ИСЛАМ СУРОО-ЖООП📚


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Religion


📚Ислам тууралуу илим энциклопедиясы
🇰🇬islamqa.com сайты кыргыз тилинде
📚Куран-Сүннөт
⚖️24 жыл
⁉️350000 суроо-жооптор
📝16дан ашык чет тилине которулган

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Religion
Statistics
Posts filter


Ал Хорасандагы Наса шаарынан чыккандыктан, ан-Насаи деп аталып калган.

Ал 215-хижрий жылы жарык дүйнөгө келген. Имам Насаи өз доорундагы хадис илиминин эң алдыңкы аалымдарынын бири болгон. Анын илимдеги даражасы жана хадис риваят кылуучуларды сындоо жана баалоодогу тактыгы жогорку деңгээлде болгон.

Хадис илиминин аалымдары анын илимин жана ишенимдүүлүгүн жогору баалашкан. Имам аль-Хаким ан-Насаинин даражасы тууралуу мындай деп айткан:
“Абу Абдуррахман (ан-Насаи) өз доорунда хадис илиминде, риваят кылгандарды сындоо жана баалоо боюнча эң алдыңкы орунда турган.”

Имам Насаи такыбаалыгы жана ыймандуулугу менен таанылган. Ал эң мыкты орозо түрү болгон Дауд пайгамбардыкын (бир күн орозо кармап, бир күн кармабоо) туруктуу кармаган.

Ал өзүнүн жашоосунун бир бөлүгүн Мисрде өткөрүп, ошол жерде өзүнүн китептерин тараткан. Анын илиминен көптөгөн адамдар пайдаланышкан. Андан соң Дамаскка көчүп барган. Имам Насаи 303-хижрий жылы 13-Сафар күнү, 85 жашында дүйнөдөн кайткан.

Аллах Таала ага ырайым кылып, бейишти насип этсин.

6️⃣ ➖➖➖➖ ➖➖➖ ➖➖➖➖➖

Мухаммад ибн Язид ар-Рибъи аль-Кузайни, Абу Абдуллах. Анын атасы Язид Мажжа деп белгилүү болгон, ошондуктан ал Ибн Мажжа деген ат менен таанымал болгон. Ар-Рибъи деген ат анын Рибиа урууларына болгон байланышын билдирет. Ал белгилүү хадис таануучу жана “Ас-Сунан” деген хадис китебинин автору. Ал 209-жылы хижра боюнча Кузайн шаарында туулган.

Ибн Мажжа хадис жазуу үчүн Ирак, Басра, Куфа, Багдад, Мекке, Шам, Миср жана Рейге саякат кылган.

Ал саякатында үч китеп жазган:
1. Тафсир китеби;
2. Тарых китеби, анда ал сахабалардан баштап өзүнүн дооруна чейинки хадис жазган адамдардын тарыхын жазган,
3. Ас-Сунан деген хадис китеби.

Ибн Мажжа 273-жылы Рамазан айынын 22-күнү дүйшөмбү күнү 64 жашында кайтыш болгон.

Аллах Таала ага ырайым кылып, бейишти насип этсин.

Алты китептеги хадистердин өкүмү:
• Имам Бухари менен имам Муслимдин “Сахих” китептериндеги хадистерди үммөт кабыл алып, алардын ишенимдүүлүгүнө бир добуштан макул болушкан, бир нече гана хадистерден башкасы. Бул хадистерди алар алардын алсыздыгын түшүндүрүү үчүн келтиришкен, жана бул тууралуу «Сахихтерге» жазылган түшүндүрмөлөрдө, мисалы, Ибн Теймия (Аллах аны ырайымына алсын) айткан.
• Ал эми калган “Сунан” китептеринде болсо, алсыз хадистер кездешет. Бул хадистердин айрымдарына авторлор өздөрү токтолуп, эскертүү беришкен болсо, кээ бирлерине башка аалымдар түшүндүрмө беришкен. Хадистердин иснад менен берилгендиги үчүн аалымдар анын риваятчыларынын ишенимдүүлүгүн текшерип, күчтүү хадистерди алсыздарынан айырмалай алышат.

Бул жаатта өзгөчө белгилүү болгон аалымдар: Ахмад, ад-Даракутни, Яхья бин Маин, ибну Хажар, аз-Захаби, ал-Вакии, ас-Сахави, ошондой эле заманбап аалымдардан ал-Албани, Ахмад Шакир жана башкалар. Аллах бардыгына ырайым кылсын.

⚖️ Туурасын Аллах Таала билүүчү!
____________
ИСЛАМ: СУРОО-ЖООП
➤➤ https://chat.whatsapp.com/FxhjPxUUS3XDd9AItDqRSc
➤➤https://t.me/Islam_SurooJoop
➤➤ https://www.instagram.com/islam_suroo_joop/profilecard/?igsh=MWVtYWpvcW0xcHAybQ==
➤➤https://www.facebook.com/islamsuroojoop.islamsuroojoop


Атагы чыккан эмгектери:
Имам Муслимдин эң белгилүү китеби – “Сахих Муслим”. Бул хадис илиминдеги алты негизги китептин бири болуп саналат. Аны жазуу үчүн имам Муслим өмүрүнүн 15 жылын жумшаган. “Сахих Муслим” ишенимдүүлүк жана баалуулук жагынан “Сахих Бухариден” кийинки орунда турат. Бул китепти көптөгөн аалымдар түшүндүрүп, шарх жазышкан.

Башка эмгектери:
• “Китаб ат-Табакат”,
• “Китаб аль-Жами”,
• “Китаб аль-Асма”, жана башка көптөгөн басылмалар жана кол жазмалар.

Имам Муслим 261-хижрий жылы Нишапурга жакын жайгашкан Наср-Абад шаарчасында 57 жашында дүйнөдөн кайткан.

Аллах Таала ага ырайым кылсын жана эң жогорку даражаларды насип кылсын.

