Azzambek Jeenbai Uulu


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Психология


Бул каналда турмуш сабактары, коомдогу маселелер тууралуу:
- Ой толгоо;
- Котормолор;
- Китептен үзүндү;
- Ой чабыт;
- Сунуш-пикирлер;
- Чечимдерди...
... жазып турам. Сизди кызыктырган теманы чогуу талкуулайлы.
#Pikirlesh

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Психология
Статистика
Фильтр публикаций


Туура 2 жыл мурун ушул күнү, 19-ноябрда ата-энемди аэропорттон умра сапарына жөнөтүп жатып, экөөнү сүрөткө тартып алган экем. Ушул боюнча атам сапардан кайтпай калды. 😥 Убакыт өтө берет тура. Ошондон бери жакын адамдарды алыска узатканда "акыркы жолугушуу болбосо экен" деген коркуу сезим бир келип кетет.

Атамдын сүрөттөрүн, видеолорун көп көрө албайм. Негедир ыңгайсыздана берем. Кээде бир көз жүгүртүп, токтоно албай көз жашымды төгүп алам. "Убакыт - дары" дейт. Бирок, тескерисинче, убакыт өткөн сайын сагыныч күчөп, бошогон боштук ого бетер чоңоюп келет...

Атаң-апаң тирүүбү? "Ооба" дегендер чынында бактылуу! Анткени атаң-апаң менен кошо дуба эшиги да кошо жабылат дейт динибизде...


Кел, сүйүктүүм...

Кааласаң жар бол,
Кааласаң жара...
Көңүлүмдүн дартын да,
Жүзүмдүн саргайганын да сураба...

Кел, көңүлүмдүн жартысы...

Ойлоп бир сени, ой-санаа койбоду,
Жүрөккө сактап сени, ага да болдобу...

Эх, жан дүйнөмдүн жартысы...
Ашыктык – сүйгөнүңдөй эмес, күйгөнүңдөй...

© Seyyah'ın Not Defteri баракчасынан алынды (түркчөсү: https://www.facebook.com/share/v/15Lj3TogmL/)
_

#PS: Түрктөрдүн ыр жазуу стили биздикинен башкачараак. Ырдын мааниси эмне жөнүндө экенин билген менен кимге арналганын билиш таталыраак. Анткени диний акындары Кудай менен Пайгамбарга да дал ушул стилде кайрылат. Кантсе да, ар кимдин абалына жараша дартына даба болор ыр болуптур.


* * * * * * *
Бир аз кан жүгүрткөнчө теннис ойноп, баарлашканча чай ичип чыгып, телефондон акыркы маанилүү иштеримди бүтүрүп алдым. Машинедемин, ой басып көпкө отуруп калыптырмын. Мен машинеге отуруп атканда кофейня тарапка велосипедчен курьер да келаткан. Анын отурганын байкабаптырмын. Эми минтип үйгө жөнөгөндө көзүм түшүп калды. Сумкасынан тамагын чыгарып, тамактанып атыптыр. Көчөдө 2°С. Шаша-буша жеп, кайра жолун улай кетти...

Ар кимдин өзүнө жараша түйшүгү бар. Ар ким ырыскысын ар кайсы жерден, ар кандай жумуштан табат. Бирөө күндүзү, дагы башкасы түндөсү, башкысы адалдан болсо...

Мага күч берген "Бакара" сүрөсүндөгү "Эч кимге өзү көтөрө албаганчалык жүк берилбейт" (мааниси) деген айт.


* * * * * * *
Кээде бүтүндөй ааламды куткаргандай кубанычтуу сезим болсо, кээде тескерисинче — чымчыктын уясын бузгандай аянычтуу абалга кириптер болосуң. Бир караганда жарга такалгандай көрүнгөнү менен чынында жаңы бийиктиктердин башаты болуп чыга келет. Же тескерисинче..

Айтор, бу дүйнө дегениңдин баш-аягы жок тура. Көргөнүбүзгө ишенип, көзүбүзгө урунганы боюнча баа бергенибиз менен иштин туура жерин көбүнесе көкүрөгүбүздөгү ички туюм менен аңдап билебиз. Башкысы, адам кандай гана иштин үстүнөн чыкпасын, натыйжага эмес аракетине жооптуу экенин унутпаса.

