Сүйүн КУРМАНОВА
СЕНТЯБРЬ
Жолдо баратабыз. Он бала төрөп, биринен да жакшылык буйрубаган бечара аял арманын айтып бүтпөй баратат. Абышкасынын көзү өткөндөн кийин ар кай жакка тараган балдарынын ичинен бирөө да ата-конушун ээлегиси келбей шаарга кире качышканын, эми алда немедей үйүн жери менен кошо башка бирөө ээлеп алганын, өлсөм сөөгүм ошол үйдөн чыкса дегенин... баарын, баарын айтып, бир аз туруп кайра башынан түшүп, бечара кемпир үйүмдү өзүмө кайтара көргүлө деп безеленип жатыр...
— Эл күбө, кагылайындар. Баары эле билишет. Капырай ушундай да болот экен ээ, бирөөнүн жерин ээлеп... биз тирүү турсак...
Терезе сыртында көк майсаң суналып, тармалдашкан булуттар тоо-тоонун башына чулганып, баятан тынбай келаткан кемпирдин үнү пасайып, отургандар бир саамга өзү менен өзү болуп көшүп калды.
Иш чынында эле чаташып калыптыр. Териштиргени баргандардын ар кими күбөмүн дегендердин айткандарын жазып алып, түш оогончо түтүнмө түтүн кыдырып, үйдү сүрөткө тартып, айыл башчысына келип, сурамжылап жаттык.
Ким экенибизди далайга тактаган айыл башчы “силердейлердин далайын көргөнбүз” таризинде креслого чалкалай түшүп, “ишти эми тиешелүү жерден сурагыла” деп ыңгыранып койду.
Райборборго келип, милицияны сураштырып отуруп таптык. “Начальник бош эмес” деген жоопту угуп, кире бериште отурабыз. Катчы кыз ичкери улам кирип-чыгып, далайга жоголуп кетип, тээ кыйладан кийин “киргиле” деди.
Начальник келбеттүү, сүрдүү, чаалыккандай түрү бар адам көрүндү.
Айткандарыбызды кунт коюп угуп, өзүнө бир нерселерди жазып алып, акырында “бул маселени кызматкериме тапшырайын, жообун кечиктирбей беребиз, бара бериңиздер” деди да мени карап, “сиз кое турсаңыз” деп калды.
Кемпир биз жакты кылчак-кылчак карап, бирдеме айтчудай оозун таптап барып чыгып кетти.
Тиги киши эми ордунан туруп, бери басты. Баятан сүрдүү көрүнүп жаткан жүзүндө жылмаюу пайда болуп, “кандайсың, классташ?” деп башкача бир жылмайса чочуп кетип, эмне дээримди билбей калдым.
— Тааныган жоксуңбу? Мен сени дароо эле тааныдым.
— Жо-ок, – дедим классташтарды дароо көз тизмектен өткөрүп. “Ким эле? Ушундай бала бар беле?” Канча ойлосом да таппадым.
— Мен Элчи эмесминби...
— О-ой! деген добуш оозумдан кандай чыгып кеткенин өзүм да билбей калдым. “Элчи... Элчи”.
Коен ээк болгондонбу, түрү суук көрүнгөн, чилмийген баланы “жырык” дечү эмес белек! Биз менен бешинчи класска чейин окуп, анан жок болуп кетпеди беле? Балдар түгүл кыздар уруп... Жеткени жети чаап, жетпегени эки чаап, эч ким оюнга кошпой... Ошобу? Окшобойт го? Жырык эмес беле? – мээмде эски сүрөттөр чакылдап, улам бири тартыла түштү.
Дароо оозун карадым. Узатасынан кеткен билинээр билинбес тырыктын кызарган изи болбосо эчтеме билинбейт. Зыңкыйган, зыңгыраган азамат болгон турбайбы!
— Эми эстедим. Силер биз менен аз эле окугансыңар да. Андан бери канча заман өттү... , – ыңгайсызданып кобурадым.
— А мен силерди унуткан жокмун. Сенин жазгандарыңды окуп жүрөм. “Менин классташым” деп сыймыктанып, элдин баарына көрсөтөм. Качан, кантип жолугаар экенбиз дечү элем, сонун болбодубу!
Бетим “дуу” дей түштү. Бала кезде мен деле далай жолу “жырык!” дебедим беле! Жакындаса түртүп жиберип, сүйлөсө... А баса, эмне сүйлөгөнү түшүнүксүз эле го? Апасынан башка киши түшүнбөйт дешчү. Мугалимдер да мындан тапшырманы сурашчу эмес. Бир жолу экскурсияга чыкканда ага айтпай, жазгырып кетпедик беле...
Жүзүнөн мээрими төгүлүп, жетине албай турса мен жерге кирип кете албай...
— Мындай кылалы, – деди бир маалда, — телефон номериңди берсең, жумуш бүткөндө жай отуруп, шашпай сүйлөшөлү, жолдошум, балдарым менен тааныштырайын, калган классташтар жөнүндө айтып берсең...
Кеч күүгүмдө бизди классташымдын аялы тосуп алды. Маңдайы жарык, жакшынакай аял экен. Эски тааныштай эле сүйлөшүп жаттык. Тестиер эки бала сылык учурашып, апасына жардам берип жүрүшөт. Үйүндө өзгөчө бир мелмилдеген жылуулук, жан сергиткен бейпилдик бар экен.
Тегереги майда гүлдөргө толгон далисте отурганыбызда классташыма “кечирип койчу” дедим.