3️⃣➖➖➖➖
➖➖➖ ➖➖➖➖

Ал: Сулайман ибн аль-Ашъас ибн Шаддад ибн Амр ибн Исхак ибн Башир аль-Азди ас-Сижистани, Абу Дауд деген ысым менен белгилүү. Ал хадис илиминин улуу аалымы жана өз заманынын мыкты мухаддиси болгон. Анын эң белгилүү эмгеги – “Сунан Абу Дауд”, ал хадис илиминдеги алты негизги китептин бири болуп саналат.

Имам Абу Дауд 202-хижрий жылы туулган. Ал илим алуу үчүн Багдадга барып, имам Ахмад ибн Ханбалдан фикх жана хадис илимин үйрөнгөн. Имам Ахмадга жакын болуп, кээ бир мүнөздөрү менен ага окшош болгон. Андан соң, Хижаз, Ирак, Хорасан, Шам, Миср жана башка аймактарды кыдырып, хадистерди жыйнаган. Анын хадистерин имам ан-Насаи, Тирмизи жана башка аалымдар риваят кылган. Абу Дауд өзүнүн “Сунан” китебине 5300гө жакын хадис жыйнаган. Бул китеп хадис илиминде өтө баалуу эмгек болуп саналат.

Имам Абу Дауддан аббасиддердин башкаруучусу Абу Ахмад Талха (ал-Мууафак) үч нерсени өтүнгөн:
1. Басра шаарына көчүп барып, аны илим борборуна айландыруу үчүн ошол жерде жашоо.
2. Анын уулдарына хадистерди үйрөтүү.
3. Балдарына жалпы элден бөлүнгөн өзүнчө сабак өткөрүү.

Абу Дауд буларга мындай жооп берген:
• Биринчи жана экинчи өтүнүчтөрдү кабыл алган да,
• Үчүнчүсүнөн баш тарткан, анткени илимде адамдардын баары тең, бөлүнүүгө жол жок деп эсептеген. Мунун натыйжасында халифтин уулдары да жалпы эл менен бирге сабакка катышкан.

Имам Абу Дауд өмүрүнүн акыркы жылдарын Басрада өткөргөн жана ошол жерде 275-хижрий жылы 73 жашында каза болгон.

Аллах Таала ага ырайым кылсын жана Жаннаттагы эң жогорку даражаларды насип кылсын.

4️⃣ ➖➖➖➖ ➖➖➖➖➖➖➖

Ал: Мухаммад ибн Иса ибн Сура ибн Муса ибн аз-Заххак ас-Суллами ат-Тирмизи, Абу Иса деген ысым менен белгилүү. Ал Мавераннахр аймагындагы (азыркы Өзбекстандын аймагындагы) Тирмиз шаарынан чыккан. Ат-Тирмизи хадис илиминин улуу аалымы жана хадистерди сактап, тараткан имамдардын бири болгон.

Имам Тирмизи 209-хижрий жылы төрөлгөн. Алгачкы илимди өзүнүн жеринде алып, андан соң ал кездеги улуу аалымдардын бири болгон имам Бухариден таалим алган. Экөө кээ бир устаттардан биргелешип сабак алышкан. Ал илим издеп Хорасан, Ирак жана Хижаз сыяктуу көптөгөн аймактарды кыдырган. Имам Тирмизи өзүнүн хадистерди сактап калуу жөндөмү, ишенимдүүлүгү жана терең илими менен таанымал болгон. Анын устаттарынын арасында имам Ахмад ибн Ханбал жана Абу Дауд ас-Сижистани сыяктуу улуу аалымдар болгон.

Ат-Тирмизинин эң белгилүү эмгеги – “Аль-Жами”, ал хадис илиминдеги алты негизги китептин бири болуп эсептелет. Бул китепте ал хадистерди алардын чын-төгүнүн тактап, ар бир хадиске байланыштуу кээ бир маселелерди да түшүндүргөн. Тагыраак айтканда, ал хадистин иснадын, аны риваят кылган сахабаларды, хадистин сахих даражасын жана ал боюнча фикх аалымдарынын көз караштарын кошо берген.

Имам Тирмизи дагы башка көптөгөн эмгектерди жазган, алардын катарына:
• “Аш-Шамаил ан-Набавийя” (Пайгамбарыбыздын ﷺ мүнөздөмөлөрү),
• “Аль-Илаль” (Хадистердин кемчиликтери тууралуу китеп).

Илим издеп көптөгөн аймактарды кыдырып, хадистерди тактоо жана жыйноо менен алектенгенден кийин, өмүрүнүн акыркы жылдарында көзү көрүүсүнөн ажыраган. Ошондой болсо да, илим изилдөө жана сабак берүү иштерин уланткан. Имам Тирмизи 279-хижрий жылы 70 жашында дүйнөдөн кайткан.

Аллах Таала ага ырайым кылсын жана Жаннаттагы эң жогорку даражаларды насип кылсын.

5️⃣ ➖➖➖➖ ➖➖➖➖➖

Ахмад ибн Шуайб ибн Али ибн Синан ибн Бахр ибн Динар ан-Насаи, Абу Абдурахман деген ысым менен белгилүү.


https://islamqa.info/ar/21523

📜 “КУТУБУ АС-СИТТА” (Эң ишенимдүү алты китеп) КИТЕПТЕРИНИН ТҮЗҮҮЧҮЛӨРҮ

СУРОО: 21523
“Алты эң ишенимдүү хадис жыйнактарынын” түзүүчүлөрү жөнүндө айтып бересизби жана алардын китептеринде алсыз хадистер барбы?

📎 КЫСКАЧА ЖООП:
Алты китеп ээлери:
1. Имам Бухари
2. Имам Муслим
3. Имам Абу Дауд
4. Имам Тирмизи
5. Имам Насаи
6. Имам Ибн Мажжа.


