“Аялдарга жакшы мамиле кылгыла, анткени алар туткундар (сыяктуу моюн сунат) жана силер ошого гана ээлик кыла аласыңар, бир гана алар силерге карата күнөө иш жасай турган болсо, анда алардын төшөктөрүн бөлүп койгула жана ага да болбосо, денесине зыян жетпегидей кылып ургула. Эгер алар моюн сунууга кайтып келишсе, анда аларга каршы айла-амал издебегиле. Силердин аялдарыңарга болгон укугуңар жана аялдарыңардын силерге болгон укуктары бар. Аялдарыңардын мойнундагы силердин акыңар - силер жакпаган адамды төшөгүңөргө отургузбашы жана жакпаган адамды үйгө киргизбеши кирет. Силердин милдетиңер - аларды жакшы тамактандырып, кийинтишиңер”.
📕 (Тирмизи, 1163 риваят кылган - бул сахих хасан хадис деди. Ошондой эле Ибн Маажа, 1851).
«Аялдарга карата Аллахтан корккула! Чындыгында, аларды Аллахтын аманаты катары алдыңар жана алардын жыныс мүчөлөрүн Аллахтын сөзү менен өзүңөргө адал кылдыңар. Силердин да аларга болгон укугуңар бар, жана алар силердин төшөгүңөргө [б.а. үйгө киргизбөө] силер жактырбаган адамды отургузбашы керек. Бирок эгерде алар ушундай кылышса, анда аларды зыян жетпегидей кылып ургула. Алардын укугу - силер тамак-аш жана кийим-кече менен жакшылыкча камсыз кылууңар".
📕(Муслим, 1218).
г)
Күйөөнүн уруксаты менен гана чыгуу:Күйөөнүн аялына болгон укуктарынын бири - анын уруксаты жок үйдөн чыкпоо. Шаафийлер менен ханбалийлер: аял күйөөсүнүн уруксатысыз, ал тургай оорулуу атасына барууга укугу жок жана ал аялды мындан тыя алат; анткени күйөөсүнө баш ийүү парз, жана парз эмес нерсе үчүн парз болгон иш-аракетти таштоо болбойт.
д)
Тартипке салуу.Күйөөсү аялын күнөөгө эмес, жакшылыкка буйруганда, баш ийбесе, аны тарбиялоого укуктуу. Анткени Аллах Таала аялдары баш ийбеген учурда алардын төшөгүн бөлүп, урууну буйруган.
Ханафилер күйөөсү аялын уруп тарбиялоого уруксат берген төрт жагдайды белгилешкен. Булар:
1️⃣ Күйөөсү (үйдө) анын сулуулануусун каалаган учурда өзүн сулуулантпоосу;
2️⃣Аны төшөккө чакырганда, айыздан таза учурунда жооп бербөөсү;
3️⃣ Намаз окубаганы;
4️⃣Анын уруксатысыз үйдөн чыгып кетүүсү.
Аялды тарбиялоого жол берген далил бул аятта келген:
{ واللاتي تخافون نشوزهن فعظوهن واهجروهن في المضاجع واضربوهن }
"Силер бейбаштыгынан корккон аялыңарга (оболу жакшы сөздөр менен) насаат айткыла. Анан (насаат пайда бербесе, катуу сүйлөбөй) төшөктө жалгыз калтыргыла жана (ушуну менен да оңолбосо, катаалдык кылбай) ургула".
(Ан-Ниса сүрөсү, 34)
«О, ыйман келтирген пенделер! Өзүңүздөрдү жана үй-бүлөңөрдү Тозоктон коргоп калгыла! Анын отундары адамдардан жана таштардан ... . ”(Тахрим сүрөсү, 6)
Ибн Касир мындай деди: Катада айтты: "Сен аларга Аллахка баш ийүүнү буйруп, Аллахка тоң моюндук кылуудан тыйып, Аллахтын буйруктарын аткарууну үйрөтүп, аларга жардам беришиң керек. Эгер сен Аллахка каршы кандайдыр бир баш ийбестикти байкасаң, анда аларды мындай кылуудан тыйып, аларды андан тос. Бул дагы Даххаак менен Мукаатилдин көз-карашы болгон: мусулмандын милдети - үй-бүлөсүнө, анын ичинде туугандарына жана күңдөрүнө, Аллах Таала буйруган жана тыюу салган нерселерди үйрөтүү".
📕(Тафсир Ибн Кассир, 4/392)
(ж)
Аялдын күйөөсүнө кызмат кылуусу: Буга көптөгөн далилдер бар, алардын айрымдары жогоруда айтылган. Шейхул-Ислам Ибн Таймия мындай деген: "Аялдын күйөөсүнө окшош адамдар катарында кызмат кылууга милдеттүү. Бул жагдайга жараша өзгөрөт: Айылдык аялдын (күйөөсүнө) кызматы шаардык аялдын кызматына окшобойт, күчтүү аялдын кызматы алсыз аялдын кызматына окшобойтж.
📕(аль-Фатауа аль-Кубра, 4/561).
(з)
Аял өзүн күйөөсүнө тапшыруусу. Нике келишиминин шарттары аткарылып, ал күчүнө киргенден кийин, аял өзүн күйөөсүнө тапшырып, жана ырахат берүүгө милдеттүү, анткени келишим менен аял махрга татыктуу болгондой, күйөөсү дагы аялынан ырахат алууга татыктуу.
(е)
Аял күйөөсүнө жакшы мамиле кылышы керек, анткени Аллах Таала айтты:
۞ ولهن مثل الذي عليهن بالمعروف ۞
"Ошондой эле, аларга үстүндөгү милдетине жараша жакшылыкка болгон акылары бар".
(Аль-Бакара сүрөсү, 228).
Аль-Куртуби мындай деди: "Ошондой эле андан, б.а.