🌐BATKEN_TV


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz


🇰🇬Баткендиктер үчүн атайын Telegram каналы!
🌎 Жаңылыктар биздин каналда!
📽 видео жаңылыктар болсо бизге жөнөтүңүз, каналга чыгарабыз 👇 @eldik_bloger

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Statistics
Posts filter


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
“Картошкаң 65, сабизиң 40”
Оштуктардын кымбатчылыкка пикирлери


Видео: Ош тв


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
‼️ Милиция ИИМ кызматкерлеринин сүрөтун колдонуп жалган маалымат тараткандарды кармады.

✔️ Милиция кызматкерлери ИИМдин кызматкерлеринин сүрөттөрүн колдонуп жасалма билдирүүлөрдү тараткан шектүүнү кармашты.


‼️ Азык-түлүк баасын себепсиз кымбаттаткан сатуучуларга чара көрүлөт.

✔️ Азык-түлүктүн баасын себепсиз көтөргөн ишкерлерге чара көрүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев бааларга байланыштуу өткөргөн жыйында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы 1-февралда кабарлады.

✔️ Ал өлкөдө азык-түлүктүн кору жетиштүү экенин белгилеп, бааларды көзөмөлгө алуу, комплекстүү чечимдерди кабыл алуу зарылдыгын билдеирген.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
🔹️Коңшу Казакстанда бет капчан адам өрттөн улам атасын жана үч бир тууганын жоготкон Стас аттуу 16 жаштагы балага үй алып берди.


❗❗Оң рулдуу унааларды мыйзамдаштыруу 1-марттан тарта башталат

✔️Оң рулдуу унааларды мыйзамдаштыруу ушул жылы 1-марттан тарта башталат. Бул тууралуу «Ынтымак» фракциясынын жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди. Анын айтымында, мыйзамдаштыруу процедурасы эки этапта өтөт.

“Оң рулдуу автоунааларды легалдаштыруу жарыялангандан кийин, аларды өлкөгө алып келүү аракети көрүлүүдө. Президенттин жарлыгы карапайым элдин унааларын легалдаштырууга багытталган. Тиешелүү мамлекеттик органдар ушул жылдын 1-мартынан тартып легалдаштыруу жараяны башталары боюнча маалымат беришти. Биринчи бардык керектүү документтери бар унааларды мыйзамдаштыруу, документтери жок, бирок техникалык талаптарга жооп берген машиналарды каттоо каралат ”,
 — деди эл өкүлү.

✔️Депутат учурда Кыргызстанга оң рулдуу унааларды киргизүүгө тыюу салынганын жана мындан ары өлкөгө алып кирүүгө болбой тургандыгын белгиледи


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
‼️ Бир каза болгон адам 7-8 адамга донор боло алат - Бейшеналиев.

✔️ Саламаттыкты сактоо министри Кыргызстанда өлүк донорлугун киргизүү керектигин айтты. Бул динге каршы келбестигин тастыктаган имамдардан жана молдолордон документ алынганын билдирди.

✔️ «Донорлор жетишсиз болсо, өлүк трансплантациясына өтсөк, бир каза болгон адамдан 7-8 орган: боор, бөйрөк, жилик чучугу, өпкө жана жүрөктү алууга болот», - деп түшүндүрдү Алымкадыр Бейшеналиев.


‼️ Эми интернетте жалаа жабуу үчүн айып пул салынат.

✔️ Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

✔️ Интернетте мазактоо жана жалаа үчүн жеке жактар үчүн 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат.


Кыргызстанда эми автоунааны онлайн кайра каттоого болот

Кайра каттоо "Түндүк" тиркемеси аркылуу жасалат.

▪️Ал үчүн "Унаа" мекемесинин каалаган аймактык бөлүмүнөн кароодон өтүү керек
▪️Айып пулдардын жок экенин текшертип, болсо бардыгын төлөө
▪️Эгер турмушта же үйлөнгөн болсо жолдошу/жубайынын уруксатын алуу
▪️Автоунаанын камакта эмес экенин текшерүү керек


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
❗❗Аскар Акаевдин 80 жылдыгы Москва мамлекеттик университетинде белгиленди

✔️Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде Кыргызстандын туңгуч президенти А.Акаевдин 80 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өттү. Залда анын сүрөттөрү менен слайд-шоу көрсөтүлүп, андан соң музыканттар жана опера ырчылары өз өнөрлөрүн тартуулашты. Акаевди майрамдык дасторкондо кесиптештери куттукташты.

✔️Эскерте кетсек, Акаев жакында эле экс-президенттик статусун кайтарып берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылган, бирок депутаттар анын өтүнүчүн четке кагышкан.


❗❗Кыргызстанда сойкулардын кызматын жарнамалаган 23 сайт жабылды

✔️Мындай чечимди сот 17-январда чыгарган. Сайттарда жылаңач кыздардын сүрөттөрү жана кызмат көрсөтүү баалары камтылган. Ал эми сайттарга кирүү эркин болгон.

✔️ИИМ баса белгилегендей, мындай мазмун маданияттын адеп-ахлактык жана руханий баалуулуктардын бузулушуна өбөлгө түзөт, дейт ИИМ.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Эржигит Самидинов Кыргызстанда жеке ишкерлигин баштоо үчүн алгачкы капиталды Орусиядан чогултуп келген мигранттардын бири. Ал миграциядан келгенден кийин кичи мекенинде бир канча жеке ишкерликтин түрү менен алектенип көргөн экен. Азыр ал Ош шаарынын четине тоок ферма ачып, калаа тургундарын жумуртка менен камсыздап жатыптыр.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Оштун Араван районунда дыйкандар картошканын эрте быша турган сортун эге башташты


❗❗"Унаа" номурларга тыюу салынган тамгалардын айкалыштарын жарыялады

✔️Министрлер кабинетине караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик транспорт каражаттарынын мамлекеттик номурларына жол берилгис тамгалардын айкалышынын тизмесин жарыялады

✔️Ага ылайык,
MVD, MBD, MWD, MID, AKS, AKC, GNS, GTS, IIM, OBD, OVD, UBD, OWD, UVD, AUE, BOP, OPG, VOR, WOR, ZEK, ZLO, TJK, UZB, KHP, айкалыштарына тыюу салынат.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Эми ишкана-фирмалардын аталышында диний маанидеги сөздөрдү колдонууга тыюу салынат


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Той-аштарды өткөрүүгө тыюу салып, чектеген жаңы мыйзам долбоору сунушталды


АР ТАРАПТУУ АКЫСЫЗ КАНАЛДАР КАТТАЛЫП ПАЙДА АЛЫҢЫЗДАР 🫶🥰


❗️Кыргызстанда жамандык-жакшылыктагы айрым каадаларга тыюу салуу сунушталды

Замирбек Мамасадыков менен Шайырбек Ташиев демилгелеген мыйзам долбоорунун урунттуу жерлери:

▪️Маркумду акыркы сапарга узатууда келгендердин саны чектелбейт. Майда жандык, жылкы, бодо мал союлбайт

▪️3 күндөн кийин маркумду эскерүү иш-чарасында (куран окутуу) бир жылкы же бодо мал гана союу

▪️Үчүлүк, жетилик, кыркы жана жылдыгын (аш) өткөрүүгө тыюу салынат

▪️Үйлөнүү тойго бир бодо мал же бир жылкы союлуп, 250дөн ашпаган конок чакырылат

▪️Кыз узатууда бир бодо же бир жылкы союлуп, коноктор 100дөн ашпашы керек. Эгерде үлпөт той жана кыз узатуу бирге өтсө, бир бодо же жылкы союлуп, коноктор 350дөн көп болбошу шарт

▪️Үлпөт кортежиндеги автоунаанын саны үчтөн ашпашы керек

▪️Кийит кийгизүү, себет берүү, түштөндүрүү сыяктуу каадаларга тыюу салуу

▪️Ажылыкка, зыярат кылууга баргандарды узатуу жана тосуп алууга тыюу салуу

▪️Мыйзамды бузган той ээсине 300 миң сом, салтанат өткөрүлгөн жердин ээсине 100 миң сом, маркумду узатуу боюнча жооптуу жактарга 200 миң сом айып салуу сунушталган


✈️ Бүгүндөн баштап "Манас" эл аралык аэропорту ААК эми "Кыргызстан аэропорттору" ААК деп расмий түрдө өзгөрдү. Бул тууралуу аэропорттун жетекчиси Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.


Кутман таң, окурман!

Бүгүн республика боюнча күн ачык болот.

Абанын температурасы Чүйдө +2...+7, Талас аймагында +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көлдө 0...+5 градус жылуу болот. Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр -2...-7 градусту көрсөтөт.

Ал эми борбор калаада +4…+6, Ош шаарында +7...+9 градус жылуу болору күтүлөт.

Күнүңүз көңүлдүү өтсүн!


Сезим Жуманазарова баштаган балбан кыздар Россиядагы эл аралык мелдешке катышат

"Иван Ярыгин" эл аралык мелдеши 23-26-январь күндөрү Красноярск шаарында болот.

Ага кыз-келиндер курама командасынан 10, эркин күрөш боюнча 4 балбан бармакчы.

20 last posts shown.