Имам Бухари менен имам Муслимдин “Сахих” китептериндеги хадистерди үммөт кабыл алып, алардын ишенимдүүлүгүнө бир добуштан макул болушкан, бир нече гана хадистерден башкасы. Бул хадистерди алар алардын алсыздыгын түшүндүрүү үчүн келтиришкен, жана бул тууралуу «Сахихтерге» жазылган түшүндүрмөлөрдө, мисалы, Ибн Теймия (Аллах аны ырайымына алсын) айткан.
Ал эми калган “Сунан” китептеринде болсо, алсыз хадистер кездешет. Бул хадистердин айрымдарына авторлор өздөрү токтолуп, эскертүү беришкен болсо, кээ бирлерине башка аалымдар түшүндүрмө беришкен. Хадистердин иснад менен берилгендиги үчүн аалымдар анын риваятчыларынын ишенимдүүлүгүн текшерип, күчтүү хадистерди алсыздарынан айырмалай алышат.

🪶 ЖООП:
Аллахка алкыш-мактоолор болсун!

Алты китеп ээлери кимдер?

1. Имам Бухари
2. Имам Муслим
3. Имам Абу Дауд
4. Имам Тирмизи
5. Имам Насаи
6. Имам Ибн Мажжа.


1️⃣➖➖➖➖ ➖➖➖➖➖➖

Ал: Абу Абдуллах Мухаммад ибн Исмаил ибн Ибрахим ибн аль-Мугира ибн Бардизбах ал-Жуфи аль-Бухари. Анын чоң атасы Мугира Бухаранын башкаруучусу Йаман ал-Жуфинин азат кылынган кулу болгон. Исламды кабыл алгандан кийин, ал Жуфи уруусуна таандык болуп калган.

Имам Бухари хижранын 194-жылы Бухарада туулган. Ал кичине кезинде жетим калып, 10 жашка толо электе хадистерди жаттай баштаган. Жашы жетилгенде илим издеп саякатка чыккан. Алгач Меккеге барып ажылык парзын аткарган жана ошол жакта бир нече убакыт калып, фикх, усул жана хадис илимдерин ошол доордогу алдыңкы аалымдардан үйрөнгөн.

Андан кийин 16 жыл бою Ислам өлкөлөрүн кыдырып, илимдин борборлоруна барып, хадистерди топтогон. Бул мезгил аралыгында ал 600 миңден ашуун хадисти чогултуп, 1000ден ашык мухаддис менен жолугушуп, алардын хадистерин изилдеп, талкуулап чыккан.

Имам Бухари хадис риваят кылгандардын арасында чынчылдык, такыбалык жана туура ишенимди кармангандыгы менен белгилүү болгон адамдардан гана хадистерди чогулткан. Бул чогулган хадистердин чоң көлөмүнөн ал “Сахих” деп аталган китебине эң ишенимдүү хадистерди кылдаттык менен тандап киргизген.

Имам Бухари хадистердин тууралыгын аныктоо үчүн эң так илимий ыкмаларды колдонгон: ар бир хадисти иликтөө, аныктоо, риваятчылардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жана туура эмес хадистерди четке кагуу менен өзүнүн китебине “сахих хадистерди” гана киргизген.

Ал өзүнүн бул эмгегин: «Аль-Жами ас-Сахих аль-Муснад мин хадиси Расулиллахи ﷺ ва сунанихи ва аййямихи».(“Аллахтын элчисинин ﷺ хадистери, анын сүннөттөрү жана өмүр таржымалы боюнча сахих тастыкталган жыйнак” деп атаган).

Бухаранын башчысы имам Бухарини өз үйүнө чакырып, балдарына сабак берип, хадистерди окутуп берүүсүн каалаган. Бирок имам Бухари муну кабыл алган эмес жана ага мындай деп жооп берген: “Илимди өз үйүндө үйрөтүшөт.” Башкача айтканда,

📒ИЛИМ АДАМГА БАРБАЙТ, АДАМ ИЛИМГЕ БАРАТ📕

Ким аалымдардан илим алгысы келсе, аларга мечитке же алардын үйүнө барышы керек деген ойду карманган.

Бул жооп башкаруучунун кыжырын келтирип, ал имам Бухарини Бухарадан чыгарып жиберүүнү буйрук кылган. Ошентип, имам Бухари Самаркандга жакын жайгашкан Хартанг айылына көчүп барып, ошол жактагы туугандарынын жанында жашаган. Ал ошол жерде жашап, хижранын 256-жылы 62 жашында каза болгон.

Аллах Таала имам Бухариге ырайым кылып, бейиште эң жогорку даражаларды насип кылсын.

2️⃣ ➖➖➖➖ ➖➖➖➖➖➖

Ал: Муслим ибн Хажжаж ибн Муслим аль-Кушайри ан-Найсабури, Абу Хусейн деген ысым менен таанылган. Хадис илимине өзгөчө салым кошкон улуу аалымдардын бири. Ал 204-хижрий жылы Нишапурда, имам Шафиинин көз жумган күнү төрөлгөн. Алгачкы илимди туулуп-өскөн жеринде алган соң, жашы жетилгенде хадис издеп Ирак, Хижаз жана башка аймактарга саякат кылган. Ал көптөгөн аалымдардан хадистерди уккан жана анын хадистерин дагы көптөгөн мухаддистер риваят кылган.




https://islamqa.info/ar/316 تحريم سفر المرأة بغير محرم وشروط المحرم - الإسلام سؤال وجواب

✈️ АЯЛДЫН МАХРАМСЫЗ САПАР КЫЛУУСУ АРАМ. МАХРАМДЫН ШАРТТАРЫ

🧡 СУРОО: 316
Энем ин шаа Аллах умра кылып келүүнү ниет кылып жатат. Күйөөсү жана ага-инилери ал менен барууга кадыр эмес. Авасынын баласы, ал күйөөсүнүн иниси (кайниси), ошол эле учурда ал эжесинин күйөөсү (жездеси), аялы менен ажылык кылат экен. Энем ошол экөө менен умрага сапар кылуусу болобу?

❤️ ЖООП:
Аллахка алкыш-мактоолор болсун!

