Ал эмнени ойлоп жатканымды дароо түшүндү. Анткен менен ээгин колу менен жаба койгон адаты калбаптыр. Көпкө унчукпай калып анан “жок, мен силерге таарынбайм деле, бала болчубуз да. А бирок чоңдордун мамилеси көкүрөктө калып калат экен. Ооздун жарааты кетсе да жүрөктүн жараты айыкпайт тура”, – деди.
“Мен төрөлгөндөн эле апам менен атамдын урушу бүтчү эмес. “Тукумубузда мындай жок” деп атам чыкса “мен күлгө оонап тууптурмунбу” деп апам чыкчу.
Ошондо ”чоң жолдон чуркап өтүп баратканымда машине коюп кетсе экен” деп ойлой берчүмүн. Бир күнү Туркияда жашаган таежем келгенде ошондон сурап атпаймынбы, “Эже мен өлүп калсам ыйласызбы?” деп. Ошол эжем менин чүнчүп жүргөнүмдү байкап, алып кетти. Эки жыл ошол жакта жүрдүм. Ээрдимди, таңдайымды оңдотуп, бир жыл окубай калдым.
Кайра келсем ата-энем ажырашып, бөлөк жашап калышыптыр. Мени кайра шаардагы таежем алып кетти. Чоңоюп, окуп жүргөндө балдар эмне үчүн кемтик болуп төрөлөөрүн изилдеп көрүп, анын көпчүлүгү үй-бүлөдөгү ызы-чуулуу жашоодон болоорун түшүндүм... Азыр кимдир бирөө кордолуп, запкы чегип атса кайдыгер боло албайм...
Экөөбүз жылуу коштоштук.
Терезе артында калып жаткан көк жашыл майсаңга жарашып үйүнө эгедер болгон эненин кубанычы, бакубат, бейпил турмуштагы адамдардын жаркыраган жүздөрү качанкы бир каталыкты жууп чайып жаткансып жибектей созулуп, күмүштөй агарып термелген сентябрдын желаргысы көңүлдү коштоп келатты.
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта