СУРОО - ЖООП


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


✅ Урматтуу катталуучу! Кызыктуу суроо-жооп каналына кош келиңиз!
💠 Өзүңүздүн ислам дининдеги илим деңгээлиңизди текшериңиз!
💡 Диндик сабатыңызды арттырыңыз!
❓Күн сайын жаңы суроолор жана алардын туура жооптору!
Сунуш - пикирлер үчүн @SuroooBot

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


📜Сабактын темасы:

Бейиштеги кур кыздардын сыпаттары кандай?

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!


📜Сабактын темасы:

Бейиште момундар үчүн даярдалган нээматтар кандай?

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!


📜Сабактын темасы:

Үч негиз китебинен болгон суроо-жооптор

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!


Репост из: ИСЛАМ ТААНУУ
Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
📜Сабактын темасы:

Исламда аялдар жүздөрүн жабуу барбы?

👉 t.me/islamtaanuu

Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!


Төртүнчү

Аллахты зикир кылып жатуу


Али ибн Аби Толиб риваят кылган хадисте Аллахтын Элчисинин кызы Фатима Алиге жардам берип үйүндө жаргылчак тарткандыктан колу чор болуп жардамчы сурап Аллахтын Элчисине келет, атасын үйүнөн таппай, кийин Аллахтын Элчиси кызынын келгенин угат да Алинин үйүнө барып Али менен Фатима кызына мындай деп айтат:
- Силер сураган кызматчыдан да жакшыраак нерсе үйрөтөйүнбү? Силер төшөкө жатардын алдында отуз үч жолу Субханаллах, отуз үч жолу Алхамдулиллах жана отуз төрт жолу Аллоху Акбар деп зикир кылып жатууңар - силер сураган кызматчыдан да жакшыраак",-деп айтат.

📚Бухари 5362

Аалымдар: Кимде ким бул зикирди жатарда дайыма айтып жүрчү болсо - ал адам чарчоого чалдыкпайт деп айтышкан.


Бешинчи


Даарат алып оң каптал менен жатуу

Баро ибн Азибтен риваят, Аллахтын Элчиси:
"Эгерде уктоону кааласаң намазга даарат алганыңдай даарат алып андан соң оң капталың менен жаткын"-, деди

📚Бухари 247


Көмкөрүсүнөн жатса болобу?


Абу Хурайра риваят кылып айтат: "Аллахтын Элчиси көмкөрөсүнөн жаткан бир адамды көрүп, ага:
- Оо баланча мындай жатууну Аллах жакшы көрбөйт"-, деди.

📚Тирмизи 2768
Албани
Ахмад Шакир сахих дешкен



Абу Зар риваят кылып айтат: "Аллахтын Элчиси мени мечитте көмкөрөмдөн уктап жатканымды көрүп, Оо Абу Зар, бул жатыш тозок ээлеринин жатышы деп айтты"

📚Ибн Мажах 3724
Албани сахих деген


Алтынчы

Дубасын айтуу


Хузайфа ибн Яман (Аллах андан раазы болсун) айтат:
"Аллахтын Элчиси жатуу үчүн төшөгүнө барганда "Аллахумма бисмика амууту уа ахйаа"",- деп айтаар эле.

📚Бухари 6312


اللَّهُمَّ بِاسْمِكَ أَمُوتُ وَأَحْيَا


Аллахумма бисмика амууту уа ахйаа

Оо Аллахым, өзүңдүн атың менен уктап, өзүңдүн атың менен ойгономун


Уйкудан ойгонгондо айтылуучу дуба

Хузайфа ибн Яман (Аллах андан раазы болсун) айтат:

"Аллахтын Элчиси уйкудан ойгонсо "Алхамду лиллахил-лазии ахйаанаа ба'дама амаатанаа уа илайхин-нушуур",- деп айтаар эле.

📚Бухари 6314


الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي أَحْيَانَا بَعْدَمَا أَمَاتَنَا وَإِلَيْهِ النُّشُورُ

Алхамду лиллахил-лазии ахйаанаа ба'дама амаатанаа уа илайхин-нушуур


Бизди уктаткандан кийин кайра (рухубузду кайтарып) ойготкон Аллахка мактоолор болсун ырасында биз ага кайтабыз


🖌 Талас Артыкбаев

👉 t.me/islamtaanuu

Макаланы башкалар менен бөлүшүп, жакшылыкка себепчи болуп калыңыз


Уктоонун адептерин билесизби?