Ислам дини аялдарды коргоп, алар сапар кылганда аларды жаман ойлуу, кара ниет адамдардан сактоо, коргоо үчүн жана азаптын бир бөлүгү болгон сапарда алсыз болгон аялга жардам берүү үчүн, махрамы (ага үйлөнүүсү арам болгон эркектер) болуусун милдеттендирди (важиб кылды). Аял кишиге махрамсыз сапар кылуу дурус эмес. Ибну Аббастан келген Пайгамбар ﷺ дын хадисинин негизинде:  

{ لا تُسَافِرَنَّ امْرَأَةٌ إِلا وَمَعَهَا مَحْرَمٌ فَقَامَ رَجُلٌ فَقَالَ يَا رَسُولَ اللَّهِ اكْتُتِبْتُ فِي غَزْوَةِ كَذَا وَكَذَا وَخَرَجَتِ امْرَأَتِي حَاجَّةً قَالَ اذْهَبْ فَحُجَّ مَعَ امْرَأَتِكَ }  
"Аял киши махрамсыз сапар кылбасын! Бир киши турду да: "Оо Аллахтын элчиси, баланча деген казатка жазылып койдум эле, аялым ажыга чыгып жатат", - деди эле, Пайгамбар ﷺ: "Баргын да, жубайың менен ажылык кыл!", - деди".

❤️ (Сахих аль-Бухари, 3006).

Махрам болуусу важиб экенине далил болгон жери, Пайгамбар ﷺ ал кишиге жазылып калуусуна карабастан, казатты (Аллах жолундагы согуш) таштоону буйруду. Ал эми ал аялдын сапары эс алуу үчүн эмес, саякаттоо да эмес, балким, ибадат (Аллахка жакындык) болуусуна карабастан, күйөөсүн ал менен бирге сапар кылууга буйруду.

Аалымдар махрамга беш шартты талап кылган. Алар:
❤️1. Эркек болуу
❤️2. Мусулман болуу
❤️3. Балагатка жетүү
❤️4. Акыл-эстүү болуу
❤️5. Түбөлүктүү махрам болуу, мисалы, атасы, акеси, авасы, тайкеси, күйөөсү, кайнатасы, апасынын күйөөсү (өгөй ата), эмчектеш ага-инилери, ж.б.
Бул убактылуу никеси арам болгондордун каршысында. Мисалы: эжесинин күйөөсү, таежесинин жана апежесинин күйөөсү сыяктуу.

Ушуга карай, күйөөсүнүн агасы жана авасынын балдары же тайкесинин балдары махрам болуп эсептелбейт. Ал аял алар менен сапар кылуусу дурус эмес.

❤️ Туурасын Аллах билүүчү!
____________
ИСЛАМ: СУРОО-ЖООП
➤➤https://chat.whatsapp.com/CzmVof5gWcT8OMTehFEYrD
➤➤https://t.me/Islam_SurooJoop
➤➤https://www.instagram.com/islam_suroo_joop/profilecard/?igsh=MWVtYWpvcW0xcHAybQ==
➤➤https://www.facebook.com/islamsuroojoop.islamsuroojoop




https://islamqa.info/ar/4523 سفر المرأة بغير محرم - الإسلام سؤال وجواب

🏠 АЯЛ КИШИНИН МАХРАМСЫЗ САПАРГА ЧЫГУУСУ

СУРОО: 4523
Аял кишинин бир күн жана бир түндүк сапарга махрамсыз чыгуусу арам экенин билем. Аял кишини махрам эркек аэропортко алып барып салып койсо жана конгон тарапта башка махрамы тосуп алса болобу? Анын сапары 10 саатка созулат.

✔️ ЖООП:
Аллахка алкыш-мактоолор болсун!

Аял кишиге махрамсыз сапар кылуу Пайгамбар ﷺдын ушул сөзүнүн негизинде дурус эмес:

{ لا يحل لامرأة تؤمن بالله واليوم الآخر أن تسافر إلا مع ذي محرم }
«Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтирген аялга сапарга махрамсыз чыгуусу адал болбойт».

Анткени жанында махрам болуусунун максаты - аны сактоо, коргоо, анын иштерин бүтүрүү. Айрыкча, сапарда мөөнөтү канча болуусуна карабастан, зарыл нерселер болуп калуу ыктымалы жогору. Эми, адамдар сапар деп эсептеген жер - сапар болот. Ошол учурда сапардын өкүмдөрү жүрө берет.

📚 Махрамдар жөнүндө кошумча маалыматты (5538) суроодон окуп алсаңыз болот.
____________
ИСЛАМ: СУРОО-ЖООП
➤➤https://chat.whatsapp.com/CzmVof5gWcT8OMTehFEYrD
➤➤https://t.me/Islam_SurooJoop
➤➤https://www.instagram.com/islam_suroo_joop/profilecard/?igsh=MWVtYWpvcW0xcHAybQ==
➤➤https://www.facebook.com/islamsuroojoop.islamsuroojoop




https://islamqa.info/ar/136921 شراء الشقق بالتقسيط قبل البناء - الإسلام سؤال وجواب

🪶ҮЙДҮ КУРУЛУУДАН МУРДА БӨЛҮП ТӨЛӨӨГӨ (РАССРОЧКАГА) САТЫП АЛУУ

СУРОО: 136921
Эч кандай ортомчусу жок кыймылсыз мүлктүн өзүнүн ээсинен бөлүп төлөөгө (рассрочка) батир сатып алуунун өкүмү кандай? Ал кыймылсыз мүлк башталуу стадиясында туруп, тапшыруу убактысы эки же үч жылдан кийин.

↖️ ЖООП:
Аллахка алкыш-мактоолор болсун!

