#Атантай_АКБАРОВ
МЕН СЕНИ ЖАНЫМ ЧЫГА ЖАЗДАЙ СҮЙДҮМ…
Оо эркем, сенин таппай көзүм катып,
Асман–Жер арасында жүрдүм калкып.
Ак тамак булбул болуп сен сайрасаң,
Көктамак булбул болдум үнүм катып.
Жүрсөк да түндүк, түштүк уюлда биз,
Таңгалтып, тагдыр кээде кошуп турду.
Каалаган кезде турмуш сууга ыргытып,
Каалаган кезде бизге от жуткурду.
Өзүңсүз өтүп жаткан күндөр жалган,
Бир чымчым жарыгы жок түндөр өлгөн.
Сен менен чайкайнамча болгон кезим,
Оо канча артык мага бейиш төрдөн.
Күн барбы менин оюм ишке ашар?
Ойлоймун: “Сүйүү, мынча жолуң татаал?”
Куураган кезде бакыт, сүйүү жетпей,
Кудайга болгум келет орун басар.
Бофорттун шкаласы өлчөй алгыс
бороондун жетегинде өмүр сүрдүм.
Жүрөгүм мухит сымал окторулуп,
Мен сени жаным чыга жаздап сүйдүм.
Оо сени жаным чыга жаздап сүйдүм!..
____________________
👉 "КЫСКА-НУСКА"
🖌️ Авторлор
🙏 Колдоо көрсөтүү
МЕН СЕНИ ЖАНЫМ ЧЫГА ЖАЗДАЙ СҮЙДҮМ…
Оо эркем, сенин таппай көзүм катып,
Асман–Жер арасында жүрдүм калкып.
Ак тамак булбул болуп сен сайрасаң,
Көктамак булбул болдум үнүм катып.
Жүрсөк да түндүк, түштүк уюлда биз,
Таңгалтып, тагдыр кээде кошуп турду.
Каалаган кезде турмуш сууга ыргытып,
Каалаган кезде бизге от жуткурду.
Өзүңсүз өтүп жаткан күндөр жалган,
Бир чымчым жарыгы жок түндөр өлгөн.
Сен менен чайкайнамча болгон кезим,
Оо канча артык мага бейиш төрдөн.
Күн барбы менин оюм ишке ашар?
Ойлоймун: “Сүйүү, мынча жолуң татаал?”
Куураган кезде бакыт, сүйүү жетпей,
Кудайга болгум келет орун басар.
Бофорттун шкаласы өлчөй алгыс
бороондун жетегинде өмүр сүрдүм.
Жүрөгүм мухит сымал окторулуп,
Мен сени жаным чыга жаздап сүйдүм.
Оо сени жаным чыга жаздап сүйдүм!..
____________________
👉 "КЫСКА-НУСКА"
🖌️ Авторлор
🙏 Колдоо көрсөтүү