Бейиштигим❤️🔐🤍


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz


Бул дүйнөдө эки нерсе Мукаддас сен тулуп өскөн ублө сен жараткан ублө 🤍💞❤️

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Statistics
Posts filter


Forward from: @MPiarBot
Уюлдук телефонсуз калуудан же андан алыс калуудан коркуу-эмне деп аталат?


Forward from: 𝔄𝔟𝔡𝔯𝔢𝔦𝔪𝔬𝔳𝔞
❗️НОМОФОБИЯ (ФОБИЯ)


اللّهُمـَّ آرزُقنآ حُـسنَ الخَآتِمة

Бүгүнкү дуба 📖⬇️

АЛЛОХУММА-РЗУКНАА ХУСНА-ЛХОТИМА 🤲

Оо АЛЛАХ БИЗГЕ ЖАКШЫ БҮТҮРҮҮ БЕР(ЖАКШЫ ӨЛҮМ БЕР, жакшы ниет менен жакшы абалда таза, адал абалда болгонубузга гана өлүм келсин )


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Төлүк Бактлулукту Аллах таала динге берген


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Көрүү үчүн сулуулукту сендеги,
Көздөр менен кароо керек мендеги.


Күмүш күндөр миң,
Бирок, досум, түшүнгүн
Эң кымбатың эртең эмес,
Ушул күн.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Айыбы жок жаралган,
Ажайып көркөмүңө.
Ашыгып ыр арнаймын,
Асыл кечим өзүңө.
Өчпөс болуп жанасың,
Өрт сымал жүрөгүмдө.
Өзүң гана болсоң дейм,
Өмүрлөшүм өмүрдө.
Өмүрдө эй, өмүрдө ой, өмүрдө.


«Мен инсанмын, адашып калышым мүмкүн. Мусулманмын, бирок Ислам дини эмесмин. Андыктан эл менден эмес Пайгамбарыбыздан үлгү алсын».


—Чубак ажы Жалилов


◾️ЭГЕР СҮЙҮКТҮҮ АДАМЫҢЫЗ МЕНЕН МАМИЛЕҢИЗДЕГЕ ГАРМОНИЯ ИЗДЕГЕНСЕҢИЗ, УШУНУ ОКУҢУЗ...

✨ “Бакыт жөн эле никеде жаралбайт. Жакшы үй-бүлөнүн башаты эки адамдын эмгеги.

✨ Үй-бүлө куруу искусствосу – бул анча маанилүү эместей көрүнгөн нерселердин эң маанилүүсү. Кол кармашканда эч качан карыбайбыз. Күн сайын жок дегенде бир жолу айтууну унутпашыбыз керек: Мен сени сүйөм. Нике дегени, жүрөгүңдө ачууланып төшөккө жатпа дегени. Баары өзүнөн өзү болот дегенге ишенүүгө болбойт, анткени нике - бул бал айы менен бүтпөгөн өмүр бою өтүүчү саякат.

✨ Үй-бүлө деген жалпы максаттарды жана жалпы баалуулуктарды билдирет. Нике – бул эки адам бирге, бүт дүйнө менен бетме-бет келүүсү.

✨ Нике бүт үй-бүлөнү кучагына алган сүйүү циклин түзөт.

✨ Үй-бүлөлүү болуу бири-бирибиз үчүн бир нерсе кылууну билдирет, бирок милдеттен эмес, кубаныч тартуулагандыктан кылуу.

✨ Үйлөнүү - бул бири-бирине ыраазычылык жана урмат-сый сөздөрүн айтуу жана андан кемчилик күтпөө.

✨ Үй-бүлө куруу - бул жөндөө, чыдамкайлык жана түшүнүү жана, албетте, жакшы юмор. Кечирүү жана унутуу жөндөмү. Эки өнөктөш тең өсө ала турган атмосфера. Руханияттын орду бар жерде: жалпы жакшылыкты жана сулуулукту издөө.

✨ Нике ар бир өнөктөш бирдей көзкарандысыз жана милдеттенмелер менен көз карандылыкта бири-бирине болгон мамилени түзөт.

✨ Үй-бүлө куруу – бул туура түгөйдү табуу гана эмес, ошондой эле туура өнөктөш болуу».

⚠️ ЖУБАЙЛАРГА ЭСКЕРТҮҮ...‼️


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
туура жолду билген башка, туура жолдо жүргөн башка🤍إرادة قوية


⭕️40 Парз

⭕️Ыйманда 7 парз бар

1. Аллах Тааланын бардыгына жана жалгыздыгына ишенүү

2. Аллах Тааланын периштелерине

3. Аллах Тааланын китептерине

4. Аллах Тааланын пайгамбарларына

5. Акырет күнүнө

6. Тагдырга; жакшылык жана жамандык Аллахтан экендигине ишенүү

7. Өлгөндөн кийин кайра тирилүүгө ишенүү

⭕️Исламда 5 парз бар

1. Шахадат (күбөлүк) келимеси

2. Беш убак намаз окуу

3. Зекет берүү

4. Орозо кармоо (жылына 1 жолу Рамазан айында)

5. Хаж ибадатын аткаруу (өмүрүндө бир жолу ажыга баруу)

⭕️Дааратта 4 парз бар

1. Колду жуу (чыканакты кошуп)

2. Бетти (чач чыккан жерден баштап ээктин астын кошуп) жуу

3. Баштын төрттөн бир бөлүгүнө масх тартуу

4. Буттарды жуу

⭕️Гусулда 3 парз бар

1. Оозго суу алып тамакка жеткире чайкоо

2. Мурунга суу алып, таноо ачышканча суу алуу

3. Денеде кургак жер калтырбай жуу.


