Ал Хорасандагы Наса шаарынан чыккандыктан, ан-Насаи деп аталып калган.
Ал 215-хижрий жылы жарык дүйнөгө келген. Имам Насаи өз доорундагы хадис илиминин эң алдыңкы аалымдарынын бири болгон. Анын илимдеги даражасы жана хадис риваят кылуучуларды сындоо жана баалоодогу тактыгы жогорку деңгээлде болгон.
Хадис илиминин аалымдары анын илимин жана ишенимдүүлүгүн жогору баалашкан. Имам аль-Хаким ан-Насаинин даражасы тууралуу мындай деп айткан:
“Абу Абдуррахман (ан-Насаи) өз доорунда хадис илиминде, риваят кылгандарды сындоо жана баалоо боюнча эң алдыңкы орунда турган.”
Имам Насаи такыбаалыгы жана ыймандуулугу менен таанылган. Ал эң мыкты орозо түрү болгон Дауд пайгамбардыкын (бир күн орозо кармап, бир күн кармабоо) туруктуу кармаган.
Ал өзүнүн жашоосунун бир бөлүгүн Мисрде өткөрүп, ошол жерде өзүнүн китептерин тараткан. Анын илиминен көптөгөн адамдар пайдаланышкан. Андан соң Дамаскка көчүп барган. Имам Насаи 303-хижрий жылы 13-Сафар күнү, 85 жашында дүйнөдөн кайткан.
Аллах Таала ага ырайым кылып, бейишти насип этсин.
6️⃣ ➖➖➖➖ ➖➖➖ ➖➖➖➖➖
Мухаммад ибн Язид ар-Рибъи аль-Кузайни, Абу Абдуллах. Анын атасы Язид Мажжа деп белгилүү болгон, ошондуктан ал Ибн Мажжа деген ат менен таанымал болгон. Ар-Рибъи деген ат анын Рибиа урууларына болгон байланышын билдирет. Ал белгилүү хадис таануучу жана “Ас-Сунан” деген хадис китебинин автору. Ал 209-жылы хижра боюнча Кузайн шаарында туулган.
Ибн Мажжа хадис жазуу үчүн Ирак, Басра, Куфа, Багдад, Мекке, Шам, Миср жана Рейге саякат кылган.
Ал саякатында үч китеп жазган:
1. Тафсир китеби;
2. Тарых китеби, анда ал сахабалардан баштап өзүнүн дооруна чейинки хадис жазган адамдардын тарыхын жазган,
3. Ас-Сунан деген хадис китеби.
Ибн Мажжа 273-жылы Рамазан айынын 22-күнү дүйшөмбү күнү 64 жашында кайтыш болгон.

Алты китептеги хадистердин өкүмү:
• Имам Бухари менен имам Муслимдин “Сахих” китептериндеги хадистерди үммөт кабыл алып, алардын ишенимдүүлүгүнө бир добуштан макул болушкан, бир нече гана хадистерден башкасы. Бул хадистерди алар алардын алсыздыгын түшүндүрүү үчүн келтиришкен, жана бул тууралуу «Сахихтерге» жазылган түшүндүрмөлөрдө, мисалы, Ибн Теймия (Аллах аны ырайымына алсын) айткан.
• Ал эми калган “Сунан” китептеринде болсо, алсыз хадистер кездешет. Бул хадистердин айрымдарына авторлор өздөрү токтолуп, эскертүү беришкен болсо, кээ бирлерине башка аалымдар түшүндүрмө беришкен. Хадистердин иснад менен берилгендиги үчүн аалымдар анын риваятчыларынын ишенимдүүлүгүн текшерип, күчтүү хадистерди алсыздарынан айырмалай алышат.
Бул жаатта өзгөчө белгилүү болгон аалымдар: Ахмад, ад-Даракутни, Яхья бин Маин, ибну Хажар, аз-Захаби, ал-Вакии, ас-Сахави, ошондой эле заманбап аалымдардан ал-Албани, Ахмад Шакир жана башкалар. Аллах бардыгына ырайым кылсын.
⚖️ Туурасын Аллах Таала билүүчү!
____________
ИСЛАМ: СУРОО-ЖООП
➤➤ https://chat.whatsapp.com/FxhjPxUUS3XDd9AItDqRSc
➤➤https://t.me/Islam_SurooJoop
➤➤ https://www.instagram.com/islam_suroo_joop/profilecard/?igsh=MWVtYWpvcW0xcHAybQ==
➤➤https://www.facebook.com/islamsuroojoop.islamsuroojoop