Төртүнчү сыпаты
Он жолу Субханаллах, он жолу АльхамдуЛиллах жана он жолу Аллоху акбар деп айтуу
Буга далил:
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
"Кедей мусулмандар Аллахтын Элчисине келишип:
-Оо Аллахтын Элчиси, колунда барлар биз сыяктуу эле намаз окушуп, жихад кылышып, бирок алардын акчалары болгон себептүү (хаж, умра, жихадга жардам берүү жана садака берүү аркылуу) бизден озүп кетип жатышат. Ал эми биздин андай кылууга мал-мүлкүбүз жок дешкенде, Аллахтын Элчиси:
- Мен силерге бир амалдан кабар берейинби? Эгер ага амал кылсаңар өзүңөрдөн артта келе жаткандардан озуп, алдыда кетип жаткандарга кууп жетесиңер. Эгерде алар ушуга амал кылышпаган болсо - деп, ал нерсе Ар бир парыз намаздын артында он жолу субханаллах, он жолу АльхамдулиЛлах жана он жолу Аллах акбар деп тасбих айтууңар деди"
📚Бухари 6329
Төрт түрлүү тасбихтин эң жакшысы кайсыл?
Бул зикирлердин кайсынысы жакшы деген маселеде илим ээлери ар түрдүү пикирлерди айтышкан. Кээ бир ааламдар Абу Хурайранын хадисиндеги отуз үч жолудан келгени жакшы, себеби анда Аллакка отуз үч жолудан токсон тогуз жолу тасбих айтылып, артынан лаа илааха иллаллох ... деп айтылат деп айтышса, кээ бир ааламдар Зайд ибн Сабиттин хадисинде келген үчүнчү сыпаты жакшыраак дешет. Себеби анда жыйырма бештен Аллахка төрт түрлүү тасбих айтылса, анын ичинде зикирдин эң жакшысы болгон лаа илааха иллаллоху жыйырма беш жолу айтылат. Башкасында бул бир жолу айтылса кээ биринде такыр айтылбай деп айтышкан.
Зикирлер кандай айтылат?
Ахли сунна аалымдары: Намаздан кийин айтылуучу зикирлер сахих хадистерде төрт түрлүү болуп келген, мусулман ушул төрт түрүнүн жакшысына амал кыла берет, бирок башка сүннөттөрдүн дагы сообуна жетүү үчүн кээде бул түрүнө, кээде тигил түрүнө алмашып амал кыла берсе болот, бул динибиздин бизге берген чоң жеңилдиги дешкен.
Шейх Усеймин (рохимахуллох) айтат:
"Мусулман кээде зикирлердин алмаштырып турганы ыкласына да жакшы болот, себеби бир зикирди дайыма айтчу болсо тили үйрөнүп калгандыктан апараттай болуп көңүлү башка жака кетип калышы толук мүмкүн жана ошондой эле мусулман шашпаган учурда отуз үчтүгүнө амал кылып жүрсө муктаждыгы болуп убактысы таар болгон учурда ондугуна амал кылса сүннөттү таштабай бул түрүнө да амал кылган болот."
🖋️Талас Артыкбаев
t.me/islamtaanuu
Макаланы башкаларга бөлүшүп жакшылыкка себепчи болуңуздар.