⭕️1-хадис
Жүрөгүндө кыпындай ыйманы бар адам бейишке кирет.

2-хадис
Мусулмандын арасында ыйманы эң толугу- кулк-мүнөзү эң жакшысы.

3-хадис
Тазалык- ыймандын жарымы.

4-хадис
Адамдын эң жакшысы- адамдарга пайдалуу болгону.

5-хадис
Силердин эң жакшыңар - Куранды үйрөнгөндөр жана башкаларга үйрөткөндөр.

6-хадис
Мусулман мусулмандын бир тууганы.

7-хадис
Калп айтуу жамандыкка алып келет.

8-хадис
Аллах Таала силердин сырткы келбетиңерге эмес,жүрөктөрүңөргө жана жасаган иштериңерге карайт.

9-хадис
Ар дайым Аллахты эстеп жүрсөң,Ал да сени менен чогуу болот.

10-хадис
Жакшы,сооптуу иштерди жасаганга умтулгула.

11-хадис
Чыныгы мусулман-тилинен да,колунан да башкаларга зыяны тийбеген адам.

12-хадис
Тамагын жеп,суусун ичкенден кийин Жаратканга мактоо айткан пендесине Аллах Таала ыраазы болот.

13-хадис
Бирөөнүн унаасына минүүсүнө жардам берип,жүгүн же азыгын жүктөшүп берүү да садака.Жакшы сөз да садака.Мечитке баргандагы ар бир кадам да садака.Жолдон тоскоолдуктарды алып салуу да садака.

14-хадис
Адамдарга мээримдүү болбогонго Аллах Таала да мээримин төкпөйт.

15-хадис
Кимде-ким мусулман бир тууганына жардам берсе,Аллах Таала ага да жардам берет.

16-хадис
Кимде-ким Аллах Таалага жана акырет күнүнө ишенсе, кошунасына жакшылык жасасын.

17-хадис
Адепсиздиктен сактангыла! Анткени Аллах Таала адепсиздикти жакшы көрбөйт.

18-хадис
Намаз - диндин тиреги.

19-хадис
Дуба мээримдүүлүктүн ачкычы.

20-хадис
Бейиштин ачкычы намаз.Ал эми намаздын ачкычы даарат.

21-хадис
Дүнүйөгө кызыкпа, Аллахга жагасың.
Адамдарда бар нерсеге көз артпа, адамдарга жагасың.

22-хадис
Өзүңөргө каалаган нерсени башкаларга да кааламайынча толук момун боло албайсыңар!


БААРЫНА БИРДЕЙ ЭМЕСМИН
БИРӨӨГӨ КАТАРДАГЫ ЭЛЕ ИНСАН БОЛСОМ, КЭЭ БИРИНЕ ТАБЫЛГЫС БИР ИНСАН БОЛУШУМ МУМКУН!


«Сен издеген нерсе, сени да издеп жатат»


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Адам тааныбаса-сүйбөйт,
сүйбөсө ээрчибейт.🫠

Ээрчиш үчүн сүйүш керек,
Сүйүш үчүн тааныш керек.❤️

Деп эле баш айландыра берсең еe😅☺️


Кыз, өзү жакшы көргөн адамга гана мүнөзүн көрсөтөт.

Ал эми эр азамат, жакшы көргөн адамынын мүнөзүнө чыдайт


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Жакырчылыкта, кичинекей үйдө өзү сүйгөн адам менен бактылуу жашап жаткан аял, бай жашоодо, заңгыраган үйдө ыйлап жашаган аялдан бактылуу...


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
لهم جميعا الشكر لله عز وجل


“Айт! Бул менин жолум: Аллага илимдин негизинде чакырамын”.
Йусуф 108.

“Дал ошолор жакшылык иштерге шашылып, бири-бири менен (жакшылыкта) жарышышат”.

Муьминун 61.

“Ким бир жакшы ишке себепчи болсо, аны жасагандай соопко ээ болот”.

Муслим 1893.

Пайгамбарыбыз ﷺ айтат: “Менден бир аят болсо да жеткиргиле!”

Бухарий 3461.

Урматтуу катталуучулар! Сизге жеткен аят же хадис болсо, башкалар менен бөлүшүп сооптуу ишке көмөктөш болуңуз✨.

20 last posts shown.