PAKIZAM.KG🌷


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


فَإِنَّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْرًا
Акыйкатта кыйынчылыктын артынан жеңилдик келет. 94:5

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


Исламда аял – дүйнөнүн кутусундагы баалуу бермет.

Аллах Таала аялзатын эң чоң акылмандык жана сүйүү менен жараткан. Аял – жөн гана эне, жубай же эже эмес. Ал – баалуулуктардын сактоочусу, келечек муундарды тарбиялоочу, мээримдүүлүктүн жана жарыктын булагы.


Сенин баалуулугуң башкалардын көз карашына же заманбап моданын талаптарына көз каранды эмес. Ал сенин табиятыңда бар. Сенин ыймандуулугуң, чыдамкайлыгың жана жүрөгүңдүн күчү сени кымбат кылат. Жабыксыңбы же ачык, сенин негизги кооздугуң – бул такыбалыгың жана жүрөгүңдүн тазалыгы.🫀✨


Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи ва саллам): «Силердин эң жакшыларыңар – өз аялдарыңарга эң жакшы мамиле кылгандарыңар»,– деп айткан. Бул сенин урмат-сыйга жана камкордукка татыктуу экениңди эскертип турат. Ошондой эле сенин маанилүүлүгүңдү, миссияңды да эскертет.


Сенин хижабың жөн гана кездеме эмес. Ал сенин намысыңды коргоочу «калкан» .Бирок сен али жабык эмес болсоң, билип кой, Аллах сенин аракеттериңди көрөт. Аллахтын ыраазычылыгына жакындаган ар бир кадамыңды кабыл кылат, анткени Ал – Эң Боорукер, Эң Кечиримдүү.


Жан дүйнөң ыйман жарыгы менен толсун, жүрөгүң тынчтыкка бөлөнсүн. Сенин иш-аракеттериң ички дүйнөңдү кооздосун, ошондой эле сенин сырткы көрүнүшүң да сенин тазалыгыңды чагылдырып турсун.🕊️


Сен – бул дүйнө үчүн чоң белексиң. Өзүңдү таза сакта, билимге умтул, жакшы сапаттарды өнүктүр жана унутпа:
“Аллах Таала өзүнүн ыраазылыгын издегендер менен дайыма бирге”.✨


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


‏Адам баласы эң мыкты жаратылган жандык. Бирок анын мыктылыгы бекем үй-бүлө куруусу менен ортого чыгат. Ушул себептен улам, үй-бүлө адам баласын тарбиялап жашоого үйрөткөн, ахлак жана мүнөзүнө форма берген таалим борбору болушу керек. Ошондо гана адам баласынын ички дүйнөсү, руханияты өнүгүп, пайгамбарлардын жана олуялардын жашоосунан үлгү алат.
‏Ал эми үй-бүлөнүн тынчтыгы жана бекемдиги эки тараптын тең бири-бирине карата мамилесинен, ар кимдин укугуна урмат көрсөтүүдөн башталат.

‏Үй-бүлөдө тынчтыкты орнотууда аятта өткөн “ /Алладан корккула!” деген буйрукка ылайык такыба болуп жашоонун орду чоң. Чындыгында бул дүйнө аялдын укугун тепселөө менен тозоко, анын укугун коргоо менен бейишке айланат. Азирети Мухаммед Мустафа (саллаллаху алейхи ва
‏саллам) коштошуу кутбасында аялдын укуктары тууралуу мынтип айткан жери бар:
‏“Эй, адамдар! Аялдардын укугун коргогула! Аларга ырайымдуулук менен мамиле жасагыла! Аял маселесинде Алладан корккула! Силер, аялдарды Алладан аманат катары алдыңар. Алардын намысын, аруулугун коргоо үчүн Аллага сөз берип өзүңөргө адалдадыңар!” (Сахихи Бухари Мухтасары, 10-том, 398).
‏Аялдарды болочок муунду тарбиялоодон алыстатып, аларды табиятына ылайык келбеген жумушта иштетүү же багыт берүү акылга да ыйманга да жатпаган маселе. Анткени, ар ким табиятына жараша өз ишин аткарса гана үй-бүлөдө тынчтык, бактылуулук пайда болот.
‏Ушул максатта гана негизделген үй-бүлө Исламда идеалдуу үй-бүлө катары каралат. Үй-бүлө куруунун материалдык да моралдык да жагы бар. Эки жактуу болбосо, анда жөн гана бирге жашоону максат кылган болот. Бул максат менен курулган кайсыл үй-бүлө болбосун кээде көпкө узабай ыдыраса, кээде бактысыздыкка батып мажбур жашап келишет. Албетте, эч ким мындай жашоону каалабайт. Ошондуктан хадисте да айтылгандай эле үй-бүлөдөгү ажырашуулар Алла Тааланын “Аршын” титиретет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деген:
‏“Үйлөнгүлө, ажырашпагыла! Анткени ажырашуу (талак берүү) болгон кезде “Арш” титирейт...” (Али аль-Муттакий, IX, 1161/ 27874)