Жер там болобу, же батир болобу, курулуудан мурда, эгер сыпааты анык сыпатталса, сатып алуу дурус. Баарын бир төлөйбү же бөлүп төлөйбү, айырмасы жок. Бул "Истиснаъ" келишиминин бир түрү. Ислам конференциясынын организациясына ээрчиген Ислам фикхи Советинин номер 56 (1/6)
“Кыймылсыз мүлктү курулуусу жана үй сатып алуусу үчүн каржылоо” чечиминде: «Бул жакта турак-жайды менчикке өткөрүүдө Шариат уруксат берген жолдор бар, алар арам болгон жолдорсуз эле бүтөт. Алардан:

д) Турак-жайды "истиснаъ" келишими менен менчикке өткөрүү - зарыл болгон негизде - ушул аркылуу талаш-тартышка алып баруунун алдын алган аныксыздыкты кетирген, так, анык сыпат менен сыпатталуусу жана бардык баасын эртелетип дароо төлөөнү милдеттендирбөө, балким, тетириси, келишим менен, бөлүп төлөөгө кечиктирүү негизинде, турак-жайды курулуудан мурда сатып алуу орун алат. "Салам" соодасынан айырмалаган, факых аалымдарынын көз карашында, "Истиснаъ" келишими үчүн, шарттар жана абалдарды эске алуу керек.
Ушул чечимдин аягында "Истиснаънын" шарттарын баяндап берди. Төмөндө ошол шарттардын тексти:

Сауд Аравия падышачылыгындагы Джидда шаарында өткөрүлгөн Ислам фикхинин Совети уюштурган жетинчи конференциясындагы отурумда 7-12-Зуль-Каъда 1412-хижрий жылы, григорян эсеби менен 9-14-Май 1992-жыл "Истиснаъ" келишими боюнча Советке келип түшкөн изилдөөнү текшерип бүткөндөн кийин, жана ошол теманын алкагында болгон өз ара талкууну уккандан кийин, пенделердин пайдасы үчүн Шарият максаттарын жана келишимдеги, сарптоодогу фикх эрежелерин эске алуу менен, жана "Истиснаъ" келишими курулушту активдештирүүдөгү ролу чоң экенин карап жана Ислам экономикасы өнүгүп, акчалай камсыздоо үчүн кенен болгон тармактарды ачуу үчүн төмөнкү чечимге келишти.

1️⃣Биринчи:
Чындыгында, "Исьиснаъ келишими - бул амалды жана ошол жасай турган нерсени мойнуна алуу келишими - эгер рүкүндөрү жана шарттары орун алса, эки тарап тең милдеттендирилет.
2️⃣Экинчи:
"Истиснаъ" келишиминде ушул нерсе шарт кылынат:
а) талап кылынып жасала турган нерсенин түрү, өлчөмү, сыпаты баяндалуу;
б) кайсы убакытка даяр болот экенине чек коюп коюу.
3️⃣Үчүнчү:
"Истиснаъ" келишиминде баасын баарын кийин төлөсө болот, же белгилүү убакытка бөлүп төлөсө болот.
4️⃣Төртүнчү:
"Истиснаъ" келишиминде эки тараптын келишүүсү менен, форс мажор абалы эле болуп калбаса, штраф шартын киргизсе болот.
Туурасын Аллах билүүчү!
📚 [Ислам советинин журналынан (2-том 223- бет].

✔️ Жыйынтык:
Курулуудан мурда бөлүп төлөөгө батир сатып алсаңыз болот. Шарты: билимсиздикти кетире турган деңгээлде сыпаттап берүү зарыл. Жана качан колго тапшырылат экенин айтуу керек.

📢 Туурасын Аллах билүүчү!
____
ИСЛАМ: СУРОО-ЖООП
➤➤ https://chat.whatsapp.com/Eep1mS7JNIrFPuP2ztua3u
➤➤https://t.me/Islam_SurooJoop
➤➤https://www.instagram.com/invites/contact/?i=1bi7415d1h6u2&utm_content=kmxuio7
➤➤https://www.facebook.com/islamsuroojoop.islamsuroojoop






Бир адам жөнүндө ушак айтканын кабарлоо экөөнүн ортосунда кастыкка алып келээрин билсе, анда ага барып (ушактаганын) айтпай, Аллахка ал адам үчүн кайрылып, кечирим сурап, артынан жакшы сөздөрдү айтуусу жетиштүү.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Аллахтын элчиси ﷺ айтты:

{ من كانت له مظلمةٌ لأخيه من عرضه أو شيءٍ فليتحلَّلْه منه اليوم قبل أن لا يكون دينار ولا درهم ، إن كان له عمل صالح أُخذ منه بقدر مظلمته ، وإن لم تكن له حسنات أُخذ من سيئات صاحبه فحمل عليه }
“Диндеш бир тууганынын намысына же дагы башка нерсесине зыян кылып алган адам ал (карызынан) бүгүн - динар жана дирхамдар жок боло электе кутулуп калсын, анткени ал Күнү анын сооптуу амалдары болсо, бир тууганына жеткирген зыянына жараша алардан алып берилет, ал эми анын сооптуу амалдары жок болсо, ал капа кылган адамдын күнөөлөрү ага жүктөлөт".

📖(Сахих аль-Бухари, 2317).

Шейхуль-ислам Ибн Таймия айтты:

"Кимде-ким бирөөнү жаманатты кылып, ушактап же караласа, анан тообо кылса, Аллах анын тообосун кабыл кылат. Ал эми жалаа жабылган адам бул тууралуу билип калса, эсептешкенге укугу бар. Эгерде кимди жамандап, ушактап, бул жөнүндө ал билбесе, анда аалымдардын айтымында, бул маселе боюнча эки пикир бар. Экөө тең Ахмаддан келет жана туурараагы - ал адамга барып, анын артынан ушактаганын кабарлоонун кереги жок. Ошондой эле (ушактап койгон адам тууралуу) артынан кандай ушак айткандай, артынан жакшы сөздөрдү айтканы жакшы.
Хасан аль-Басри айткандай: "Гыйбаттын каффараты (жуучу нерсе) - ушактаган адамына Аллахтан кечирим сурап кайрылуу".
📚 (Мажмуъ аль-Фатауа, 3/291).
____________
ИСЛАМ: СУРОО-ЖООП
➤➤https://chat.whatsapp.com/FxhjPxUUS3XDd9AItDqRSc
➤➤https://t.me/Islam_SurooJoop
➤➤https://www.instagram.com/invites/contact/?i=1bi7415d1h6u2&utm_content=kmxuio7
➤➤https://www.facebook.com/islamsuroojoop.islamsuroojoop


https://islamqa.info/ar/23328 الغيبة وكفارتها - الإسلام سؤال وجواب

🪶 ГЫЙБАТ ЖАНА АНЫН КАФФАРАСЫ

СУРОО:
➡1. Бир адамды "тилин кармай албайт" деп жаманат кылуунун өкүмү кандай?