Турмушуң — эшек араба,
Туулдуң, калдың балээге...


***

Жалтырак буюмдун өмүрү кыскараак,
Айрыкча баасы болгондо арзан.
Адамдар да болот - арзан-жалтырак,
Ал адамдардын убадасы жалган.

Күрөшкөн жерде, жыгылуу да бар,
Жыгылсаң турасың, болбо бушайман.
Аракет кылбастан, күтсөң этибар,
"Мен - эркек, жигит!" - дегениң жалган!

Миң аалым болсоң да керилбей жүр,
Элиңдин мүшкүлүн чечпесең эгер.
Он беш дипломуң бар болсо бардыр,
"Мекенге керекмин" дегениң бекер.

Өтөт бул жашоо да эртели-кеч,
Түбөлүк жашай албайт эч инсан.
Жердешиңдин табытын көтөрбөсөң эч,
"Шу элдин уулумун" дегениң жалган.

Байлыгың болсо, а дилде санаа,
Үйүңө келбесе дос-жолдошторуң.
Урунган табагың болсо да алтындан,
"Баймын" деп көкүрөк какканың жалган.

Адамдар мээримдүү же боорлору таш,
Эч бир жүрөктө калбасын арман.
Той берип элиңе таркатпасаң аш,
"Элимдин уулумун" дегениң жалган.

Конок келгенде болбосоң курсан,
Кубанып кетпесе үйүңдөн мейман,
Калпакты кийсең да башыңа алты,
"Кыргызмын" дегениң чынында жалган.

_
Өзбекчеден которулду, бир гана "өзбек" деген жери "кыргыз" деп өзгөртүлдү.


Жараткандан башкага көз каранды болуу – адамдын максатка жетүүдөгү жолдорун тарытат, чоң иштерди жасоого тоскоолдук жаратат. ©AJU


* * * * * * *
Бир күн досума айттым, "Сен абдан жакшы адамсың. Бирок муну мындай, тигини тигиндей кылсаң, дагы да жакшы болосуң." Мага карап, таңыркай бир жылмайып алды да, "Жакшы го, бирок анда мен мен болбой эле, сен болуп калам да. Мени өзүңө окшоштурбай жакшы көрө албайсыңбы?" - деди...

Ооба, жакшы көргөн жакындарыңызды өзүңүзгө окшотконго аракет кылбай, кандай болсо ошондой кабыл алыңыз. Мындай абалда дагы да бактылуу болосуз.

* * * * * * *
Эй, көңүл, эми сенден сурайын, "Кайсы сүйүү дагы жогору? Түшүндүрүп, тилге келгенби? Же түшүндүрбөй, жүрөк тешкенби?"

* * * * * * *
Жамандык кылган жамандык көргөндөн да азапка көп дуушар болот. Анткени жан дүйнө азабы - анын эң чоң жазасы.

* * * * * * *
Эгер сен таш боор, муздак болсоң - адамдарды жаралайсың.
А эгер сезимтал, боорукер болсоң - адамдар сени жаралайт...

__
© Которгон: Azzambek Jeenbai uulu


Бардык жамаатта өзүнө тиешелүү жазылган жана жазылбаган эреже-тартиптери бар. Бул жумуш, үй-бүлө, достор, жакын туугандар чөйрөсү ж.б. Мындай эреже-тартиптердин негизги максаты - жамаат мүчөлөрүнүн өз ара мамилесин жөнгө салуу жана албетте, байланышты күчөтүү. Байланыш - бул туура мамиле, өз ара түшүнүшүү, келишпестиктердин алдын алуу, сый-урмат, сүйүү ж.б.

