Адамды ИСЛАМ ойготот!


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Religion


Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Religion
Statistics
Posts filter


ӨЛҮМ ТУУРАЛУУ ОЙЛОН.

Өлүм тууралуу ойлоном. Өлүш үчүн эмес албетте, тактап айтканда ар бир нерсенин жана да менин да өмүрүмдүн чеги бар экендигин аңдап. Биз инсанга өлүм тээ алыста жана башкалар үчүн дегендей боло берет. А чынында ал дагы баардыгыбыздын эшигибизди каккылап келет.

Бул жашоону кудай чектеп койгон. Сыноо. Мен аны кайда жана эмнелерге эмне үчүн коротуп жатам. Бу дүйнөгө келген максатымдын үстүнөн ойлонгондо, убактылуу болгон жыргалчылыктар көп ырахат бербей, көп күлүүнүн жана маңызсыз сүйлөшүүнү, пайдасыз иштерди азайткым келет, кана эмесе токтотуп эле койсом. Азыр же эртең өлсөм, жеке мага эмне пайда жана зыян? Кудайдын алдына эмнемди көтөрүп барам? Эмнем менен мактанам? Таза жүрөгүмдү кабыл алабы же жакшы иштеримдиби? Эгерде жакшы иштерди кабыл алса менде ал иштер барбы? Жана да ал чындап жакшы иштерби? Же мен ойлогон үчүн эле жакшыбы?

Тууган тааныштар менен, жоро жолдоштор мамилем жакшыдыр, жаратуучу Кудай менен мамилем кандай? Кудай менден жүз үйрүбөйбү. Мени салмагы жок, көңүл ачуучу иштер менен алек кылып койбодубу?

Бул дүйнө өткүнчү жана жалган экенин жон терим менен сезип, анда эмне иштерди кылуум керек экенин тактайын. Кудайдын көңүлү баарынан бийик экенин туюп, Анын Арканын карманууга адамдарды чакырайын.

Белден аруу, көздөн курчтук, билектен күч кете электе Кудайым мени өзүнө жакындатып жатканына шүгүр. Акыл эси жайында адам баары бир жалгыз калганда жашоосун анализдеп бул дүйнө шаң-шөөкөттөрү жөн гана сыноо экенин түшүнөт. Алдыга умтулат. Алсыз жана адашуучу экенин моюнга алат. "Өлүм" бул адамды жаман жана күнөө иштерден тосот. Жана акылын туура жака иштетүүгө түртөт. Чектелген өмүр, чексиз жашоого болгон ойду пайда кылат. Кудайым баарыбызды тирүү өлүк болуубуздан сактасын. 🤲🏻 🤲🏻🤲🏻




ЫРЧЫЛАР.

Адамдар кумир тутуп жүргөн ырчылар. Негизи ырларынын көбү сенин жана менин балдарымдын аң сезимин уулайт. Ырларда адамды кыймылга келтирчү маанилер болуп, денедеги сүйүнүч бездерин ойготот. Ансыз да кинодон жана жомоктордон таасирлерип калган жаштар, сүйүүнү көчөдө ээрчишип басуу, смс жазышуу, ж.б.у.с нерселер деп билип калды.

Азыр ар бир жаштын башында "сүйүү" деген оору болуп, аны менен алек болууда. Ошол учурда, ырчылар алардын оорусуна туз себишүүдө. Негизи эле ошол ооруну пайда кылган да ырчылар. Ырдардын көбү "разврат", "зынага" чакыруучу ырлар. Аны баарыбыз отуруштарда, тойлордо хор менен ырдап жыргайбыз. Ал арамга чакырган ырлар коомдо канчалык нормага айланбасын, ал ырлары үчүн ырчылар мактоо албасын. Баари бир кудай "арам" деген нерсе арам бойдон калат. "Сен мен жака ыктадың” “Уулуң мага окшогон” "Ака деген оозуңдан" "Сени мени жигитим деп коргойсуңбу" "Мен сени менен кыялдарга жетем" "Жүрөгүмдө чөгүп калды” "Сулууларга суктанууга акым бар" бул жана башка ырлар тээ түпкүрүндө салтка да, динге да жарашпаган ырлар болуп, адамдын аң сезимин талкалап, үй-бүлөнүн олуттуулугу жоголуп, жөн гана балдар үчүн жашай турган бир бүлөгө айландырат.