Динибиз толук болгондуктан кантип жатуу керектиги тууралуу адептер дагы сүннөттө келген. Азыркы учурда ушул сүннөттөргө амал кылбай таштагандан улам кээ бир адамдар түнкүсүн мени албарсты (жин) басып жатат же жаман түштөрдү көрүп чоочуп ойгоно берем ж.б.у.с. ар кандай жаман нерселерди айтып даттанышат. Албетте мунун баары сүннөттө келген аяттарды, дубаларды айтпай жаткан себептүү болот. Эгерде мусулман төмөнкү хадистерге чын ыхластан амал кылып адеби менен жаткан болсо - ал баардык жамандыктан саламатта таң аттырары күмөнсүз.


Биринчи

Үч сүрөөнү окуп дем салуу

Аиша энебиз айтат:
"Аллахтын Элчиси ар дайым жатардын алдында эки колун жыйнап кийин оозу менен эки колуна үйлөп Ыхлас, Фалак, Наас сүрөлөрүн окуп, эки колу менен башынан баштап бети ж.б. колу жеткен жерлердин баарына сыйпап, ушул нерсени үч жолу кылат эле"

📚Бухари 5017



بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِیمِ

﴿قُلۡ هُوَ ٱللَّهُ أَحَدٌ ۝ ٱللَّهُ ٱلصَّمَدُ ۝ لَمۡ یَلِدۡ وَلَمۡ یُولَدۡ ۝ وَلَمۡ یَكُن لَّهُۥ كُفُوًا أَحَدُۢ ۝٤﴾



بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِیمِ

﴿قُلۡ أَعُوذُ بِرَبِّ ٱلۡفَلَقِ ۝ مِن شَرِّ مَا خَلَقَ ۝ وَمِن شَرِّ غَاسِقٍ إِذَا وَقَبَ ۝ وَمِن شَرِّ ٱلنَّفَّـٰثَـٰتِ فِی ٱلۡعُقَدِ ۝ وَمِن شَرِّ حَاسِدٍ إِذَا حَسَدَ ۝


بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِیمِ

﴿قُلۡ أَعُوذُ بِرَبِّ ٱلنَّاسِ ۝ مَلِكِ ٱلنَّاسِ ۝ إِلَـٰهِ ٱلنَّاسِ ۝ مِن شَرِّ ٱلۡوَسۡوَاسِ ٱلۡخَنَّاسِ ۝ ٱلَّذِی یُوَسۡوِسُ فِی صُدُورِ ٱلنَّاسِ ۝ مِنَ ٱلۡجِنَّةِ وَٱلنَّاسِ ۝




Экинчиси

Аятул Курсини окуу


Абу Хурайра риваят кылган хадисте:
"Аллахтын Элчиси Абу Хурайраны Рамазандан түшкөн фитир садаканы кайтаруу үчүн дайындайт, түндө бир бечара адам келип уурдап жаткан жеринен Абу Хурайра кармап алат да жалдыраганынан боору ооруп эки жолу койо берет.  Үчүнчү жолу дагы кармап алып, мен сени Аллахтын Элчисине алып барамын деп айтат. Ошондо ал:
- Мени койо берсең мен сага бир жакшы нерсе үйрөтөмүн - деп убада берет. Ал эмне деп айтканда:
- Сен жатардын алдында Аятул Курсини окуй турган болсоң - таң атканча сага шайтан жолобойт - деп айтат. Кийин Абу Хурайра ушул сөзүн Аллахтын Элчисине айтып берсе, Аллахтын Элчиси мындай деп айтат:
- Сага келген ал шайтан өзү, жалганчы болсо да сага туура нерсени айтыптыр - деп анын айткан сөзү чын экенин тастыктайт. Ошон үчүн кимде ким жатардын алдында Аятул-курсини окуп жатчу  болсо - ага таң атканча шайтан жакындабайт."

📚Бухари 2311



بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِیمِ


﴿ٱللَّهُ لَاۤ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلۡحَیُّ ٱلۡقَیُّومُۚ لَا تَأۡخُذُهُۥ سِنَةࣱ وَلَا نَوۡمࣱۚ لَّهُۥ مَا فِی ٱلسَّمَـٰوَ ٰ⁠تِ وَمَا فِی ٱلۡأَرۡضِۗ مَن ذَا ٱلَّذِی یَشۡفَعُ عِندَهُۥۤ إِلَّا بِإِذۡنِهِۦۚ یَعۡلَمُ مَا بَیۡنَ أَیۡدِیهِمۡ وَمَا خَلۡفَهُمۡۖ وَلَا یُحِیطُونَ بِشَیۡءࣲ مِّنۡ عِلۡمِهِۦۤ إِلَّا بِمَا شَاۤءَۚ وَسِعَ كُرۡسِیُّهُ ٱلسَّمَـٰوَ ٰ⁠تِ وَٱلۡأَرۡضَۖ وَلَا یَـُٔودُهُۥ حِفۡظُهُمَاۚ وَهُوَ ٱلۡعَلِیُّ ٱلۡعَظِیمُ﴾