➡Алар жөнүндө кимдер жана эмне деп айткандарын кабарлашым керекпи?
Окуя мындай болду: Бирөө тууралуу ким жана эмне дегенин айтпай, ошону айткан адам "тилин тишинин артында кармай албайт" деп айтты. Башка эч нерсе кошкон жок.

➡Бир адамды айтпаган нерсеси үчүн күнөөлөө мүмкүнбү?
Бул адам күнөөсүз болушу мүмкүн, бирок азыр анын аброю түшүп калды.
"Тилин сактай албайт" деп күнөөлөнгөн адамдын дарегине айтылган айыптоолорду, ушактарды токтотуу үчүн ушул маселе боюнча бардык исламий өкүмдөрдү айтып берүүңүздү суранам.

✔️ ЖООП:
Аллахка алкыш-мактоолор болсун!

📎 Биринчиден:
Мусулман адам тилин сактап, тыйылган нерселерден оолак болушу керек. Ошол тыйылган нерселерди көпчүлүк адамдар жеңил көрүп, кылгандардан - гыйбат (ушак айтуу), намима (сөз ташуу) жана бухтан (жалаа жабуу) болуп саналат.

▫️ГЫЙБАТ:
Ушак / гыйбат / - мусулман адам жокто андагы чынында бар болгон, бирок айтып, таратуусу ага жакпаган нерсеси жөнүндө айтуу.

▫️
БУХТАН
:
Жалаа жабуу /бухтан/ - мусулман жөнүндө андагы жок нерсени айтуу, башкача айтканда, ага жалаа жабуу.

▫️
НАМИМА
:
Чагымчылык / намима / - бул бирөөнүн айтканын экинчисине уруштуруу үчүн сөзүн ташып жеткирүү.


Бул амалдардын арам экендигине арбын далилдер келген. Алардын кээ бирин гана эскерип өтүүбүз жетиштүү болмокчу:
Аллах Таала айтты:

۞ وَلا يَغْتَبْ بَعْضُكُمْ بَعْضاً أَيُحِبُّ أَحَدُكُمْ أَنْ يَأْكُلَ لَحْمَ أَخِيهِ مَيْتاً فَكَرِهْتُمُوهُ وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ تَوَّابٌ رَحِيمٌ ۞
«Бири-бириңерди гыйбат кылбагыла! Силерден бириңер өзүнүн өлгөн бир тууганынын этин жегенди жактырабы?! Жактырбайсыңар го! Аллахтан корккула! Чынында, Аллах тообаларды Кабылдоочу, Боорукер!».

📖(Аль-Хужурат сүрөсү, 12).

Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят:

{ أتدرون ما الغيبة ؟ قالوا : الله ورسوله أعلم ، قال : ذِكرُك أخاك بما يكره ، قيل : أفرأيتَ إن كان في أخي ما أقول ؟ قال : إن كان فيه ما تقول فقد اغتبته ، وإن لم يكن فيه فقد بهتَّه }
"Аллахтын элчиси ﷺ: «Гыйбат (ушак) деген эмне экендигин билесиңерби?!», – деп сурады. «Аллах жана Анын Элчиси билүүчү»,– деп айтышты. Ал ﷺ айтты: «(бул) бир тууганыңа тийиштүү ал жаман көргөн нерсеси тууралуу эскерүүң». Бир адам: «А эгер менин айтканым ал адамда болсочу?!» – деп сураганда, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Эгерде сенин айтканың ал адамда болсо, анда аны ушактаган болосуң. А эгер сенин айтканың ал адамда жок болсо, анда жалаа жапкан болосуң».

📖
(Сахих Муслим, 2589).

Ибн Аббастан риваят кылынат:

{ مرَّ رسول الله صلَّى الله عليه وسلم على قبرين فقال : أما إنَّهما ليُعذَّبان وما يعذبان في كبير ، أما أحدهما فكان يمشي بالنميمة ، وأما الآخر فكان لا يستتر من بوله ، قال : فدعا بعسيبٍ رطْبٍ فشقه باثنين ثم غرس على هذا واحداً وعلى هذا واحداً ثم قال لعله أن يخفف عنهما ما لم ييبسا }

"Аллахтын элчиси ﷺ эки кабырдын жанынан өтүп баратып: «Бул экөө азапталып жатат, бирок оор күнөө үчүн эмес. Бири - сөз ташып жүрчү, экинчиси - заарасынан тазаланган эмес», - деп айтты. Анан курманын бутагын сурады да, аны экиге бөлүп, ар бир кабырга сайып: "Балким, булар куурагыча азаптары жеңилдейттир", - деди.

📖 (Сахих аль-Бухари, 213; Муслим, 292).

📎 Экинчиден:
Бир адамдын экинчи жөнүндө "тилин башкара албайт" деген сөздөрү ал адамга жакпай турганы талашсыз. Эгер айтканы чын болсо, анда бул сөздөр гыйбат болот, эгер андай эмес болсо - жалаа жабуу.

