Posts filter


ТАБЛИГ ЖАМААТЫ.

Хижраттын 617-жылы монголдор Марв шаарын багындырып, 700 000 мусулманды шейит кылат. Муну уккан Багдад эли кымырабай жай турмушун уланта берген. Арадан 40 жыл өтүп кезек аларга да жетет. Монголдор Багдадка кирип барып, мунусунда 2 000 000 мусулманды өлтүрүп, жүз миңдеген илимий китептер сууга ыргытылып жок болот. Ал китептер жоголбогондо азыркы өнүккөн заманга бери дегенде 50 жыл эрте келмек. Мусулмандардын атын тарыхтан ушинтип жок кылууну көздөшкөн. Мусулмандардын колунан намаз окугандан башка эч нерсе келбейт деп көрсөткүлөрү келишкен.

Ырамаатылык Чубак устаз айткандай “башым амал болсо болду, көчүгүмдү ит жесин” дегендер адашат. Анткени бүгүн көчүгүңдү жеген ит, эртең башыңды да жейт. Соңку 100 жыл ичинде мусулман коомчулугунда тарыхта болуп көрбөгөндөй жамааттар көбөйдү. Ислам дини жамаатташууга түз эле карайт, болгону жамааттык аң-сезим үммөттүк аң-сезимден абзел болбошу керек. Бир мезгилде монголдор Марвты алганда, ырас болот деп ичинен кымыңдаган багдаддыктар сымал, учурда да өлкөбүздөгү таблиги жамаат өкүлдөрүнүн абалына ичтен кубангандар эсине келиши керек.

Ар бир жамаат өкүлү “биздин жамаат мыкты, биздин шейх (кожо,устаз,агай,мавлана) мыкты, биздин китебибиз мыкты, биздин тартибибиз мыкты” дегенге укугу бар жана аны урматтоо менен кабыл алуу шарт. Бирок “ гана” сөзүн кошуп, “биздин жамаат ГАНА, биздин устаз ГАНА, биздин китеп ГАНА, биздин тартип ГАНА” деген тандалмалуулук шартын кошуу менен адашат. Ал жерде Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) караганда устаздын аты көбүрөөк зикр кылынып, Ыйык Куранга караганда жамаатка тийешелүү китеп көбүрөөк окулуп, Исламга эмес жамаатка чакыруу жарайаны күчөйт. Ал эми дин душмандары муну “Бөлүп жарып-башкар” принцибине ылайык өз кызыкчылыгына ылайык колдонот. Колдонуп жаткан аларда маселе жок, маселе ошого шарт түзүп берген тайкы жамааттык түшүнүктө. Балтанын сабы өзүбүздөн деп токойдогу дарактар ыйлаган сымал, турмушта көптөгөн дин жайылтуучуларды дал ошол диний чөйрөдөгүлөр эле салып бергенин көрүп жүрөбүз. Бирок салып берген деле көпкө жыргабайт негизи.

Жараткан жалпыбызга туура түшүнүк берсин, ошол түшүнүккө ылайык жашоону жана жан берүүнү насип этсин. Кудайым бизди мусулмандардын бөлүнүшүнө эмес, ынтымагына себепчи кылсын.🤲🏻




Акыйкатта, шарият эркектин абалын, мүмкүнчүлүктөрүн жана алсыздыктарын ачык айкын баяндап, ага төп келүүчү укук-милдеттерди бекитип берген. Ошондой эле, аял затынын табиятын, мүмкүнчүлүктөрүн жана алсыздыктарын дагы толук түрдө баяндап, аларга төп келүүчү укук-милдеттерди белгилеп берген. Андыктан, шарияттын көз карашында эркек менен аял адам катары бири-биринен айырмаланбайт, бири экинчисинен абзел болбойт. Бирок, үй-бүлөлүк жана коомдук мамилелерде алардын ар биринин табиятына жараша мыйзамдар орнотулат. Мына ошондо, коомдогу ар бир жыныстын жана ар бир адамдын абалы эске алынып, алардын алына жараша мыйзамдар орнотулат жана коомдогу адамдар өз-ара тең-салмактуулукта жана гармонияда турмуш кечиришип, бактылуулукка жетишет.