Үчүнчүсү


Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын окуу


Абу Масъудтан риваят, Аллахтын Элчиси айтты:
"Кимде ким Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын түндө окуй турган болсо ага бул эки аят (бардык жамандыктан саламатта болууга) жеткилүктүү болот",- деген.

📚Бухари 5008



     بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِیمِ

﴿ءَامَنَ ٱلرَّسُولُ بِمَاۤ أُنزِلَ إِلَیۡهِ مِن رَّبِّهِۦ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَۚ كُلٌّ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَمَلَـٰۤىِٕكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ لَا نُفَرِّقُ بَیۡنَ أَحَدࣲ مِّن رُّسُلِهِۦۚ وَقَالُوا۟ سَمِعۡنَا وَأَطَعۡنَاۖ غُفۡرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَیۡكَ ٱلۡمَصِیرُ ۝٢٨٥ لَا یُكَلِّفُ ٱللَّهُ نَفۡسًا إِلَّا وُسۡعَهَاۚ لَهَا مَا كَسَبَتۡ وَعَلَیۡهَا مَا ٱكۡتَسَبَتۡۗ رَبَّنَا لَا تُؤَاخِذۡنَاۤ إِن نَّسِینَاۤ أَوۡ أَخۡطَأۡنَاۚ رَبَّنَا وَلَا تَحۡمِلۡ عَلَیۡنَاۤ إِصۡرࣰا كَمَا حَمَلۡتَهُۥ عَلَى ٱلَّذِینَ مِن قَبۡلِنَاۚ رَبَّنَا وَلَا تُحَمِّلۡنَا مَا لَا طَاقَةَ لَنَا بِهِۦۖ وَٱعۡفُ عَنَّا وَٱغۡفِرۡ لَنَا وَٱرۡحَمۡنَاۤۚ أَنتَ مَوۡلَىٰنَا فَٱنصُرۡنَا عَلَى ٱلۡقَوۡمِ ٱلۡكَـٰفِرِینَ ﴾


📜Сабактын темасы:

Тозок ээлери үчүн тозокто кандай азаптар дайындалган?

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!


Төртүнчү сыпаты


Он жолу Субханаллах, он жолу АльхамдуЛиллах жана он жолу Аллоху акбар деп айтуу


Буга далил:

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
"Кедей мусулмандар Аллахтын Элчисине келишип:
-Оо Аллахтын Элчиси, колунда барлар биз сыяктуу эле намаз окушуп, жихад кылышып, бирок алардын акчалары болгон себептүү (хаж, умра, жихадга жардам берүү жана садака берүү аркылуу) бизден озүп кетип жатышат. Ал эми биздин андай кылууга мал-мүлкүбүз жок дешкенде, Аллахтын Элчиси:
- Мен силерге бир амалдан кабар берейинби? Эгер ага амал кылсаңар өзүңөрдөн артта келе жаткандардан озуп, алдыда кетип жаткандарга кууп жетесиңер. Эгерде алар ушуга амал кылышпаган болсо - деп, ал нерсе Ар бир парыз намаздын артында он жолу субханаллах, он жолу АльхамдулиЛлах жана он жолу Аллах акбар деп тасбих айтууңар деди"

📚Бухари 6329




Төрт түрлүү тасбихтин эң жакшысы кайсыл?


Бул зикирлердин кайсынысы жакшы деген маселеде илим ээлери ар түрдүү пикирлерди айтышкан. Кээ бир ааламдар Абу Хурайранын хадисиндеги отуз үч жолудан келгени жакшы, себеби анда Аллакка отуз үч жолудан токсон тогуз жолу тасбих айтылып, артынан лаа илааха иллаллох ... деп айтылат деп айтышса, кээ бир ааламдар Зайд ибн Сабиттин хадисинде келген үчүнчү сыпаты жакшыраак дешет. Себеби анда жыйырма бештен Аллахка төрт түрлүү тасбих айтылса, анын ичинде зикирдин эң жакшысы болгон лаа илааха иллаллоху жыйырма беш жолу айтылат. Башкасында бул бир жолу айтылса кээ биринде такыр айтылбай деп айтышкан.