Окуучу балдардын балакатка жеткенден тартып (7-8кл) аралашып окуулары шаръан арам. Менин чоң кызым быйыл 5-классты бүттү. Эмдиги окуу жылына балакатка жетип калат жана өзүнчө кыздар мектебине (кымбат болсо да) эптеп жебей-ичпей болсо да окутууга мусулман ата катары милдеттүүмүн! Мага окшоп ушул маселеде башы маң болуп жүргөн адамдар билинбегени менен аябай көп экен. Анткени классташ балдары менен аралашып, кол кармашканы, тамашалашканы, кучакташканы, өбүшкөнү, сүйушкөнү жана порно темаларды сүйлөшүшкөнү үчүн күнөөсү менин моюнума да жазыла берет. Буларды кылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Себеби коомдо окуучулардын кылгандарын көрүп жатабыз. Өбүшүп-суйушкону бери жакта эле калып, зынаага барып боюна бүтүп калгандары да көп. Жаап жашырганы канча, жашыра албай калгандарына гана күбө болуп жатабыз. Бала да, көңүлү каалаганын кылат. Балдардын көңүлү балакатка жеткенде эки жыныста тең бири бирине кызыгуу, умтулуу жана жакындашуу каалоолору пайда болот. Мындай баскычтардан өзүбүз да өткөнбүз, бул эч кимге жашыруун сыр эмес. Андыктан урматтуу ата энелер, шарият менен жашаймын деген ата-энелер, кыздарыбыз биздин намысыбыз, аларды балакат жашына жете электен баштап бөлүп окутуубуз важып, жана кыямат күнү ар бирибиз ушундан суралабыз, жооп беребиз урматтуу аталар...!

Бишкекте 5-6 эле кыздар мектеби бар экен. Миллиондон ашык эл жашаган шаарга бул жок эле эсебинде дегени. Андыктан урматтуу байлар, мүмкүнчүлүгү барлар, акырети үчүн эмне амал кылсам деп жүргөн мансаптуу, билимдүү жана каражат жагынан бар адамдар ушул маселе боюнча бир акылдашып, шаардын төрт жагына кыздар мектебине ачуубуз зарыл. Дом куруп бизнес кылган агалар, биринчи кабаттары бош эле калып жатат. Эски зданияларды сатып алып койгон байлар, бош эле тургандары көп. Жаңы куруп, гостиница же чайхана кыламын деп жаткан акелер, ошолорду мектеп кылсак пайдасы да гостиница менен чайханадан жакшы. Биринчи пайдасы Кудайдын ыраазылыгы үчүн болуп, сооп-сыйлыгы акыретте чоң болсо, экинчиси материалдык пайдасы да гостиница, чайхана жана кафе-ресторандан жакшы болот, келгиле, Кудайдын астына бир "амал" менен баргыдай бололу...

МамырАттокур




"Мурунку доорлордо аял кишилер эркектердин көңүлүн өзүнө буруу үчүн аракет кылуусу, күч жумшоосу зарыл болбогон. Аял киши, ансыз деле, ар качан көңүл чордонунда болуп келген. Эшиктин артынан да, хижабдын ичинен да эркектердин кызыгуусун арттырып турган. Үйүнүн айнек терезелеринен сыртка көлөкөсү түшүп калар бекен, же болбосо, короодо өскөн гүлдү үзүү үчүн колун созсо, анын колу көрүнүп калар бекен деп күтүлөр, эңселер эле. Анткени, аял кишинин эч бир жери ачык, арзан жана жеткиликтүү эмес болчу. Ошол доордо дагы аялдар эркектер менен бир коомдо жашап, иштешер эле.