Демек, Ислам көз карашында "гендердик теңдик" эмес, аял эркек ортосундагы "адилеттүүлүк" принциби туура болуп эсептелет.

Мына ошондуктан, Курандын көптөгөн аяттары теңдикке эмес адилеттүүлүккө негизделип чечим кабыл алууга буйруган.

Бул маселе тууралуу сиздин пикириңиз кандай? Дагы кайсы жааттарда теңдик жана адилеттүүлүк түшүнүктөрүндөгү катачылыктарды билесиз?


ТЕҢДИК ЖАНА АДИЛЕТТҮҮЛҮК

Көпчүлүк адамдар теңдик менен адилеттүүлүктү бир нерсе деп эсептешет. Жада калса, адилеттүүлүк теңдик менен гана ишке ашат деп ойлошот. Акыйкатта болсо, экөө эки башка түшүнүктөр. Жада калса, кээбир учурларда теңдик адилетсиздикке дагы алып барат.

Теңдик бул баарына бирдей бөлүштүрүү болсо, адилеттүүлүк ар биринин муктаждыгына, мүмкүнчүлүгүнө жана абалына жараша бөлүштүрүү.

Бул маселени ката түшүнүү себептүү көптөгөн көйгөйлөр келип чыгууда жана көпчүлүк учурларда коомдук бузулууга жана адамзаттын бактысыздыгына дагы себеп болууда.

Мисалга алсак, мусулман коомчулугу арасында белгилүү болгон көп аялдуулук маселеси. Аллах Таала Куранда эркектерге бирден ашык үйлөнүүгө уруксат берген жана бул үчүн алардын ортосунда АДИЛЕТТҮҮЛҮК кылууну шарт кылып койгон. Ооба, теңдикти эмес, адилеттүүлүктү шарт кылган. Анткени, аялдарды багууда ар биринин өзүнө жараша муктаждыктарын кандыруу зарыл. Эгер баарынын муктаждыктарын адилеттүүлүк эмес, теңдик негизинде кандыра турган болсо, талаш-тартыштарды, уруш-жаңжалдарды жана бактысыздыкты келтирип чыгарат. Анткени, аялдардын организмдери, ден-соолуктары, ой-пикирлери жана каалоолору бири-биринен айырмалуу болгондуктан, алардын ар бирине керектүү нерселерди камсыздап берүү зарыл. Эгер 2 же 3 аялдуу эркек, теңдик принцибинен келип чыгып, алардын кийим-кечесинде, тамак-ашында жана дары-дармектеринде бирдей камсыздай турган болсо, бирөөсүнө төп келип, башкасына ашыкча болуусу же жетишсиз болуусу мүмкүн. Бул жаатта көптөгөн мисалдарды келтирүүгө болот.

Ошондой эле, үй-бүлөдөгү балдарга мамиле кылууда дагы, теңдик эмес, адилеттүүлүк важиб. Анткени, балдардын жынысы, жашы, ой-жүгүртүүсү жана каалоолору ар түрдүү болгондуктан, алардын ар бирине керектүү нерсени берүү кажет.

Бул орунда эң эле орчундуу болгон, акыркы учурларда коомчулугубузда кенен жайыла баштаган, аял менен эркек ортосундагы мамилелерге тиешелүү "гендердик теңдик" же "гендердик теңчилик" түшүнүгүн дагы талкуулап өтүү зарыл. Өлкөбүз Советтер Союзунун кулашы менен, шашылыш түрдө, толук талдабай туруп Батыштык дүйнө караштан келип чыккан "Демократияны" өлкөнүн негизги идеологиясы катары кабыл алгандан тартып, эл аралык коомчулукта эптеп жан багуу үчүн алардын талаптарына жана жашоого болгон көз караштарына айла жок моюн сунуп жашап келет. Өлкөнүн экономикасын туруктуу камсыздоо үчүн, чарасыздан алынган "гранд" пулдарды жана кредиттерди актоо максатында динибизге жана салтыбызга жат болгон "гендердик теңдик" идеясын колдоп жайылтууга мажбурлануудабыз.