Мен өз тажрыйбамдан үйдөгү жана жумуштагы 2 мисалды келтирейин, балким башкаларга да пайдасы тийип калар.
1. Үй-бүлөдө. Үйдө баарыбыз өзүбүздү жупуну, каалагандай алып жүрөбүз. Үй-бүлө мүчөлөрү бири-биринин алдында түздөн-түз милдеттенме алган эмес, бирок баары илгертен калыптанып калган жумуштарды жасап келет. Мисалы, аял киши тамак-аш, үй тиричилиги менен алектенсе; эркек киши сырттагы жумушту кыйратып келип (😄), үйдө бутту асып жатат. Улуу муунда балдарды каралышуу, алар менен ойноо деген түшүнүктөр дээрлик болгон эмес. Кандайдыр бир себептер менен эми гана бул көрүнүш жаңылык катары ортого чыккандай. А балдар өзүнүн бүтпөгөн оюну менен алек; чоң ата - чоң эне радио же ТВ көрүү менен өзүлөрүн алаксытышат, китеп окуганы көп эмес. Башкача айтканда, баары бир ортого келип, бирдиктүү иш-аракеттин тегерегинде чогулганы өтө сейрек кездешет.

Биздин үйдө буга байланыштуу 2 орток иш-аракет бар:
1) Чогуу китеп окуу. Албетте, такай жасоо кыйын, бирок дайыма аракет кылабыз. Ата-энени көргөн балдар да китеп окуганы ынтызар болот. Мисалы, 3 жашар кызымдын 20дай китеби бар, күн сайын өзүнүн тандоосу менен бир китепти окутуп, жомок менен уктайт. Мындайча айтканда, бизди да китеп, жок дегенде жомок окууга мажбурлайт.)
2) Кино көрүү. Негизи кино көрүүгө убактымды кызганам. Бирок бул да жакшы үй-бүлөлүк социалдык иш-аракеттердин катарын толуктайт. Бизде жумасына бир кино көрүү адаты бар. Бул үчүн жөнөкөй кино эмес, жакшы сериал тандап алган туура болот. Анткени улам кызыгы келгенде бүтүп, кийинкисин утурлай күтө баштайсың. Өткөн жумадан баштап Зуура Сооронбаеванын чыгармасынын негизинде MediaStar тарткан "Чоочун киши" сериалын көрө баштадык. Тарбиялык мааниси бар, сапаттуу тартылган фильм. Өзгөчө китебин окубагандар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

Мына ушундай мен үчүн жагымдуу көрүнүш деген адаттар.

Жаш кезибизде ыраматылык атам баарыбызды бирдей чогултуп, жашына карап тамактанууну баштатчу. Тамак учурунда сүйлөшкөнгө чек койчу (азыр биз сүйлөшүү үчүн дасторконго чогулабыз). Бүткөндөн кийин жашына карап кайрадан Курандан сүрө айттырып, өткөндөргө бата кылып дасторкондон турчубуз. Биздин баарыбызды бириктирген нерсе, менимче, ушул адат болгон.

2. Жумушта. Иштеген жерибизде да үйдөгүдөй эле ар кимдин өзүнө тиешелүү жоопкерчилик-милдети бар. Азыркы түшүнүктө тимбилдинг (команда куруу) түшүнүгү пайда болуп, көптөгөн иш-аракеттер бар. Албетте, убакыттын өтүүсү менен улам жаңыланып турат. Биздин ишканада өзгөрбөгөн бир эреже бар - бул жумуш башталардан жана чогулуш башталардан мурда китеп (айрым учурда макала) окуу. Мен биринчи жумушка келгенде ушул көрүнүштү көрсөм, азыр да буга амал кылганга аракет кылам. Мурда китеп окуу ошол учурдагы директор тарабынан коюлган милдеттүү тапшырма болсо, азыр анчалык катаал шарт коё албай келебиз. Анткени муун алмашып, ошого жараша түшүнүктөр да калыптанат экен. Бирок чогулуштан мурда китеп окууну аксатпаганга аракет кылабыз. Жылдын башында орток бир китеп баштап, ар жыйында бирден тема окуп отуруп, жыл аяктаганда жок дегенде ошол китепти жамаат менен чогуу бүтүргөнүң билинбей калат. Муну да жакшы адат деп эсептейм.

Сизде үй-бүлө жана жумушка тиешелүү кандай адаттар бар?


* * * * * * *
Башты жерге салдырбаган жалгыз нерсе - бул чынчылдык.

