Витр намазында айтылуучу кунут дубасы
Кунут дубасын витир намазында окуунун өкүмү сүннөт.
Буга далил:
Хасан ибн Али (Аллах андан раазы болсун)айтат:
"Аллахтын Элчиси ﷺ мага ушундай бир сөздөрдү үйрөттү, мен ал дубаны витр намазында айтамын".
Абу Дауд 1425, Тирмизи 464, Насаий 1745
Шейх Албани, Арнаут сахих дешкен.
Кунут дубасын дайыма айтуу сүннөтбү?
Илим ээлери айтышат:
Кунут дубасын витир намазында кээде айтып кээде айтбоо сүннөт себеби ушул маселеде Аиша энебизден, Убайдан жана Абдуллах ибн Аббастан келген хадистердин баарын жыйнап карай турган болсок Аллахтын Элчиси ﷺ кунут дубасын кээде окуп кээде окубаганын түшүнөбүз эгерде дайыма окуганда бул нерсе сахабаларга белгилүү болуп аны бизге жеткиришмек деп айтышкан.
Кунут дубасы кайсыл жерде айтылат?
Кунут дубасын витир намазынын эң акыркы рекетинин рукусунан кийин айтуу сүннөт, бирок рукунун алдында айтса да уруксат.
Буга далил:
Абдурахман ибн Абдул-Коори (Аллах аны өз ырайымына алсын) айтат:
"Аллахтын Элчисинин ﷺ сахабалары витир намазында рукудан кийин кунут дубасын айтышып андан кийин сажда кылышат эле."
📚 Хузайма 1100.
Албани сахих деген.
Абу Рофи' (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
"Мен Умар ибн Хаттаб менен витр намазын окуганымда кунут дубасын рукудан кийин кылганын көрдүм."
📚 Мусаннаф 4980.
Байхакий сахих деген.
'Аууам ибн Хамза (Аллах аны өз ырайымына алсын) айтат:
"Мен Абу Усмандан кунут дубасы кайсыл жерде айтыларын сураганымда ал мага Абу Бакир, Умар ибн Хаттаб жана Осман ибн Аффан рукудан кийин айтышат эле деп жооп берди."
📚 Ибн Аби Шайба (2/312)
Албани хасан деген.
Ал эми рукудан кийин да айтса уруксат экенине далил:
Анас ибн Малик (Аллах андан раазы болсун) айтат: "Биз кунут дубасын рукунун алдында да жана рукудан кийин да айтчу элек."
📚 Ибн Мажах 1183.
Кунут дубсын айтууда эки кол көтөрүлөбү же жокпу?
Ибн Мунзир (рохимахуллоху) айтат:
"Умар ибн Хаттаб, Абдуллах ибн Мас'уд жана Абдуллах ибн Аббас, кунут дубасын айтканда колдорун көтөргөн абалда айткандары тууралуу сахих асарлар келген."
📚 Ал-Ишроф (2/273).
Шейх Усеймин рохимахуллох айтат:
"Аллахтын элчиси мусулмандарга кыйынчылык жеткен учурларда окуган намаздарда дуба кылганда колун көтөрүп дуба кылганы жана Умардын витр намазында колун көтөргөнү тууралуу асарлар жеткен ошондуктан имамга, имамга уйуган адамга жана жалгыз окуган мусулман үчүн кунут дубасын айтууда эки колун көтөрүү сүннөт."
📚 Мажмуу' ал-фатаауа (14/136).
Кунут дубалары
Биринчи дуба:
اللَّهُمَّ اهْدِنِي فِيمَنْ هَدَيْتَ، وَعَافِنِي فِيمَنْ عَافَيْتَ، وَتَوَلَّنِي فِيمَنْ تَوَلَّيْتَ، وَبَارِكْ لِي فِيمَا أَعْطَيْتَ، وَقِنِي شَرَّ مَا قَضَيْتَ، إِنَّكَ تَقْضِي وَلَا يُقْضَى عَلَيْكَ، وَإِنَّهُ لَا يَذِلُّ مَنْ وَالَيْتَ، وَلَا يَعِزُّ مَنْ عَادَيْتَ، تَبَارَكْتَ رَبَّنَا وَتَعَالَيْتَ
Аллахумма-хдинии фийман хадайта, уа‘аафинии фийман‘аафайта, уа тауаллани фийман тауаллайта, уа баарик-лии фийма а'тойта, уа кинии шарро маа кодайта, иннака такди уа лаа йукдоо 'алайка, уа иннаху лаа йазиллу ман уаалайта, уа лаа йа'иззу ман 'аадайта, табаарокта Раббана уа та'аалайта.
Мааниси:
Оо Аллахым, мени туура жолго баштап хидаят берген кулдарыңан кылгын!
Мага саламатык берип, баардык оорулардан саламатта болгон кулдарыңан кылгын!
Мени Өзүңө жыкын кул тутуп, Өзүң сактап, колдоп, башкарган кулдарыңан кылгын!
Мага Өзүң берген нээматтарыңа береке бергин! Жазылган жаман тагдырдан сакта!
Сен кулдарыңа Өзүң (каалагандай) өкүм кыласың, сенин үстүңөн эч ким өкүм жүргүзө албайт.
Сен кимди Өзүңө жакын тутсаң - ал эч качан кор болбойт. Сен кимди душман тутсаң - ал эч качан ызаттуу болбойт. Оо Роббим, Сен өтө көп жакшылык, береке ээси жана бийик болгон улук затсың
Экинчи дуба
اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِرِضَاكَ مِنْ سَخَطِكَ ، وَبِمُعَافَاتِكَ مِنْ عُقُوبَتِكَ ، وَأَعُوذُ بِكَ مِنْكَ ، لَا أُحْصِي ثَنَاءً عَلَيْكَ ، أَنْتَ كَمَا أَثْنَيْتَ عَلَى نَفْسِكَ .
Аллахумма инни а'уузу би-ридоока мин сахотика уа би-му'аафатика мин 'укуубатика уа а'уузу бика минка лаа уксии санаа-ан 'алайка анта кама аснайта 'алаа нафсика