Аял — көчөдө көрүүгө мүмкүн болбогон, баа жеткис жана аялуу жан болгон. Медреселерде дагы, мектептерде дагы алар менен кезигүү мүмкүн эмес эле. Аялдар үйлөрүндө, узун күрмө-чепкендер артында жашырынып келишкен. Аларга жетүүнүн эч кандай айласы жок эле. Бир гана, Расулуллах (саллаллаху алайхи ва саллам)дын сүннөтүнө ылайык, жолугушууларга чыкпай, ашыкча суроо-жооптору жок, адал нике менен гана жетүүгө мүмкүн болчу. Аял киши өзүнүн кооздуктарын көргөзмө кылууга муктаж эмес эле. Анткени, ансыз деле анын кардары мол болчу. Жуучулар каалгасын каккылап келип турушкан. Ал кезде ажырашуулар дагы сейрек болчу. Үй-бүлөлөр бакыт-таалайлуу, ынтымактуу жашашкан.

А бирок, бүгүн көп нерселер өзгөрүп кетти. Аял заты үйүнөн, коргон-чебинен сыртка чыкты. Түпкүлүгүндө... биз өзүбүз алардын үстүнөн күлдүк... "Эркиндик", "азаттык", "аялдардын өнүгүүсү" сыяктуу шылтоолор менен аларды көчөгө чыгарып коюп, соңунда, "Бою узун бекен же кыскабы?", "Келбети, тулку бою кандай экен?", деп, жылаңач көкүрөктөргө тигилүү менен рахаттана турган болдук. Аял баалуулуктарынын баары бекер болуп, никесиз жеткиликтүү болуп, арзан товарга айланды. Аны менен эле чектелип калбай, өзүбүздүн милдет-жоопкерчиликтерибиздин дагы жарымын алардын назик желкелерине жүктөп жүктөп койдук. Алар "Сен күрөшө ала турган күчтүү аялсың! Баатырсың! Эркин адамсың! Эркин болуп төрөлгөнсүң, эркин жаша! Сенин денең үй-бүлөңдүкү дагы, Кудайдыкы дагы эмес, өзүңдүкү! Өз денеңдин ээси өзүңсүң! Иштөө деген улуу дөөлөттү менчиктеп албайбыз, силер дагы акылуусуңар. Ким эмне десе, десин. Күрөш желегин желбиретүүгө убакыт келди!" деген ураандар менен ууланды. Абалдын мындай курч алуусу өтө кооптуу эле. Аял затын ээн-эркин көрүүгө жетишкен соң, аларга тоюп бүтүп, ачык-чачык кийимдер менен өздөрүн жарнамалоого, бири-бири менен чечинүүдө атаандашууга үгүт жасалды. Эркектер үчүн аялдарды көрүп рахаттануунун өзү жетишсиз болуп, алар менен чогуу окуу, чогуу иштөө, чарчоону чыгаруу шылтоосунда корпоративдерди уюштуруу, ыдык көрсөтүү, кубалашып ойноо, чогуу түштөнүү, ашкана-ресторандарга баруу, кинолорго баруу сыяктуу көңүл ачуулар дагы жеткиликтүү болду. Мына ушинтип, аял затынын баркы кетти, кадыры күл болду. Аларга жетүүнүн жолу кыска жана жеңил болуп калды. Мына ушул жеңилдик эркектердин зээндеринен үйлөнүү, бүлө куруу пикирин алыстатып жиберди.

Аял заты жумушта, спортто, тер төгүп мээнет кылууда эркектер менен тең болгон соң, көйгөйлөрдү унутуп, башты жазуу жана чарчоо чыгаруу үчүн өз жанын "рахаттандыруу" укугуна ээ болду. А бирок, аял заты жеткиликтүү болгон заманда, эркектер үйлөнүүдөн баш тарта баштаган соң, аялдар кантип чер жазышы, эс алышы жана рахаттанышы мүмкүн? Мындай абалда эзелтен келген нарк-насилден баш тартып, бөтөн эркектердин жандашуусуна, койнуна сойлоп кичүүсүнө уруксат берет да.

Биз бул "эркиндиктин" эң кооптуу чегине жетип келдик. Эркектер эркеленип, аялдар алардын артынан чуркап, сөз ыргытып, тийишип калган заманга келдик...




Ыймандын баасы.




Эфиопияга көчүү.




Дааваттын башталуусу.




Хира үңкүрүндө.




Каабаны оңдоо.




Хадичага үйлөнүү.



20 last posts shown.