“Мен эмнеге капамын”
Тагыраагы мен эмнеге капа эмесмин деп суроо берсек болчудай.Анткени азыркы учурда капа боло турган нерселер ушунчалык көп, жазып бүтүрө албайсың.
Кыска кыдып айтканда мен азыркы “маңкуртчулука” капамын. Ооба, инсандардын маңкуртчулугуна.
Кыска гана жашоодо өзүнү робот сымал акча табууну максат кылышып, өзүнүн инсан экенин унутуп калган маңкурттарга…
Албетте баары эмес, бирок, көпчүлүк…
Акылы бар инсан жок дегенде өзүнө мен эмнеге жаралдым? Эмнеге жашап жүрөм? деп суроо берет. Өзүнү издейт. Тилеке каршы инсандардын өмүрү түгөнүп бүткөнчө бул суроону ойлоп да койбогондор канча?
Тилеке каршы бул заманда ишканаларда, окуу жайларда, керек болсо мектептерде да, “Кантип көп акча табат? жакшы окуп жакшы иштесе көп акча табып, бактылуу болот деп үйрөтөт.
Ошону менен бирге “Сен эмнеге жаралдың? Эмнеге жашап жүрөсүң? Чыныгы бактылуулук кайда? Адамдагы аруу сапаттар, адеп-ахлак, адамгерчилик деген маанилерге басым жасашса эле.
Дүйнө багына эмне үчүн келдиң?
Гүл териш үчүнбү? Соолуп кала турчу гүлдөр үчүн ушунча аракеттин эмне кереги бар? Демек, гүл тергени келбедик. Анда эмнеге? Канчалык каалабаса да инсан мына ушул суроого жооп берүүгө мажбур?
Эмне үчун баары туура жолдо жүрбөйт билесизби? Анткени тыңдап жаткандарын башындагы кулагы менен угуп жатканы үчүн.
Зарылы, жүрөктүн кулагы менен, руху менен угуусу эле.
Анткени адам руху менен тирүү эсептелет.
Кылымдар соңунда соолуй турчу күн менен жашоо аягына жетет.
Күнгө күйүүчү май берүүчү аппарат барбы? Жок! Демек дүйнөнүн акыры болот. Муну илим да, изилдөө да тастыктоодо. Дүйнөнүн акырын көрбөсөк да, адамдын жашоосунун акырын өз көзүбүз, өз кулагыбыз менен угуп, көрүп атпайбызбы? Бир даанышман айткандай “Адамды өлүм тарбиялайт”
Бирок азыркы адамдарды өлүм да тарбиялай албайт көрүнөт. Бир күн карегин жаштап, жана өзү өлбөчүдөй баарын унутуп, өмүрүн уланта берет.
Тагыраагы ар кимдин өз тандоосу өзүнөн!