Зикирлер кандай айтылат?


Ахли сунна аалымдары: Намаздан кийин айтылуучу зикирлер сахих хадистерде төрт түрлүү болуп келген, мусулман ушул төрт түрүнүн жакшысына амал кыла берет, бирок башка сүннөттөрдүн дагы сообуна жетүү үчүн кээде бул түрүнө, кээде тигил түрүнө алмашып амал кыла берсе болот, бул динибиздин бизге берген чоң жеңилдиги дешкен.

Шейх Усеймин (рохимахуллох) айтат:
"Мусулман кээде зикирлердин алмаштырып турганы ыкласына да жакшы болот, себеби бир зикирди дайыма айтчу болсо тили үйрөнүп калгандыктан апараттай болуп көңүлү башка жака кетип калышы толук мүмкүн жана ошондой эле мусулман шашпаган учурда отуз үчтүгүнө амал кылып жүрсө муктаждыгы болуп убактысы таар болгон учурда ондугуна амал кылса сүннөттү таштабай бул түрүнө да амал кылган болот."


🖋️Талас Артыкбаев

t.me/islamtaanuu

Макаланы башкаларга бөлүшүп жакшылыкка себепчи болуңуздар.


Намаздан кийин айтылуучу тасбихтердин түрлөрү канча?


Биринчи сыпаты:

Субханаллах отуз үч жолу, АльхамдулиЛлах отуз үч жолу,
Аллаху акбар отуз үч жолу жана
жүзүнчүсү
"Лаа илааха иллаллоху уахдаху лаа шарийка лаху, лахул-мулку уа лахул-хамду, уа хууа 'алаа кулли шай-ин кодийр" деп айтуу



Буга далил:

Абу Хурайрадан риваят, "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: Кимде ким ар бир парыз намаздын артында отуз үч жолу субханаллах, отуз үч жолу АльхамдулиЛлах жана отуз үч жолу Аллаху акбар деп айтып жүзүнчүсүн Лаа илааха иллаллоху уахдаху лаа шарийка лаху, лахул-мулку уа лахул-хамду, уа хууа 'алаа кулли шай-ин кодийр деп айтса анын күнөөлөрү деңиздин көбүгүндөй болса дагы кечирилет".

📚Муслим 597




Экинчи сыпаты:


Субханаллах отуз үч жолу, АльхамдулиЛлах отуз үч жолу жана Аллаху акбарды отуз төрт жолу айтуу.


Буга далил:

Кааб ибн 'Ужродон риваят, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Бири биринин артынан айтылуучу зикирди айткан адам өкүнбөйт, ал зикир субханаллахты отуз үч жолу,  алхамдулиллахты отуз үч жолу жана Аллаху акбарды отуз төрт жолу айтуу деди."

📚Муслим 596



Үчүнчүсү сыпаты:


Субханаллах жыйрма беш жолу, АльхамдуЛиллах жыйрма беш жолу, Аллаху акбар жыйрма беш жолу жана лаа илааха иллаллохту жыйырма беш жолу айтуу



Буга далил:


Зайд ибн Сабит (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: "Биз намаздан кийин отуз үч жолу Субханаллах отуз үч жолу Альхамдулиллах жана отуз төрт жолу Аллоху Акбар деп айтууга буйрулган элек, кийин сахабалардын биринин түшүндө ага бирөө силерге Аллахтын Элчиси Субханаллахты отуз үч жолу, Альхамдулиллахты отуз үч жолу жана Аллаху акбарды отуз төрт жолудан айтууга буйруган беле?,- деп сурайт. Ал:
- Ооба деп жооп берсе
Ал:
- Силер субханаллах, АльхамдулиЛлах, Аллах акбарды жана ага Лаа илааха иллаллохту кошуп ар бирин жыйрма бештен айткыла деп айтат, сахаба эртеси таң атканда Аллахтын Элчисине келип түшүндө болгон нерсени айтат. Ошондо Аллахтын Элчиси түшүндө айтылган зикирди тастыктап:
- Ооба ошондой кылгыла деп буйруйт"

📚Тирмизи 3413, Насаий 1350
Тирмизи , Албани сахих дешкен.