* * * * * * *
Жүрөктөн чыкканды угуу - сага качан эмне керектигин билдирет. Баштан келген (акыл) менен жүрөктөн келгендин айырмасы эки башка, муну билишиң керек, үйрөн. Баштын (акыл) сүйлөгөнү - коомдун үнү, жүрөктүн сүйлөгөнү - түбөлүктүүлүктөн келет.

* * * * * * *
Түшүнгүсү келген - сүйлөгөнүңдөн дароо түшүнөт, унчукпаганыңдан да. Түшүнгүсү келбегенге кыйкырсаң да пайдасыз.

* * * * * * *
Сөздөрдө жалгандарды, жыгылганда жыландарды билүү жана башыңдан өткөргөн бүтүн кыйынчылыктарга карабай келечекке үмүт менен карай алуу, жашоого бекем кармануу, бул дүйнөдө адам бойдон калуу үчүн кээде болуп көрбөгөндөй күч-аракет керек.

* * * * * * *
Жашоодо 5 түрдүү адамдардан алыс бол:
1. Кайдан келгенин унуткандан;
2. Жалган сүйлөп, ага өзү да ишенгенден;
3. Жолго чыгып, жеке кызыкчылыгы үчүн жолдошторун (сапарлаш) саткандан;
4. Өзүн акылдуу сезип, бардык айып-кемчиликти сага оодаргандан;
5. Эң бактылуу көз ирмемин бир сүйлөм сөз менен кыйраткандан.

_____
© Которгон: Azzambek Jeenbai uulu


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Ибн Хазм кандай жакшы айткан:

❝ Көпчүлүк оору ашыкча күтүүлөрдөн келип чыгат. Күтүүнү азайтсак, жашоонун жүгү жеңилдейт.❞

Күтүү – бул көйгөй, күтпөө – даба.

Бири-бирибизге кыла турган эң чоң жакшылык – бул көтөрө алгыдай деңгээлде күтүүдө болуу.

____________
© Которгон: Azzambek Jeenbai uulu


Түшүмө кирчи, ата...

Дубалдын аркы бетинен күрс-күрс эткен коңшунун жөтөлгөн добушу. Күрс-күрс! Жерден кудук казандагы жаңы чыккан суунун үнүндөй кээде тынымсыз күрсүлдөп алат да, кайра тынчый түшөт. Ал басылганда менин жооп жөтөлүм башталат. Күрс-күрс! Терчил жаным саат сайын көйнөк алмаштыра берип чарчап да калдым. Мунун айынан уйку да чала. Суу-тер болгон көйнөгүм менен бүт денемди сүртүп мешке жаям да, 2 саат мурда кургатканы жайган ак футболкамды кийдим. Андагы жылуулук бүтүндөй денемди сыйпалап, бир саамга жагымдуу маанай тартуулады. Кайра төшөккө оронуп, күрсүлдөп жөтөл менен алышам. Бир оңго карап, ыңгайсыздыктан кайра солго кыйшаям. Бир канча күндөн бери бир жерде жата берип денем да бул абалдан тажады. Балдарыма жукпасын деп обочолонуп жалгыз жатам. Кошуна менен жарыша жөтөлүп, үйдө жатканыма 4 күн болду. Телефон карайм, андан тажаганда өткөн-кеткенге ой салып, бир калыптагы уйку тартипсиздигинен улам кайрадан сулайган бойдон уйкуга бой таштайм...

