Сезимсиз жашап жүргөнүмө көп болуптур.Эмне эле жашоонун даамы сезилбейт деп ич ичтен жеп аткан,түбү көрүнбөгөн суроонун жообу ушул тура деп болжодум өзүмчө.
Сезимсиз жашоо.
Эгер бул кейипти чыгармачыл бир адам кийсе анын жашоосу ошол жерде бүтмөк.Анткени чыгармачылык- сезимдер.Же сезимдер - чыгармачылык.
Качантан бери сезимсизмин билбейм.Канча ай ушинтип жашадым,канча күн,же канча жыл...
Мен бүгүн сезимдүү биринин жашоосун көрдүм.Көрүп алып шолоктоп чыктым.Бул мөлтүр жаш узак убакыттан бери биринчи жолу сезимдерден чыгып атканын жашка жуулуп бүткөн жүзүмдү артып атып байкадым.
Анан,эски сезимдүү күндөрүмдү сагындым.Эски сезимдеримди сагындым.Сезимдүү жашоонун канчалык "түстүү"экенин эски сезимдеримдин элесинде көз алдыма тарта баштадым...
Сезгим келди менин да.Сезилгим келди.Азыр да сезим менен жашагым келди.Адам сыяктуу жашасам дедим жашоону...