🔸Түштүктө элечек "каляк", ал эми Таласта, Токтогулда "илеки" деп аталган.
🔸Географиялык жана климаттык шартка жараша ар аймактын элечегинин түзүлүшү ар башка болгон. Алсак, түндүк аймактарга тиешелүү элечектердин дээрлик бардыгында ээк алмайы бар. Ал сууктан, шамалдан сактап турат.
🔸Түштүк аймактарда күн ысык болгондуктан элечеги сорогой болуп үстүнө сөзсүз дурия жоолук жабылган. Алар күндөн сактап, көлөкө берип турган.
🔸Элечектин оролмолоруна жука ак кездеме же даки колдонулган. Ээсинин көзү өткөндөн кийин элечектин кездемесин кепинге колдонушкан.
Кээ бир учурда, айрыкча, көчүп баратканда ымыркайда ороого же жараат таңууга да керектешкен.
@kyrgyz_kep