• Алкоголь, тамеки жана маңзат
Кээ бир үй-бүлөлөр жаңы жылды тосуу үчүн жашиктеп арак алышат. Жаңы жылга карата арак-шарапты өндүрүү эселеп көбөйөт. Ушул сыяктуу эле тамекинин, маңзаттын сатыгы да күч алат. Мына ушуга окшогон харам нерселерге дасторкондор толуп, арак-шараптар суудай куюлат. Жадагалса балдарына да шампан, пиводон ооз тийдирип, алардын көзүнчө арак ичип, аларды тырнактайынан “культурный алкаш” болууга даярдайт. Үй ичи тамакенин, арактын жытына толот. Ал жерде отурган ата-энесинин, коноктордун, туугандарынын, коңшуларынын аракка кызып алып кылган иштерин, сүйлөгөн сөздөрүн, жүрүм-турумун көргөн балдары – бул көрүнүштү адаттагыдай көрүнүш катары кабыл алат. Балким кээ бир үй-бүлөлөрдө ашыкча мастыктын айынан мушташ чыгып, майрам арты ыйга айланган учурлар да жок эмес.
• Музыка, бий ж.б.
Ислам дининде музыкага тыюу салынган. Бул туурасында көптөгөн аяттар жана хадистер айтылган. Эгерде музыкага тыюу салынган болсо, анда анын коштоосундагы бийлөө туурасында айтпаса да белгилүү. Мындай кылуу күнөө болуп саналат жана көптөгөн күнөөлөрдү кылууга түртөт.
Жаңы жылда акчалуулар үчүн эсепсиз концерттер уюштурулат. Демейде энеси жалгыз жибербеген кызын жаңы жылдык концертке жиберип, ал кызы таң атканга чейин кимдер менен жолугуп, кимдер менен отурганы менен такыр иши жок. Жаңы жыл жашоого олуттуу карабаган кыз-жигиттер үчүн чогулуп отурууга бирден бир чоң себептерден. Эгерде кыз-жигит жалгыз калып, анысы аз келгенсип арактан ууртап алган болсо, анда алардын арасын шайтан аралап зынаа кылууга азгырат. Азыркы күндө зордуктоолор, никесиз төрөлгөн балдар, таштанды ымыркайлар, аборт кылдыргандар күн санап көбөйүүдө. Балким мунун көбөйүүсүнө жаңы жыл дагы өз салымын кошуп жаткандыр.
• Кылмыштуулуктун көбөйүүсү
Жаңы жыл түнү акылы кеткенче арак ичкендин айынан канчалаган кылмыш иштери катталат. Бул кылмыш иштерин жашырбаса деле баарына белгилүү. Мастыктын айынан өлтүрүү же зордуктоо же массалык муштаж же жол кырсыгына кабылган учурлар жаңы жыл түнү өзгөчө көп болот. Мына ушунун баары салттуу жакшынакай жаңы жыл майрамында болот.
Жаңы жыл түнү көчөгө чыгуу ар бир адам үчүн коркунучтуу. Анткени көчөдөгү сөзгө-кепке келбеген жаштар, мастар өтө көп. Ал эми борбордук аянттагы балатынын айланысында маал-маалы менен себепсиз мушташтар, чыр-чатактар чыгып турат.
ЖЫЙЫНТЫК
Бул айтылган сөздөр чыныгы жашоодо болуп жаткан жаңы жылдык көрүнүштөрдүн кыска гана бөлүгүн камтышы мүмкүн. Жаңы жылда биз билбеген мындан башка канчалаган күнөөлөр кылынганы жалгыз гана Аллахка белгилүү.
Адам баласына өмүр бир гана жолу берилет. Эгерде азыр туура ой жүгүртүп, акыйкатка кайтам, туура жолго түшөм десеңиз, дагы да болсо кеч эмес. Аллах Таала кечиримдүү. Эгерде пенде чын жүрөктөн ыйман тилеп, мындан ары күнөөдөн алыс болуп жашаймын деп Аллахка кайткан болсо, анда Аллах Таала анын жашоосун жакшы жолго салып койот.
Ошондуктан ар бир адам өмүрүн Аллах Таалага ибадат кылып, жеке жана айланасындагы адамдарга пайда алып келе тургандай денгээлде өткөрүүсү зарыл. Ислам дини гана жашоонун бардык тарабын камтыган жана адам баласына эмне пайдалуу, эмне зыян экендигин ачык көргөзгөн акыйкат дин. Эгерде ким дин менен жашаган болсо, ал жеке эле өзүн бактылуу кылбастан, анын айланасындагы адамдарга көптөгөн пайдаларды алып келет.
Аллах Таала Өзүнүн ыйман келтирген пенделерине диний жана дүйнө иштеринде жардам көргөзүп, аларга зыян тийгизген иштерден тыйып, эки дүйнөдө бактылуу болушуна шарт түзөт. Ислам дини – Аллах Тааланын адамзатка көрсөткөн ырайымы, жакшылыгы жана берекеси. Кимде-ким Аллахтын динин ээрчип, туура жолду тандаса, анда ал эки дүйнө бактылуулугуна жетип, чыныгы бактылуулукта жашайт.
Бул туурасында Аллах Таала Ыйык Куранда мындай деп айткан:
«Эркек болобу, аял болобу, кимде-ким ыймандуу болуп жакшы иштерди кылса, анда Биз ага сөзсүз жакшы жашоону беребиз жана алардын кылган иштерине сөзсүз андан да артык соопторду ыйгарабыз». Нахл сүрөөсү (16:97)
Ал эми Курандын башка бир аятында Аллах Таала мындай деп эскерткен:
«Ким Менин эскертмемден (Курандан) баш тартса, анда албетте ал үчүн машакаттуу тар жашоо болот». Таха сүрөөсү (20:124)