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Ар бир улут эркеги менен өсөт, көтөрүлөт, бирок аялзаты болмоюн бул өсүү толукталбайт. Аялзатысыз же эркексиз бир улуттун өсүп-өнүгүүсү мүмкүн эмес. Экөөнүн ортосундагы мамиле үйдөн сырткары, мисалы, эркектин жумушуна да таасирин тийгизет. Эгерде эркек үйдө бактылуу болсо, жумушуна оң, бактысыз болсо терс таасирин берет. “Вазир жакшы хан жакшы, аял жакшы эр жакшы” дейт эмеспи. Өлкөнүн өнүгүүсүнө аялзатынын деңгээли канчалык даражада таасирин тийгизсе, өнүкпөй артка кетүүсүнө да ошончолук даражада таасирин тийгизет. Бул тууралуу тарыхтан көптөгөн өрнөгүн көрүүгө болот. Демек, бекем үй- бүлө куруу ар бир элдин муктаждыгы.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Аял - бул бриллиант.
Ал эч ким тийе албаган асыл таш сыяктуу.

2) Зарыл учурда аял жумуш издөөгө укуктуу,
бирок бул анын милдети эмес - торолгон олгонго чейин эркек туугандары же куйорсу аны
багууга милдеттуу.

3. Аял төөрөт маалында каза болсо, ага бейиште ыйман учун шейит болгон адамдын даражасына
барабар жогорку даража берилет.

4. Уй-булөдө кыздын төрөлушу - бакыт.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты
болсун) эки-уч кызды чонойткон адамга чон
сооп убада кылган.

5. Кош бойлуу аял ар бир тунуно түнү ибадат менен өткөргөн түндөй орозо карманган к
кундөй сооп алат.

6. Баланын төрөлүшүү учун аял 70 жылдык
намаз жана орозо кармагандай сооп алат.
жана тарткан азабына 1 ажылыктын сообу.

7. Бала эмизген эне ар бир тамчы суту учун 1 сооп (1 саваб) алат.


📍 Эгер бардык жубайлар акыларын
талап кылбастан, милдеттерин да билип, аны толук
аткарышса, бактылуу болушмак. Бул макалада
эркектин аялынын алдындагы милдеттери тууралуу сөз
кылабыз.

1. Махр беруу
Эркек нике кыйылып жатканда, аялы айткан өлчөмдөгү
махрды беркуге милдеттуу. Бул тууралуу Куранда
айтылат: «Баш кошкон аялынарга махр-калынын чын
дилден бергиле. Эгер алар калындын каисы бир бөлугун өз ыраазылыгы менен силерге багыштаса,
анда аны алсанар болот...»
(Ниса, 4).

2. • МАТЕРИАЛДЫК ЖАКТАН КАМСЫЗДОО
Аллахтын элчиси с.а.в айткан: "Озунөр жеген нерседен
аларга (аялынарга) да жедиргиле, езунөр кийгенди
аларга да кийгизгиле" (Абу Дауд).
Аял тапкан каражатын уй-булөлөсүнө сарптоого
милдеттуу эмес. Аялды багуу, анын муктаждыктарын
камсыздоо эркекке жуктөлгөн.

3. ЖАКШЫ МАМИЛЕ КЫЛУУ
Ислам эркекти аялына мээримдуулук менен жумшак
мамиле кылууга чакырат. Аллахтын элчиси с.а.в
жубайларына жакшы мамиле кылгандардын сап
башында турат. Ал өз хадисинде мындай деген: "Эн
жакшынар - аялына жакшы мамиле кылгандар..
Силердин аранардан мен да аялына жакшы мамиле
кылгандарданмын".

4. Жардам беруу
Пайгамбарыбыз с.а.в кийимдерин өзу жамап алчу, эчки
саачу. Уй-тиричилигинде жубайына жардам беруу
суннөт болуп саналат. Айшадан Аллахтын элчиси уйдө
эмне менен алек болгондугун деп сураганда: "Уй иштери менен алек болчу, намаз убактысы болгондо мечитке барчу", - деп айткан.

