📌НАМАЗ ОКУБАГАНДЫГЫ ҮЧҮН БЕРИЛҮҮЧҮ АЗАПТАР ТУУРАЛУУ ХАДИСТЕР:
Жабир ибну Абдулло (розияллоху ъанху) риваят кылат, Пайгамбарыбыз (саллалоху ъалайхи ва саллам) айтты:”Намазды таштоо адамды каафырлыкка жеткизип коёт”.Дагы бир жерде айткан:”Пенде менен-каафырлыкты бириктире турган нерсе-намазды таштоо”.Дагы бир жерде:”Ыйман жана каафырлыктын ортосундагы айырма-намазды таштоо”-деп айтылган.
Убайда ибну Самит (розияллоху ъанху)айтат:”Мага сүйүктүү досум Пайгамбарыбыз (саллалоху ъалайхи ва саллам) 7-нерсеге насаат кылды,анын төртөөсү булар: Алла Таалага эч кимди шерик кылба,сени кесип бөлүк-бөлүк кылса да же күйгүзүп өрттөсө да же сени дарга асып салса да.Атайлап намазды таштаба.Эгер кимде-ким атайлап намазды таштай турган болсо,ал динден чыгат.Алла Таалага эч качан күнөө жасаба, андан Алла Таала нааразы болот.Арак ичпегин анткени ал баардык күнөөнүн тамыры”.
📑 Фазаил’амал китебинен.
https://t.me/Nice_Picturre