Башыңа бак консун! - дегендин мааниси
Бак алгач адамдын бутуна илешет. Аягына келген багын көтөрө албаган адам бутуңан чалынып басып, жүрүшүнөн жаңыланат. Эгер аягына келген бакты көтөрө алса, бак көтөрүлүп, белине жетет.
Белине жеткен бакты көтөрө албаган адам же урпаксыз калат, же өзүнөн тараган урпагына кесири тийет. Эгер белине жеткен багын көтөрө алса, бак өйдөлөп көкүрөгүнө чыгат.
Көкүрөккө келген бакты көтөрө албагандын көдөнүнө нан бышат.
Өзүн башкалардан жогору санайт, менменсип текебер болот. Андайдан бак кетип калат.
Эгер көкүрөгүңө келген бакты көтөрө алсаң,
бак өйдөлөп оозуңа келет. Ошол убакта айтканыңды эл угат.
Оозуңдагы бакты кармагандын эми кезеги - көзүндө. Көзүнө келген бакытты көтөрө албагандын көзүн чел басып, бар менен жокту, жакшы менен жаманды ажырата албаган акыбалга жетет. Көздөгү бакты көтөрө алсаң, бак көтөрүлүп, башыңа конот.
Кетпес бак деп ошону айтат.
Башына бак конгон адам - акылман адам. Анткени бутка илешкен бакты жоготпостон, башына чыгаруу - бир гана акылдуунун иши.
📝Шаа Бейбарс.
Бактыбыз курсакта эле калып калбай, башыбызга бак конгондордон бололу!- деп ушул жазуунун скриндерин жана видеону⤵️ ээринбей жөнөткөн Жийдегүл айымга чоң рахмат!