Түшүндүрмө

Негизи Ислам дининде түштөн эч кандай ибадаттар алынбайт. Себеби динибиз аятта айтылгандай толукталган, эч кимдин түшүнө муктаж эмес. Бирок динибизде Аллах Таала кээде бир кулун түш аркылуу жакшы кабар менен сүйүнчүлөп же жаман кабар менен эскертип койюсу бар нерсе. Буга ишенүүбүз керек. Бирок ибадаттар эч качан түш аркылуу берилбейт. Ошол үчүн мусулман түштөгү кабарлар менен ибадаттарды айрымалап бүлүүсү керек. Бул хадисте сахаба түшүндө көргөн зикирге амал кылбастан, Аллахтын Элчисине барып аны ал тастыктап, ошого амал кылууга буйругандан кийин ага ишенип амал кылышкан. Ал эми Аллахтын Элчиси өткөндөн кийин ар кандай адашкан тайпалардын шейхтери мен түшүмдө Пайгамбарды көрдүм же баланча периштени көрдүм ал мени бул намаз менен же түгүл орозо же баланча зикирге буйруду деп артынан ээрчиген карапайым адамдарды адаштырып келе жаткандары белгилүү. Себеби ал шейхтин түшүндө көргөн нерсени тастыктай турган Аллахтын Элчиси жок болгондон кийин ал Ислам дининде бидаат болуп эсептелет. Бул нерсени көп карапайым мусулмандар билбегендиги себептүү шейхтери тууралу жакшы күмөндө болуп, натыйжада ал бидааттарга амал кылышып бири бирине таратып олтуруп динибизде бидаат намаздар, орозолор, зикирлер көбөйүп кеткени илим ээлерине белгилүү.


- деп айткан

📚Муслим 594

Бешинчи:


اللَّهُمَّ أَعِنِّي عَلَى ذِكْرِكَ وَشُكْرِكَ وَحُسْنِ عِبَادَتِكَ


Аллаахумма а'иннии 'алаа зикрика уа шукрика уа хусни 'ибаадатик


Мааниси:

Оо Аллахым, Өзүңдү көп зикир кылууга, берген нээматтарыңа шүгүр этүүгө жана өзүңө (чын ыхластан) көркөм ибадат кылуума жардам бергин!



Буга далил:

Му'аз ибн Жабал (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
  "Аллахтын Элчиси ﷺ менин колуман кармап Аллахтын аты менен касам ичем Мен сени жакшы көрөмүн!
Оо Му'аз, сен ар бир намаздын артында
"Аллаахумма а'иннии 'алаа зикрика уа шукрика уа хусни 'ибаадатик" деп таштабай айтып жүрүшүңдү осуят кыламын деп айткан."

📚Абу Дауд 1522.
📚Ахмад 22119.
Албани сахих деген.

Ушул бешинчи дуба саламдан мурун айтылабы же саламдан кийин айтылабы деген маселеде аалымдарыдын арасында эки пикир бар. Көпчүлүк аалымдар салам бергенден кийин айтылат деп көрүшсө, башка кээ бир аалымдар саламдын алдында айтылат дешкен. Кийинки аалымдардан шейх ибн Бааз, шейх Усеймин, шейх Фаузан ж.б. илим ээлери саламдын алдында айткан жакшыраак деп айтышат. Аллах мыкты билүүчү!


🖋️Талас Артыкбаев

t.me/islamtaanuu

Макаланы башкаларга бөлүшүп жакшылыкка себепчи болуңуз


Намаздан салам бергенден кийин айтылуучу зикирлерди жатка билесизби?


Биринчи:

"Астагфируллох"-деп үч жолу айтуу.


أَسْتَغْفِرُ الله  أَسْتَغْفِرُ الله،  أَسْتَغْفِرُ الله


Астагфируллох, Астагфируллох, Астагфируллох.


О, Аллах мен сенден күнөлөрүмдүн кечирилишин сураймын!


Буга далил:

Саубан (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын Элчиси ﷺ намаздан салам бергенден кийин үч жолу "Астагфируллох"-деп айтчу эле.

📚Муслим 519



Экинчи:


اللَّهُمَّ أَنْتَ السَّلَامُ وَمِنْكَ السَّلَامُ، تَبَارَكْتَ يَا ذَا الْجَلَالِ وَالْإِكْرَامِ


Аллаахумма антас-салааму уа минкас-салааму табааракта йаа зал-жалаали уал-икроом.



Мааниси:

Оо Аллах, Сен тынчтык Ээсисиң жана тынчтыкты Өзүң гана Берүүчүсүң. Сен улук урмат ээси жана өтө көп жакшылык ээси болгон Берекелүү затсың.