Кара-Бак. Айылда жүрөм. Таятамдын үйүнө жанаша жайгашкан мечиттен азандын үнү жаңырды. 40 жылдан ашуун азан айткан таятамдын тааныш, кулак-мээге сиңген үнү. Аллаху-Акбар, Аллаху-Акбар!... Адатта, элдин баары мечитке чогулганда, анан таятам саатын карап азан баштайт. А биз, үйдөгүлөр таятам мечитке жөнөгөндө дааратка туруп, азан бүткөндө шаша-буша чуркай калабыз. Азыр да ошондой болду. Мечиттин кире беришинде дарбазанын үстүнө балакана (жайында отурганга даярдалган үстү жабык сөөрү) бар. Дарбазадан чуркап кирсем, балакананын тепкичинин жанында атам менен бет келип калдым. Мечиттин короосуна кире бериште жапыз дөбө болчу, таятам ошол жерден азан чакырчу. Бирок бүгүнкү азанды таятам эмес атам чакырып, дөбөдөн эми эле түшүп мечитке карай басууга камынган өңдөнөт. Ошол замат жүрөгүм токтоп, оозума сөз келбей далбастап туруп калдым. "Не болду, балам, тынччылыкпы?" - деди атам.
- Ава (атама ушундай кайрылчубуз), азан айткан сизби? - деген суроомо атам таңыркай карады. "Ооба, мен" деген жоопту түшүндүм. Менин аң-таң болгонум - таятам да, атам да каза болгон. Бирок атама "Сиз тирүүсүзбү?" деп суроо узата албадым. Кучактаган бойдон өкүрүп ыйлай баштадым. Атаганат, арман дүйнө, өлдү деген атамды тирүү көрөм деген эмине! Баягы иштеп аткандагы тер аралаш жыты ошол бойдон... Канчалык ыйладым билбейм, бирок атам "Кой ыйлаба, неге ыйлайсың?" деп сооротуп жатканын билем. Сөзүнөн корс-корс күлкү аралаш өктөм үнүн сездим...

... Күрс-күрс... Кайра кошунанын көк жөтөлүнөн ойгонуп кеттим. Үстү-башым тер, муунум бошоп, эрээркеп ыйлаганы калыптырмын. Кыштын ызгаары баштала элек эл аралаган кандай оору болду экен, дубалдын артынан уктап жаткан кишини ойготкон! Ооруда эмне, алсыз пендеге уйгактай жабышып, ичтен жей берет эмеспи. Кошунам да мен өңдүү жөтөлдөн нары боло албай убара окшойт. Башкасын коюп, күрсүлдөгөн жөтөлү менен атам экөөбүздүн жолугушуубузду бузганына капаландым. Түш болсо да атамдын жүзүн көрүп, көбүрөөк дидирлаша албаганыма өкүндүм... Ушуну менен акыркы бир аптада экинчи жолу атамды түшүмдө көрүшүм. Ойгонушум менен унутуп калбайын деп түшүмдү кайталайм. Мен сыяктуу жүрөгү жараланып жүргөн бир туугандарыма, апама, атамдын бир туугандарына айтып бергим келет. Бирок көпчүлүгүн унутуп, элес-булас эсимде калганы ушул. Анда-санда WhatsApp группадан "Мен бүгүн түшүмдө атамды көрдүм..." деген кабарды угуп, бир сүйүнүп, ошол эле учурда менин түшүмө кирбегенине ичтен сызып алмайым бар. Ата, мен сизди сагындым! 😭

Өзүмдүн бөлмөмдө эмес апам экөөңүздөрдүн бөлмөңүздө жатканымда, соо эмес ооруган кезимде, жөн жерде эмес мечитте, болгондо да сиз жакшы көргөн, өзүңүз туулуп өскөн Кара-Бакта, 40 жыл таятам, андан мурда 40 жыл чоң таятам азан чакырып кеткен мечитте жолукканыбыз мага сүйүнүч, дем берди. Бирок өзүңүз оо дүйнөдө болгонуңуз аз келгенсип, сөөгүңүз алыскы Меккеде жатканы мен үчүн ого бетер кол жеткис... 😥 Сиздин өлүмүңүз менен сыймыктанам, Кудайга шүгүр! Бирок мен башкалар өңдүү атасын сагынганда мазарын зыярат кыла албаганыма, өз колум менен топурак сала албаганыма арман кылам... Дайыма дубамдасыз, ата! 😥

21.12.2023, 03:45 | Бишкек

© Azzambek Jeenbai uulu


Ой. Ой күлүк, ой жүк.

Кечээ бир киши менен сүйлөшүп отурсам, "Оюң бир жерде эмес окшойт, маселе болсо кеңиричиликте сүйлөшөлү" - дейт. Кандай билип алганынан уялып, "Жок, баары жакшы" дей салдым шашкалактап.