Кандай болгон күндө да, ушактап, жалаа жаап же сөз ташыган ар бир адам Аллахка тообо кылып, кечирим сурашы керек, бул аны менен Аллахтын ортосунда. Ал эми анын айткан сөздөрү ал адамга жеткенин билсе, анда ага барып кечирим суроосу керек. Ал эми анын дарегине айтылган жалаа же ушак тууралуу билбесе, анда ага бул тууралуу айтуунун кереги жок. Ал сөздөрдү тараткан адам ал үчүн Аллахка кайрылып, ал үчүн кечирим сурап, ал жөнүндө мурда жаман айтканындай эле артынан жакшы сөздөрдү айтсын!




https://islamqa.info/ar/195085 هل يستحب الدعاء عند نزول المطر ؟ وماذا يقال عند نزوله وعند سماع الرعد ؟ - الإسلام سؤال وجواب

☔️ ЖАМГЫР ЖААГАНДА ДУБА КЫЛУУ СҮННӨТПҮ? ЖААН ЖААГАНДА ЖАНА КҮН КҮРКҮРӨГӨНДӨ ЭМНЕ ДЕП АЙТЫЛАТ?

📝 СУРОО: 195085
Биринчиден: жаан жааганда, күн күркүрөгөндө жана чагылган болгондо айтылуучу дубалар кайсылар? Жана жамгыр жааганда дуба кабыл
болооруна кандай хадис бар?

📢 ЖООП:
Аллахка бүткүл алкыш-мактоолор болсун!

✔️ Биринчиден:
Аиша энебизден (Аллах андан ыраазы болсун) келген хадисте: *
«Аллахтын элчиси ‎ﷺ жаанды көргөндө:

‎اللَّهُمَّ صَيِّبًا نَافِعًا
“Аллахумма соййибан наафи'ан" - "Аллахым, ушул жамгырды бизге жакшылык жана пайдалуу кыла көр!" деп айтат эле».

📚 (Сахих аль-Бухари, 1032).

Абу Дауддун риватында (5099):

اللَّهُمَّ صَيِّبًا هَنِيئًا
Аллахумма соййибан ханииан -
"Аллахым, ушул жамгырды бизге пайдалуу жана жагымдуу кыла
көр!"
деп келет.

Хадисте эскерилген "соййиб" сөзү (асмандан)
агып жатканга, б.а. жамгырга тийиштүү, бул араб сөзү Аллахтын аятында да келет:

‎أو كصيبٍ من السماء
"Же болбосо караңгы,
күркүрөктүү, чагылгандуу асмандан нөшөрлөгөн жамгырда калган кишилерге окшойт...


Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айткандай, жамгыр адамдын денесинин кээ бир жерлерине тийе тургандай кылып, анын алдынд
а турушу мустахаб (сүннөт). Ал айтты:
“Күндөрдүн биринде Аллахтын элчиси ﷺ менен болгонубузда, жамгырга кабылдык. Аллахтын
элчиси ‎ﷺ (бир аз сырткы) кийимин ачты
да, анын денесине жамгырдын (тамчылары) тийе баштады. Биз: "Оо Аллахтын элчиси, эмне үчүн мындай кылдыңыз?", - деп сурадык. Анда ал: "Себеби аны (жамгыр) жакында эле Раббиси жараткан (учурга жакын)", - деди".
📚 (Сахих Муслим, 898).

Жамгыр күчөгөндө Пайгамбар ‎ﷺ айтат эле:

اللَّهُمَّ حَوَالَيْنَا وَلاَ عَلَيْنَا ، اللَّهُمَّ ع
َلَى الآكَامِ وَالظِّرَابِ ، وَبُطُونِ الأَوْدِيَةِ ، وَمَنَابِتِ الشَّجَرِ
«Аллахумма хауааляйна уа ля 'аляйна. Аллахумма 'аляль аакаами уа-з-зирооби уа бутуунил авдийати уа манаабитиш-шажар».
О Аллах! Бизге эмес, атараптарга: адырларга, тоо-таштарга, өрөөндөргө жана токойлорго (жаадыр)!
📚 (Сахих аль-Бухари, 1014).

Ал эми күн к
үркүрөгөндө айтылуучу дубаларга келсек, Абдуллах Ибн аз-Зубайр аны укканда, сөздөрдү токтотуп:
"Ага күркүрөк дагы тасбих (мактоо) айтат жана периштелер да Ага корккондору себептүү тасбих айтышат"
(ар-Раад сүрөсү, 13), деп айтып, анан
"Бул чынында жер бетиндегилерге катуу эске
ртүү"
дечү.
📚 (Сахих аль-Бухари "Адаб аль-Муфрад", 723; Малик "Муатта", 3641. Имам ан-Науауи жана Альбани сахих деген).

Бул (күн күркүрөгөндө айтылуучу дуба) тууралуу Пайгамбардан ‎ﷺ келген эч бир кабар билбейбиз.

✔️Экинчиден:
Жамгыр жааган убакыт - Аллахтын Өзүнүн пенделерине кылган жакшылыгы жана мээрими(нин убактысы), жакшылыктын себе
птеринин көбөйгөн маалы жана дубалар кабыл болуучу убакыт.
Сахль Ибн Саад
Пайгамбардан ‎ﷺ айтат:"Экөө кайтарылбайт: чакыруу убагында жана жамгырдын алдында".
📚 (А
ль-Хаким. Аль-мустадрак, хадис N° 2534).
Чакыруу: азан айткан маал же айткандан кийин.
Жамгырдын алд
ында: жамгыр жааган убак.

🪶 Туурасын Аллах билүүчү!
____
ИСЛАМ: СУРОО-ЖООП
➤➤
https://chat.what
sapp.com/Eep1mS7JNIr
FPuP2ztua3u
➤➤https://t.me/Islam_SurooJoop
➤➤htt
ps://www.instagram.com/invites/contact
/?i=1bi7415d1h6u2&utm_content=kmxuio7
➤➤https://www.facebook.com/islamsuroojoop.isl
amsuef='roojoop' rel='nofollow'>roojoop






Аллах Тааладан мусулмандарга пайдалуу илим жана солих амал аткарууга мүмкүнчүлүк берүүсүн сурап калабыз!