5. Кемчилдиктерин кечируу
Эркек жубайынын катачылыктарын кечире билгени
жакшы. Пайгамбарыбыз с.а.в жубайлары сезимге
алдырып, туура эмес кадамга барганда, токтоо жана
сабырдуулук менен мамиле кылган. Хадисте келет:
"Момун эркек момун аялды жек көрбөшү керек.
Эгерде анын мунөзунун кайсы бир жери ага жакпаган
болсо, анда ал башкасынан ыраазы болот" (Муслим)

6. ЖОЛ KOPCOTYY
Эркек - уйдун башчысы, акыретте уй-булесу учун жооп
берет. Ошондуктан ал аялдын шариятка туура келбеген
кадамдарын тыйып, жол көрсөтү керек. Уй-булөсүнө
шариятты тушундурө алгыдай денгээлде илими болушу
зарыл.

7. ТУУГАНДАРЫН СЫЙЛОО
Пайгамбарыбыз с.а.в жубайы Хадижанын туугандарын ал
каза болгондон кийин да унуткан эмес. Кой сойгондо, эттин бир белугун аларга жиберип турган. Мунун озу эркек жубайынын туугандарына жакшы мамиле жасаш
керектигин далилдеп турат.

8. ОЗУН КАРАП, ЖАКШЫ КӨРҮНҮШТӨ БОЛУУ
Ибн Аббас (р.а) айтат эле: Аялымдын мен
учун кооздонуусун жакшы көрунгөндөй эле,
мен да аялым учун кооздонууну жакшы көрөм".

9. МААНАЙЫН КОТОРУП, ТАМАШАЛАШУУ
Аялы менен азилдешип, тамашалашып
туруу да эркектин милдети болуп саналат.
Бул аялдын көнулун көтөруп, бактылуу
кылат. Пайгамбарыбыз с.а.в жубайларынын
мунөзүнө жараша азилдешип, ойноп-
кулгөн. Алтургай эки жолу Айша энебиз
(р.а) менен жарышып чуркаганы айтылат.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Аялзаты дуйнего суйулууг, сулуу жана
бактылуу болууга жаралган...


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Сизге көптөгөн сапаттарга ээ болуу учун чон эмгек кылуу талап кылынуусу мумкун. Бирок назик болууга көп деле мээнеттин кереги жок. Сизди эркек кишиден айырмалап турган биринчи сапатыныз - назиктигиниз. Ар бир аял назик болуп, эркекти өзунө кам кордуруусу керек. Эркек киши канчалык кучтуу болгон сайын эркектиги кемелине жеткен сыяктуу, аял киши канчалык назик болгон сайын ажарына чыгат. Куйөө назик гана аялды суйө алат. Алардын табияты ушундай. Аял киши канчалык назик болсо, эркек киши ага ошончолук тартылып, делебеси козголуп турат. Сиздин назиктигиниз балапандарынызга эн жакшы мекен. Бөбөк атасынын колунда өзун ынгайлуу сезе албайт.


Аялдын барктуулугу тууралуу

Аялдарды ыйлатуудан абайла! Анткени Алла анын
ар бир көз жашын эсептеп турат.


Аялды жоомарт инсан гана барктайт. Ал эми то-
мон адам гана кордойт.

*Мухаммад (с.а.в.)*


Качан тарыхтагы баатырлардын жасаган эрдиктери тууралуу жазышканда, билиниз, бул жерде
аты аталбаган аялы тууралуу да сөз болуп жатат.


Аялдар адамзаттын эн биринчи мугалимдери.


Эркек киши озунун аракетчилдиги менен каалаган
нерсесине жете алат. Ал эми аял сабыры жана такыбалыгы менен каалаган эркекти багынта алат.


Жер жузунде сулуу аялдардын санынчалык жетишкен мырзалар жок.


*PAKIZA_AYAL.KG*

🫀📚


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Абу Муса (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Аллах Таала мага берген туура жол менен илим, жерге жааган жамгырга окшош. Жердин бир бөлүгү түшүм бере турган жер болчу, ал өзүнө сууну сиңирди да, анын үстүнө ар түрдүү өсүмдүктөр өнүп чыкты. Ал эми жердин экинчи бөлүгү катуу болгондуктан ага суу сиңген жок. Бирок, адамдар аны ичүү, мал сугаруу жана жер сугаруу үчүн пайдаланышты. Ал эми жердин үчүнчү бөлүгү жантайма болгондуктан суу токтобостон агып кетти. Ал жерден өсүмдүктөр да өнүп чыккан жок жана суу дагы топтолгон жок. (Бул жердин биринчи жана экинчи бөлүгү) Аллах мага берген туура жолдон пайда көрүп, илим алышып, аны башкаларга үйрөтүшкөн адамдарга, (үчүнчү бөлүгү болсо) өзү илимге умтулбай жана Аллах мага берген туура жолду да кабыл албай койгон адамдарга окшош» - деп айткан. (Бухарий, Муслим).










Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram

Показано 20 последних публикаций.