– Эки ийниң көтөрүлүп турат. Адамдын ою бир жерде болбой, кыжалаттанып турганда желкеси көтөрүлүп калат. Өзүн эркин алып жүрбөгөнүнөн билсе болот, – деген оюн айтты. Таң калганымды жашырган жокмун, туура тапты же жөн гана дал келүүбү, билбейм.

Негизи желке көтөрүлүп же бүрүшүп калган учур адамда көп эле болот. Ойдун күлүктүгүнөн да оор жүк экени ушул бейм. Кечээтен бери ушуну ойлоп, ийним биротоло көтөрүлүп калды.)

Тамаша орду менен, бирок жакын адамдарың оор запкы жеп, кайгыдан башы чыкпай турганда... а сенин колуңдан башка эч нерсе келбей, же кыйратып көнүл жубатарлык сөздү жөндөп айта албаганың туталантып иет тура. Чынында адам алсыз, кези келгенде эч нерсеге жөндөмсүз байкуш макулук экени талашсыз.

___
21.11.2019 | Ош


Инсанбыз...

🌼🌼🌼

Кубанычтан ыйлашыбыз мүмкүн, бирок кайгырган абалда жылмая албайбыз...

🌼🌼🌼

Көйгөйдүн үстүнө көйгөй жаратканды абдан жакшы билебиз дагы, көйгөйгө чечим тапканды жакшы биле бербейбиз...

🌼🌼🌼

Өзүбүздү күчтүү көрсөтөбүз, бирок ичибизден алсыздыкты көрөбүз...

🌼🌼🌼

Дүйнө ушундай... секунддан кийин эмне болорун билбей туруп, жылдардан кийинкини кыялданабыз...

🌼🌼🌼

Ким эмнеге ишенет билбейм, бирок мен баарынан да эң көп сүйүүгө ишенем.

___
© Seyyah'ın Not Defteri
@ Которгон: Azzambek Jeenbai uulu


"Мен силердин тагдырыңар кандай болорун билбейм, бирок мен билген жалгыз нерсе: силердин араңардан кандай кызмат кылууну издеген жана тапкандар чыныгы бакытка жетет."

- Альберт Швейцер, француз-немис дин таануучусу, жазуучу жана философ

____

“I don't know what your destiny will be, but one thing I do know: the only ones among you who will be really happy are those who have sought and found how to serve.”

--Albert Schweitzer, French-German Theologian, Writer & Philosopher

____

«Я не знаю, какова будет ваша судьба, но одна вещь, которую я знаю: единственные из вас, которые будут действительно счастливы, это те, кто искал и нашел, как служить».

- Альберт Швейцер, французский-немецкий теолог, писатель и философ


"Ыпластык деген эмне?"

Лицейдин акыркы жылдарындабыз...

Философия мугалими сабакка кирип, "Балдар, мага ыпластык тууралуу эмнени түшүнгөнүңөрдү айтып бергилечи?" деди.

Ар бирибиз өз оюбузду айттык, бирок агай бирөөсүнө да канааттанбады. Анда өзүнүн айтып берүүсүн сурандык.

- Ыпластык - болбошу керек болгон жерде болгон нерсе же киши - деди агай.
- Түшүнбөдүк, агай, бир аз ачыктап берсеңиз - деген сурообузга, агайыбыз андан ары сөзүн улады:
- Абдан жөнөкөй, балдар.

Мисалы, апаңардын чачын өөп, жыттайсыңар. Бирок ошол чачтын бир талын болсо да жеген тамагыңарда көрсөңөр, жийиркенесиңер жана бул ыпластык болот.

Жана да тамактан калган майга нан малып жейсиңер, бирок ошол майдын бир тамчысы көйнөгүңөргө тамса, ал май силер үчүн ыплас деп эсептелинет.

Ошондой эле кимдир бирөө өзүнө ылайык келбеген макамга ээ болсо, эсиңерде болсун, бул дагы ыпластык.


