Жеңишбек ЭДИГЕЕВ
("КӨК ДЕПТЕР" китебинен)
ЭҢ БИРИНЧИ АЙЛЫГЫМ
4-классты бүткөн жылы жайкы каникулда апам, агам Бакыт экөөбүздү Тянь-Шань району, Орто-Саз айылына жиберди. Ал жерде аталаш эжем Үлпөткан бар эле. Үпөш эжем дечүбүз. Кичинебизден баарыбызды баккан, көтөргөн, мээримин сиңирген эжем. Жездем Султанбек чоң, бай колхоздун бакыйган фермасы. Бир күнү айтылуу Ак-Сай жайлоосуна көчмөй болдук. Кой кыркымга. “Эмгекчил”, “Жданов”, “Ленин” болуп олтуруп 4–5 колхоздун кою Ак-Сайдагы чоң кой кыркым пунктунан кыркылчу.
Жездем ферма катары 80 анан 100 баштык эки чоң боз үй менен барчу. Боз үй менен көр жерди эжем экөөбүз таңгак кылып байлайбыз. Эжем чоң-чоң кылып, тимеле тыкыйтып таңаар эле. Анан машинага жүктөп атканда эркектер таңгактарды көтөрө албай: “Оо-уу, эй, Үлпөт жеңемдин таңылчактары, ыя! Мындай таңылчактарды бүт Ждановду кыдырып таппайсың” десе, бири “Ак-Талаанын кыздарын билбейт экенсиң да сен” деп тамашалап атышкандарын бери жакта илээшип жүрүп угаар элем.
Ак-Сай! Атына заты жарашкан берекелүү Ак-Сайдын Союз кезиндеги даңкы, анан да ага жетиштин машакаты шумдук эле. Кой кыркым пунктуна жеткенче СССР чек арачылары үч жерден катуу текшерип анан өткөрчү. Анткени кой кыркын пункту, ары жагы “Көк суу” суусу анан анын аркы жээги эле – Кытай! Анын баары пункттан алаканга салгандай кеңирсип көрүнүп турат. Бийик тумшукта чек ара заставасы жайгашкан. Чек арачылар иттери менен 2–3төн атчан болушуп тоо аралап караулга кантип кетишээрин карачубуз. “Кытайга 200 топоз өтүп кетиптир, Мал издеп жүрүп Кытайга бир чабан кирип кетиптир” деген сыяктуу сөздөр улам айтылып тураар эле.
Ошентип кыркым башталды. Жездем мени жүн ташыгыч кылып кыркымга ишке киргизип койду. Ал эми 8-классты бүткөнүмдө келип пресс жүндүн бетине кара сыя, сажа менен жазгыч болуп иштегем. 80–100 килдик таңгак жүндүн бетине жүндүн сортун, чарбанын дарегин жана кайсыл жакка кетээрин жазчумун. Ал таңгактар түз эле Россияга жөнөтүлчү. Ошол жерде иштеген жүн боюнча адис бир киши бир күнү: “Сен кыл калем менен жакшы жазат экенсиң. Ленинградда сүрөтчүлөрдүн сонун окуу жайы бар, ошол жакка тапшыр” деп айтканы эсимде калды.
Жездемдин бир тууганы Арстанбек Ак-Сайдын “Батпаадай” деген жайлоосунда мал бакчу. Бир мезгилдер ал жакта да “чоң чабан” болуп жүрүп калдым. Ошол жайда жайлоого кадимки “Кыргыз көчүнүн” автору, улуу күүчү жана актер Асанбек Кыдырназаров барып, бир боз үйдө жашадык. Анткени ал киши жездемдин бир тууган жездеси эле. Муктарика эже үйдүн эң улуу кызы болчу. Асанбек Кыдырназаров күндө эртең менен чоң чыныга ысык сүт ичээр эле. Бала-бакыраны олтургузуп алып ойногон ролдорунан аткарып берчү. “Бир маалда Ак-Мөөрдү моминтип келип муунтам!”, - деп образга киргенинде баарыбыз үтүрөйүп коркуп, аны жаман көрүп карачубуз... Бир күнү мен улуу комузчуга учкашып, Муктарика эже болуп ат менен “Батпаадайдан” кой кыркым пунктуна түштүк. Жолдо келатып Муктарика эже: “Асанбек, карасаң мобуларды, куду эле Фрунзенин бульварындай экен” деп толкундап айткан эле, бою бир карыш болуп, тегерек, төрт чарчы, жүрөкчө сымал өскөн жапалак арчаларды көргөзүп. Мен Кыдырназаровдун артында учкашып келатып: — Бу киши аябай капталдап бастырат тура, а мен өзүм болгондо мобундай тик ылдый эле салат элем... – деп кыйын болуп келатканымды билем. Баса, Ак-Сайда жүргөндө “аттарды көп чаппагыла, түтөгүп өлөт” деп улам-улам эскертишчү. Анткени ал жак – деңиз деңгээлинен 3,5–4 миң метрге чейин жеткен бийик жерлер эле. Асанбек Кыдырназаров жездемдин эң чоң боз үйүндө олтуруп колхоздон, райондон келген жетекчилерге комуз чертип, дастандарды айтып берчү. Баш-шыйрак куйкалап атып, улам чуркап бара калып, боз үйдүн сыртынан ал кишинин айткандарын тыңшачумун.