Буга далил:

Саубан (Аллах андан раазы болсун) айтат:
"Аллахтын Элчиси ﷺ намаздан салам бергенде үч жолу "Астагфируллох" деп айтып кийин
"Аллаахумма антас-салааму уа минкас-салааму табааракта йаа зал-жалаали уал-икроом" деп айтаар эле."

📚Муслим 519
📚Абу Дауд 1512



Үчүнчүсү:



لَا إِلَهَ إِلَّا اللّهُ وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ، لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ، اللَّهُمَّ لَا مَانِعَ لِمَا أَعْطَيْتَ، وَلَا مُعْطِيَ لِمَا مَنَعْتَ، وَلَا يَنْفَعُ ذَا الْجَدِّ مِنْكَ الْجَدُّ



Лаа илааха иллаллоху уахдаху лаа шарийка лаху, лахул-мулку уа лахул-хамду, уа хууа 'алаа кулли шай-ин кодиир, аллахумма лаа маани'а лима а'тойта уа лаа му'тии лима мана'та уа лаа янфа'у зал-жадди минкал-жадду.


Мааниси:

Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Ал жалгыз Анын шериги жок, бардык башкаруу жана мактоо Ага гана таандык. Ал бардык нерсеге кудуреттүү. Оо Аллах Сен кулуңа бир жакшылыкты берүүнү кааласаң - аны эч ким тыя албайт жана Сен кулуңан бир нерсени тыйган болсоң - аны эч ким бере албайт жана Сенин алдыңда байлык, бийлик, мансап эч кандай жардам бере албайт.

Буга далил:

Уаррод Сакафий (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
"Мугийро ибн Шу'ба  Му'авияга жазып жөнөткөн катында Аллахтын Элчиси парыз намазынан салам бергенден кийин "Лаа илааха иллаллоху уахдаху лаа шарийка лаху, лахул-мулку уа лахул-хамду, уа хууа 'алаа кулли шай-ин кодиир.‎ Аллахумма лаа маани'а лима а'тойта уа лаа му'тии лима мана'та уа лаа янфа'у зал-жадди минкал-жадду"-деп айтканын жазган."

📚Муслим 593


Төртүнчү:

لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ  وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ، لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ، لَا حَوْلَ وَلَا قُوَّةَ إِلَّا بِاللهِ، لَا إِلَهَ إِلَّا اللّهُ، وَلَا نَعْبُدُ إِلَّا إِيَّاهُ، لَهُ النِّعْمَةُ وَلَهُ الْفَضْلُ وَلَهُ الثَّنَاءُ الْحَسَنُ، لَا إِلَهَ إِلَّا اللّهُ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ "

Лаа илааха иллаллоху уахдаху лаа шарийка лаху, лахул-мулку уа лахул-хамду, уа хууа 'алаа кулли шай-ин кодиир, лаа хаула уа лаа кууата илла биллахи, лаа илааха иллалоху, уа лаа на'буду илла иййаху' лахун-ни'мату уа лахул-фадлу уа лахус-санааул-хасан, лаа илааха иллаллоху мухлисийна лахуд-дийн уа лау карихал каафируун.



Мааниси:

Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок. Ал жалгыз. Анын шериги жок. Бардык башкаруу жана мактоо ага гана таандык. Ал бардык нерсеге кудуреттүү. Бир абалдан экинчи абалга алмашуу жана ага күч алуу Аллахтын жардамы менен гана болот, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, биз Аллахтын Өзүнө гана сыйынабыз, бизге берилген бардык нээматтардын жана жакшылыктардын ээси Аллах жана бардык көркөм мактоолор Ага гана таандык, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, каапырлар жек көрүшкөн болсо дагы биз Аллахка эч нерсени шерик кошпой чын ыкластан сыйынабыз.

Буга далил:

Абдуллох ибн Зубайр (Аллах андан ыраазы болсун) намаздан салам бергенден кийин "Лаа илааха иллаллоху уахдаху лаа шарийка лаху, лахул-мулку уа лахул-хамду, уа хууа 'алаа кулли шай-ин кодиир, лаа хаула уа лаа кууата илла биллахи, лаа илааха иллалоху, уа лаа на'буду илла иййаху' лахун-ни'мату уа лахул-фадлу уа лахус-санааул-хасан, лаа илааха иллаллоху мухлисийна лахуд-дийн уа лау карихал каафируун деп айтып, кийин Аллахтын Элчиси ﷺ ушул зикирлерди ар бир намаздан кийин айтчу"


📜Сабактын темасы:

Баланы тарбиялоодо дуба кылуунун орду кандай?

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!


Урматтуу мусулман бир туугандар

Мусулмандар бүгүн арафат күнүн дуба кылуу, такбир айтуу, Куран окуу жана Аллахты көп зикир кылуу ибадаттары менен өткөрүшү керек.

👉 t.me/islamtaanuu

Макаланы башкалар менен бөлүшүп, жакшылыкка себепчи болуп калыңыз


Репост из: ИСЛАМ ТААНУУ
Урматтуу мусулман бир туугандар!

Эртең 15 - Июнь арафат күнү бул күндү өткөрүп албай орозо кармайлы себеби хадисте Аллахтын Элчиси: Кимде-ким Арафат күнү орозо кармаган болсо, анын бир жылдык мурунку жана бир жылдык кийинки күнөлөрү кечирилет" деген.

👉 t.me/islamtaanuu

Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!


Репост из: ИСЛАМ ТААНУУ
Айша энебиз (андан Аллах ыраазы болсун) айтат:

"Аллахтын Элчиси ﷺ Рамазан айынын акыркы он күнү киргенде белин бекем бууп, үй-бүлөсүн ойготуп, түнүн ибадат менен тургузат эле."

📚Бухари 2024.

    Ахли сунна аалымдары хадисти мындайча түшүндүрүшөт:

Астынкы кийимдин белин бекем бууган дегендин мааниси - акыркы он күнү киргенде жубайларына кошулбай, түнүн ибадат менен өткөрүүгө абдан катуу көңүл бурган деп айтышкан.
      
  Ал эми үй-бүлөсүн ойготкон дегени - үй-бүлөсүн башка түндүн акыркы бөлүгүндө витир намазын окуу үчүн тургузган болсо, бул он түнүн ибадат менен өткөрүү үчүн тургузган дешкен.
       
  Түнүн тургузат эле дегени - Аллахтын Элчиси ﷺ акыркы он күндүн ар бир түнүн намаз, зикир, дуба ибадаттары менен өткөргөн эле деп айтышкан.
        
Урматтуу мусулман бир тугандар!

Бизге туура жолду көрсөтүп, бардык жакшылыкта чыныгы үлгү болгон Аллахтын Элчиси ﷺ мурунку жана кийинки күнөөлөрү кечирилгенине карабастан Аллахтын Өзүнө берген чексиз нээматтарын эскерип, түнкүсүн намаздар менен өткөргөн.

Бул ибадаттарын көргөн Айша энебиз (андан Аллах ыраазы болсун):

"Аллах сиздин өткөн жана кийинки күнөлөрүңүздү кечирген эмес беле?" - дегенде Аллахтын Элчиси ﷺ: "Аллахтын берген нээматтарына кантип шүгүр кылган кулу болбойун?!" - деп жооп кайтарган.
      
  Албетте Аллахтын ар бирибизге берген жакшылыктары сан жеткис. Биз дагы хадиске амал кылып, ушул саналуу түндөрдө үй-бүлөбүздү ойготуп намаз, Куран окуу, дуба кылуу жана Аллахты зикир кылуу менен өткөрөлү.

Аллах Таала ушул акыркы он күндө бардык амалдарды кылууга жардам берип, ар бирибиз Рамазандан күнөөлөрүбүз кечирилген абалда чыгуубузду насип кылсын.

🖋Талас Артыкбаев
____

Башкалар менен
бөлүшүп, соопко шериктеш болуңуз!

https://t.me/islamtaanuu/218


Репост из: ИСЛАМ ТААНУУ


Репост из: ИСЛАМ ТААНУУ
Анас ибн Маликтен (Аллах ыраазы болсун) риваят:

"Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
"Оозду жапкыла! Себеби таң атаардагы ооз жабууда береке бар.""

Бухари 1923

Бул хадисте Аллахтын Элчиси: Таң атаарда тамактанып сухур кылгыла! Себеби таң атаарда тамактанып ооз жабууда береке бар деп айткан.

rel='nofollow'>👉t.me/islamtaanuu

Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!


📜Сабактын темасы:

Рамазан айында кылынуучу жети амал

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп койуңуздар.


Репост из: ИСЛАМ ТААНУУ
Шектик күн качан?

