Баарыбыздын айланабызда өзүнүкүн бербеген, ашыкча көк адамдар бар.
Кээде канчалык туура болсоң да, башкалар менен тил табышып, консенсуска барып, жалпыга ыңгайлуу шартка ылайыкташууга мажбурсуң. Буга байланыштуу түрктөрдө жакшы сөз бар, "Ар бир туура сөз ар жерде айтыла бербейт" (Her doğru her yerde söylenmez).
Бир кадам артка, эки кадам алдыга.
Антпесе, ууру менен алышып отуруп, жараксыз жалгыз калган мобул дөңгөлөктөй абалга туш болосуң. Турмуштун шарттары ууру сыяктуу сени аяп отурбайт. Сенин туура же ката, ким экендигиң маанилүү эмес. Өзүнө керектүү бөлүгүн алып, сенин ордуңа туура көргөн башка бирөөнү колдонуп кете берет.
Бул дөңгөлөктү көрүп, негедир оюма ушул келди.