айткан. (Бухари, Муслим)
Аллахтын элчиси жана сахабалар Кадыр түндү издешип Рамазандын акыркы он түнүн көп ибадат кылуу менен өткөрүшөт эле. Бул күндүн жакшылыгынан куру калган адам эң чоң жакшылыктан куру калган адам болуп эсептелинет.

7⃣ Дуба менен истигфарды көп айтуу

Рамазан айынын ар бир убактысы эң кынбат, табылгыс убакыт. Мына ошондуктан бул убакытты кадырлай билүү керек. Бул айдын ар убактында көп-көп дуба тилектерди кылуу зарыл. Өзгөчө мына ушул убакыттарга көбүрөөк маани берүү керек:
1. Ооз ачардагы убакыт. Орозо кармаган адамдын ооз ачар алдында кылган дубасы кайтарылбайт.
2. Түндүн акыркы үчтөн бир бөлүгү.
3. Ооз жабар учурундагы убакыт.

8⃣ Туугандар менен мамилени күчөтүү

Мусулман адам бул айда туугандык мамилени күчөйтүүгө өзгөчө маани берүүсү керек. Анткени бул да чоң сооптуу иштерден.
Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: Мен Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын: “Кимде-ким ырыскысы кең жана өмүрү узун болуусун кааласа, анда туугандык карым-катнашта болсун”. (Бухари)
Туугандар менен жылуу мамиледе болуу – көркөм мүнөздүүлүк. Ал эми алардан туугандык мамилени үзүү – чоң күнөөлөрдөн. Ыйык Курандын он тогуз аятында Аллах таала адамдарды туугандар менен жакшы мамиледе болууга чакырат. Ал эми үч аятында туугандык байланышты үзгөндөргө наалат жана акыретте аларга азап болоору айтылат.
Туугандык мамиле эң азында учур-учуру менен салам берип, ден-соолук сурап туруу менен болот.

✍ Ильяс Рыскулов

Показано 20 последних публикаций.