#Асемгүл_ЧОТОНОВА
* * *
Келдиңби күз, кайсыл күзсүң?
Күзсүңбү же баягы...
Жалбырагы жабырттаган аялуу...
Жыккан элең мендеги бир сезимди,
Жөлө эми, жөлөп тургуз тая аны.
Жашык күзсүң, төгө берген жашыңды,
Таркаталбай койдум сендик ачуумду.
Төгүлгөндөй алма, өрүктөн жалбырак,
Төгүлдү бүт, ой-кыялым чачылды.
Жыйнап бергин түшүмүңдөй жердеги,
Жыргата албай койдуңго эх сен мени.
Сары көйнөк, сары алтын күз эмес,
Санаа болдуң куса болдуң көздөгү.
Жалгыз келдиң,
Кучактагы соолуп калган гүл менен.
Билбейм качан бүрүн ачкан бүрдөгөн,
Келдиңби күз мага эстетпей жакшы кез.
Келдиңби күз мен күнөөлөп сүйбөгөн!
____________________
👉 "КЫСКА-НУСКА"
🖌️ Авторлор
🙏 Колдоо көрсөтүү
* * *
Келдиңби күз, кайсыл күзсүң?
Күзсүңбү же баягы...
Жалбырагы жабырттаган аялуу...
Жыккан элең мендеги бир сезимди,
Жөлө эми, жөлөп тургуз тая аны.
Жашык күзсүң, төгө берген жашыңды,
Таркаталбай койдум сендик ачуумду.
Төгүлгөндөй алма, өрүктөн жалбырак,
Төгүлдү бүт, ой-кыялым чачылды.
Жыйнап бергин түшүмүңдөй жердеги,
Жыргата албай койдуңго эх сен мени.
Сары көйнөк, сары алтын күз эмес,
Санаа болдуң куса болдуң көздөгү.
Жалгыз келдиң,
Кучактагы соолуп калган гүл менен.
Билбейм качан бүрүн ачкан бүрдөгөн,
Келдиңби күз мага эстетпей жакшы кез.
Келдиңби күз мен күнөөлөп сүйбөгөн!
____________________
👉 "КЫСКА-НУСКА"
🖌️ Авторлор
🙏 Колдоо көрсөтүү