Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Ар бир улут эркеги менен өсөт, көтөрүлөт, бирок аялзаты болмоюн бул өсүү толукталбайт. Аялзатысыз же эркексиз бир улуттун өсүп-өнүгүүсү мүмкүн эмес. Экөөнүн ортосундагы мамиле үйдөн сырткары, мисалы, эркектин жумушуна да таасирин тийгизет. Эгерде эркек үйдө бактылуу болсо, жумушуна оң, бактысыз болсо терс таасирин берет. “Вазир жакшы хан жакшы, аял жакшы эр жакшы” дейт эмеспи. Өлкөнүн өнүгүүсүнө аялзатынын деңгээли канчалык даражада таасирин тийгизсе, өнүкпөй артка кетүүсүнө да ошончолук даражада таасирин тийгизет. Бул тууралуу тарыхтан көптөгөн өрнөгүн көрүүгө болот. Демек, бекем үй- бүлө куруу ар бир элдин муктаждыгы.