© Которгон: Azzambek Jeenbai uulu


* * * * * * *
Иштегендер жамандык ойлоого убакыт таба алышпайт. А жалкоолор болсо өзүлөрүн жамандыктан куткара алышпайт. (Аз. Али)

* * * * * * *
Канчалык бай болсоң да, жей ала турганчалык жейсиң. Деңизге кумганды салсаң, көлөмүнө жараша алат, калганы калат. (Аз. Мевлана)

* * * * * * *
Маданияттуу кишилерди жүйөө менен жеңсе болот. (Бедиуззаман)

* * * * * * *
"Бирөөнүн күчтүүлүгүнөн коркпо, өзүңдүн чабалдыгыңдан корк". (И. Раззаков)

* * * * * * *
Чечим кабыл алуу учурундагы эң мыкты кадам - бул туура чечим кабыл алуу, жаманы - туура эмес чечим кабыл алуу, ал эми эң жаманы - эч кандай чечим кабыл албоо. (Теодор Рузвельт)


Которгон & топтогон: Azzambek Jeenbai uulu


"Бычак кармагандын баары эле кой соё берсе болот" деген түшүнүк калыптанып баратат.

"Меники туура!" дегендер көбөйдү. Каршы пикир билдиргендин баары душман.

Жогорудан адилеттүүлүктү талап кылган эки жүздүүлөр көбөйдү.

Дарыянын агымына моюн сунган "өлүк балыктар" көбөйдү.

Милдетине караганда укугун жатка билген түркөйлөр көбөйдү.

Эң өкүнүчтүүсү, ушак-айыңдан башы чыкпай калган аксакалдар көбөйдү.

Бирок ооздон чыккан сөзүн кулагы уккан асыл инсандар азайды.

Кайсы иште болбосун, бир кетменчиге 7 кеңешчи.

Элдин кичиги болгончо, иттин күчүгү бол. Адам баарынан мурда өз ордун билсе... бирок бул чоң паам-парасатты талап кылат.

Акырет адамдарынын пейилине жараша мезгил шарттары да өзгөрдү.

Тээ караңгылык доордо да, азыркы өнүккөн доордо да, мейли жерде, мейли марста... бардык жерде, бардык шартта адамгерчилик улуу сапат баарынан жогору турат. Адам ушунусу менен адам.

Жараткандан берилген улуу сапатыбызды жоготпосок...

02.10.2018 | Жалал-Абад шаары


© Azzambek Jeenbai uulu


Баарыбыздын айланабызда өзүнүкүн бербеген, ашыкча көк адамдар бар.

Кээде канчалык туура болсоң да, башкалар менен тил табышып, консенсуска барып, жалпыга ыңгайлуу шартка ылайыкташууга мажбурсуң. Буга байланыштуу түрктөрдө жакшы сөз бар, "Ар бир туура сөз ар жерде айтыла бербейт" (Her doğru her yerde söylenmez).

Бир кадам артка, эки кадам алдыга.

Антпесе, ууру менен алышып отуруп, жараксыз жалгыз калган мобул дөңгөлөктөй абалга туш болосуң. Турмуштун шарттары ууру сыяктуу сени аяп отурбайт. Сенин туура же ката, ким экендигиң маанилүү эмес. Өзүнө керектүү бөлүгүн алып, сенин ордуңа туура көргөн башка бирөөнү колдонуп кете берет.

Бул дөңгөлөктү көрүп, негедир оюма ушул келди.




Досумдун кемчилиги тууралуу жалаң өзү менен сүйлөшөм. Денис Дидерот

* * * * * * *
Бир адамга сырыңды айтсаң, эркиндигиңди да кошо бересиң. Fernando de Rojas

* * * * * * *
Күрүчтүн ичиндеги кара таштан эмес, ак таштан корк. Жапон макалы

* * * * * * *
Көнүл бур же бурба, маанилүү эмес, бирок көңүл бургандай түр көрсөтпө. Саади Ширази

* * * * * * *
Татыктуу болбогон бирөөгө бир нерсе берсең, аны сөзсүз жоготот. Чарлс Буковски

* * * * * * *
Чыдагыс болгон нерсе, негизи жашоо эмес, адамдар экен. Franz Kafka

* * * * * * *
Жашоонун кеңдиги, узундугуна караганда маанилүү. Ибн Сина

_
© Которгон: Azzambek Jeenbai uulu

Показано 20 последних публикаций.