Шектик күн - бул Шаабан айынын отузунчу күнү. Себеби Рамазан айы жаңыруусун билүү үчүн Шаабан айынын жыйырма тогузунчу күнү кечке ай каралат, айды кароодогу максат: эртең Шаабан айынын отузунчу күнүбү же Рамазан айынын биринчи күнү  болуп орозо кармалабы, ушул.
Эгер Шаабан айынын жыйырма тогузунчу күнү кечинде асман булут же чаң ж.б. себептен улам ай көрүнбөй калса, анда эртеси Шаабандын отузунчу күнү болуп эсептелет бирок Шаабандын жыйырма тогузунчу күнү кечинде асман булуттуу болгондуктан ай кароо мүмкүндүгү болбосо - Шаабандын отузунчу күнү Рамазандын биринчи күнү эмес бекен деген шек бар. Асман ачык болгондо ай көрүнмөк беле деген  күмөн болгондугу үчүн - бул күн шектик күнү, тактап айтканда Шаабандын отузунчу күнүбү же Рамазандын биринчи күнүбү деп шектенип турган күн болгондуктан ушундай айтылып калган. Мына ошондуктан шектик күн кээ бир адамдар ойлогондой  жыйырма тогузунчу күнү эмес,  отузунчу күнү. Шаабандын жыйырма тогузунчу күнүн эч ким Рамазандын биринчи күнүбү же Шаабандын отузунчу күнүбү деп шектенбейт. Шектене турган күн ал отузунчу күнү.




Шектик күнү (Шаабандын 30-күнү) орозо кармаса болобу?

Шаабан айынын отузу (шектик күнү) адамдар Рамазан айынын биринчи күнү болуп калышы мүмкүн деп этияттык кылып орозо кармоону Абу Ханифа мазхабы, имам  Маликтин, имам Шафиъийдин мазхабдарында жана имам Ахмаддын бир  риваятында бул күнү орозо кармоо болбойт, арам дешкен. Себеби Аллахтын Элчиси ﷺ хадистеринде бул күнү орозо кармоодон ачык кайтарган.

Буга далил:

Аммар ибн Ясир (андан Аллах ыраазы болсун) айтат:

"Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
"Кимде-ким шектик күнү орозо кармай турган болсо - ал Касымдын атасы Мухаммадга каршы келген болот""

📚Абу Дауд 2334, Тирмизий 686, Ибн Мажах 1645, Ибн Хажар, Албани хадисти сахих дешкен.

Шектик күнү орозо кармоо - Аллахтын Элчисинин ﷺ кайтарган кайтаруусуна карама-каршы келет деген.

Экинчи далил

Абу Хурайрадан (андан Аллах ыраазы болсун) риваят:

"Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Рамазандын алдын бир же эки күн мурда (Рамазандан деп этият кылып) орозо кармабасын. Ал эми кайсыл бир адамдын  адатынча кармаган (биринчи төртүнчү ж. б. күндөрдөгү) орозосу ошол күнгө туш келип калса кармай берсин.""

📚Бухари 1914, Муслим 1082

Урматтуу мусулман бир тууган ушул жана башка далилдер себептүү Шаабан айынын отузунчу күнү, шектик күнү Рамазандын биринчи күнү болуп калышы мүмкүн деп ойлогон акыбалда орозоо кармоо - мүмкүн эмес. Бул ачык кайтарылган амалдардан.

Ал эми кайсы бир адамдын  адатта кармап жүргөн биринчи, төртүнчү күндөрү же күн ара ж.б. кармап жүргөн сүннөт орозосу ушул күнгө туш келип калса аны кармаса болот жана ошондой эле бир адамдын өткөн Рамазан айынан калган карызы бар болсо - ошол карызын башка күндөрү өтөй албай, өтөө күнү ушул күнгө туш келип калса - аалымдар өтөсө болот дешкен. Анткени жогорудагы хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ адатта кармап жүргөн адамдын орозосу ушул күнгө туш келип калса - кармай берсин деген.


🖋 Талас Артыкбаев

👉  t.me/islamtaanuu

Башкалар м
енен бөлүшүүнү унутпаңыздар!


Репост из: ИСЛАМ ТААНУУ
Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
📜Сабактын темасы:

• 6 ай дуа

- - - - - - - - - - - -

👉 t.me/islamtaanuu


Тикток:
https://vt.tiktok.com/ZSFDuFedT/

- - - - - - - - - - - -

Инстаграм:
https://www.instagram.com/reel/C4GRqXhoy1v/?igsh=MWhvNG91emFyd25rOQ==

- - - - - - - - - - - -

Сабакты толугу менен:
Ютуб жана Телеграм
баракчаларыбыздан көрсөңөр болот.

Башкалар менен бөлүшүп койуңуздар.

Показано 20 последних публикаций.