⚖️Туурасын Аллах билүүчү!
____________
ИСЛАМ: СУРОО-ЖООП
➤➤https://chat.whatsapp.com/Eep1mS7JNIrFPuP2ztua3u
➤➤https://t.me/Islam_SurooJoop
➤➤https://www.instagram.com/islam_suroo_joop/profilecard/?igsh=MWVtYWpvcW0xcHAybQ==
➤➤https://www.facebook.com/islamsuroojoop.islamsuroojoop


https://islamqa.info/ar/131662 ما هي الصدقة الجارية؟ وما الذي يصل الميت من أعمال الحي؟ - الإسلام سؤال وجواب

❤️ САДАКА ЖАРИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ? ТИРҮҮЛӨРДҮН КАЙСЫ АМАЛЫ ӨЛҮКТӨРГӨ ЖЕТЕТ?

СУРОО: 131662
Китепчелерди же Кураандын бир бөлүкчөсүн камтыган китептерди өлгөндөрдүн атынан берүү Шариатта дуруспу? Өлгөн адамга сообу жетеби? Эгер мүмкүн болсо, ошол китепчелерге өлгөн адамдын атын жазып коюу болобу? Эң жакшы садака жария кайсы (мисал менен)?

💡 ЖООП:
Аллахка алкыш-мактоолор болсун!

1⃣Биринчиден:
Садака жария - көп убакытка кала берүүчү, мисалы, мечит куруу же кудук казуу сыяктуу садака. Ал эми көпкө калбай турган садака, мисалы, кедей-кембагалдарга акчалай же тамак-аш менен жардам берүү - бул нерсеге сооп алганы менен, садака жария боло албайт, анткени ал көп убакыт калбайт.

2⃣ Экинчиден:
Аалымдар "Кээ бир амалдардын сообун өлгөндөргө багыштаса аларга жетеби?" деген маселеде эки кайчы пикир айтышкан.

🔘Биринчи сөз:
Бардык солих амалдарды өлгөндөргө багыштаса болот. Мисалы: Кураан окуу, орозо, намаз ж.б.ибадаттар.

🔘Экинчи сөз:
Шариатта жетүүсүнө далил келген амалдардан башка, өлүктөргө эч кайсы амал жетпейт. Ушул сөз салмактуу. Өлүктөргө сообу жете турган амалдардан: Ажылык, умра, назр же кафаарат себептүү парз орозолору, карызын төлөө, дуба кылуу, мал-мүлк менен садака кылуу сыяктуу. Бул жөнүндө ушул суроодон (9014) кенен маалымат алсаңар болот.

3⃣Үчүнчүдөн:
Китепчелерди же Кураандын бир бөлүкчөсү жазылган китептерди таратуунун сообу өлгөн адамга жетет. Анткени ал акча менен болгон садака.
Бирок ал китепчеге өлгөн адамдын атын жазууга эч кандай муктаждык жок. Бул нерсеге түрткү болгон нерсе - эл көрсүн же эл уксун, адамдар "Баланчанын балдары" деп эскерип жүрүүсү үчүн болуп калуусу мүмкүн.

4⃣Төртүнчүдөн:
Эң жакшы садака жария: Пайгамбар ﷺ ачык айткан, инсанга сообу өлгөндөн кийин да кете берүүчү садака. Башка бардык садакалар же пайдасы андан да көп болгон садакалар ушуга салыштырылат.
Анастан (андан Аллах ыраазы болсун) Пайгамбар ﷺ айтты:

{ سبعٌ يجري للعبد أجرُهن وهو في قبره بعد موته : مَن علَّم علماً أو أجرى نهراً أو حفر بئراً أو غرس نخلاً أو بنى مسجداً أو ورَّث مصحفاً أو ترك ولداً يستغفر له بعد موته }
«Жети нерсенин сообу пенде өлүп, кабырда жатканда да жетип турат. Ким илим үйрөтсө, же арык жүргүзсө, же кудук казса, курма дарак эксе, же мечит салса, же Кураан китеп басып чыгарса, же артынан перзент калтырып, ал өлгөндөн кийин анын күнөөсүн кечирилүүсүн сурап, дуба кылса».

📖(шейх Альбани хасан хадис деп айткан сахих ат-таргиб 959).

Эң сонун садака жариялар:
🔘Мечит куруу.
🔘Шариат илимин таратуу. Ал Кураан китебин, Шариат китептерди, сабактардын үн жазууларын, компьютердин дисктерин таратуу же илим талап кылып жүргөн адамдарга садака кылуу.
🔘Муктаж адамдарга суу жеткирүү. Бул кудук казып берүү же түтүктөрдү орнотуу аркылуу суу менен камсыздоо аркылуу болот.
🔘Балдарды жакшы тарбиялоо.
Ким мечит курууга же илим таратууга кадыр болбосо, колунан келгенине үлүшүн кошуп коюу керек.

Өзүбүзгө жана жалпы мусулман адамдарга, өлүмдөн мурда жакшы амал кылып калууга шашылуусун насаат кылат элек. Кылган жакшылыгы башкаларга да пайдасын берип, өлгөндөн кийин да сообу бара турган болсун. Демек өлгөндөн кийин ушул жакшы амалдардын сообу жетип барат деген убада орундалат. Мусулман киши өлөөрдөн мурда анын атынан бирөө өтөй албай калбоосу үчүн, мойнунан ажылык, орозо сыяктуу парз амалдарды түшүрүп коюусу керек. Эгер үзүрсүз калтырса, күнөөкөр болот, ал эми үзүрлүү болсо, сообунан кур калат.
Ошондой эле мусулман адам балдарын Шариатка ылайык солих кылып тарбиялоого аракет кылуусу керек.
{ فعن أبي هريرة رضي الله عنه قال : قال رسول الله صلى الله عليه وسلم : (إن الرجل لترفع درجته في الجنة فيقول : أنَّى لي هذا ؟ فيقال : باستغفار ولدك لك }
Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) айтат: *Пайгамбар ﷺ айтты: «Чындыгында бир кишинин бейиште даражасы көтөрүлүп, анан ал айтат: "Бул кандайча?" Ага: "Сага балаңдын истигфары (кечирим сураганы) себептүү", - деп айтылат».

📖(Ибну Маажа, 3660. шейх Албани "Силсилату ас-сохиха 1598" хасан деген).



20 last posts shown.