#ЖАШОО_САБАГЫ
Сапаттуу жашоо ар бир адамда боло бербейт. Сапатка толом деген адамдар аз сандагы адамдар. Сапатка толуу чоң түйшүктү талап кылат.
Адам сапатка толо албайт - эгер анын көрөңгөсү болбосо.
Адам сапатка толо албайт - эгерде анын каалоосу болбосо.
Адам сапатка толо албайт - эгерде ал бир нерсеге умтулбаса.
Эгерде сапатка толбосо - адам өзгөрүүдө, өсүүдө болбойт. Сапатка толгон сайын адам өзгөрө алат.
Бир сапаттан бир сапатка өтүүнү кыргыздын мисалында айтсак, бул сүттөн
каймак, каймактан май чыгаруу (ак май), майдан сары май кылуу. Сапаттан сапатка өтүүнү байкагыла: сүттүн даамы кандай, сары майдын даамы кандай, алардын сакталышы кандай? Канчалык чоң айырма бар?
Сүт бир күндүк, эгер ал жылууда турса. Сары май бир жылдык.
Сапатка адам ушул сүттөй эле болуп жете алат. Уламдан - улам өзүндөгү жеңил нерсени чыгарып, анын ордуна салмактуу нерсени алып калуу менен.
Өзүңөрдөгү жеңил нерсени чыгарган сайын силер маңыздуу, сапаттуу жана салмактуу болосуңар. Ошол сапатка толууну каалагыла. " Сапаттуу болоюн " деп эңсегиле, анан өзгөрүп, бийикке умтулуп, жеңилден арылып салмактууну уюта бергиле.
Силер өзгөрсөңөр, коом өзгөрөт.
Ар нерсе уюткулуу бир нерседен башталат. Сүткө уютку кирсе, ал уюйт. Силер уютку болсоңор, ошондо жалпы элди уюта аласыңар. Акылды уютуп, сапатты уютуп, тереңдикти уютуп, асылдыкты уютуп, өзүңөр уюткуга айлангандв - анан коомду уюта аласыңар.
Ошол уюткулук сапатка жетиш үчүн өзгөрүүңөр талап.
Ошондуктан, өтө маанилүү, өтө керектүү - бул сапатка толуу. Сапатка толмоюнча адам өзгөрбөйт.
Сапат эмнеден башталат?
Эң оболу түшүнүүдөн башталат. Жашоонун сабагын, билимин түшүнүп, анан ошого жетүүдөн башталат. Билимдин тереңин түшүнмөйүнчө, өзгөрүүгө умтулуу, каалоо болбойт.
Өзүңөрдүн ордуңарды билип, өзүңөрдүн жашооңорду өзгөртүп, тазалыкка, бийиктикке жетиш үчүн жашоо билими керек. Ошонун баарына жеткенден кийин сапатка толосуңар.
Акылды таанып, билимге жетип, бирок сапатка толбой калганда, өзүңөрдүн жашооңорду өзгөртө албайсыңар.
Акылды алып, билимдүү болуп, сапатка толсоңор, жашооңор өзгөрөт.
Сапатка толбосоңор, жашоо бир күндүк сүттөй.
Сүттүн мөөнөтү бир күндүк, сары майдын мөөнөтү бир жылдык.....
@БАКДӨӨЛӨТ.
Аталардан келген мурас.