Бул идея адамзаттын бактылуулугу үчүн кооптуу болуп, динибизге жана логикага дагы каршы келет. Анткени, эркек менен аял адам катары бирдей болушканы менен, алардын жынысында, организминде, ой-жүгүртүүсүндө жана каалоолорунда үлкөн айырмачылыктар бар. Мына ошондуктан, коомдогу эркек - аял ортосундагы мамилелерди тартиптөөдө алардын ар биринин муктаждыктарына, мүмкүнчүлүктөрүнө жана абалдарына жараша мамиле кылуу туура болот. Аларга бирдей же тең мамиле кылуунун өзү бир тараптын укуктарын тебелөөгө, каалоолорун жокко чыгарууга, бактысыздыкка түртүүгө жана аларды кудуретинен тышкаркы иштерге мажбурлоого алып келет. Бул идеяны пропагандалоонун кесепетинен, дүйнө аялдары эркектерге теңелип, аялдык бакыт, назиктик, уялчаактык жана сезимталдык сыпаттарынан алыстап, таңдан кечке эркектер менен тең тайлаша иштөөгө жана кудуретинен ашыкча милдеттерди көтөрүүгө мажбурланышууда. Натыйжада, үй-бүлөлүк гармония, балдардын тарбиясы жана коомдук тең салмактуулук бузулуп барууда. Ошол эле учурда, эркектердин мүмкүнчүлүктөрү жана каалоолору чектелип, адамзаттын тукумун улоодогу улуу миссиясын ишке ашырууга жараксыз болуп калышууда.

Мунун каршысында, адамзаттын дүйнөдөгү турмушун акыретке байлоо менен идеалдуу түрдө тартиптей алган улуу Ислам шарияты эки жыныс ортосундагы мамилелерди теңдик эмес адилеттүүлүк принцибине ылайык иреттеп берген. Анткени, бул шарият ар бир адамды жараткан, алардын табиятын, мүмкүнчүлүктөрүн жана каалоолорун эң мыкты билген Жаратуучубуз Аллах тарабынан түшүрүлүп, ар бир адамдын абалына идеалдуу түрдө төп келген мыйзамдарды камтыйт.




Анткени, анын психологиясы жабыркап бүттү, күнөө иштерге жол койду жана түштөн кийин сабыр кылуунун эффективдүүлүгү азайып калды.

Андан тышкары, сабырдын мааниси кыйынчылык келген учурда түшкүндүккө чөгүп, өз милдеттерин таштап койбостон, белди бекем бууп, Жаратуучунун мыйзамдары негизинде жашоону улантууну дагы камтыйт. Тактап айтканда, адам кайгыга кабылган учурда "менин башыма ушундай күн түштү, мен муну жеңишим үчүн убакыт керек" деп обочолонуп, элден бөлүнүп, жеке жана коомдук милдеттерин таштабоосу кажет. Анткени, посттравмалык учурдагы адамдын абалы дагы өзгөчө маанилүү болуп эсептелет. Адам баласы, кайгыга кабылган учурда шарияттын жол жобосунан чыкпай, кадимки жашоосун улантуучу керек. Мына ошондо шок абалында жабыркаган мээнин бөлүктөрү тездик менен өз калыбына келет.

Мына ошондуктан, турмуштун бардык учурларында Ислам өкүмдөрүнө бекем болуу адам баласын психологиялык жабыркоолордон жана оорулардан сактап, анын жүрөгүн бейпилдикке жана бактылуулукка бөлөйт.

Айтор, ушундай.

Өх, сөзүм абдан узарып кетти окшойт. Бул маселени кеңири ачыктайын десем, бир китеп болчудай экен. Дагы көптөгөн аят-хадистерди жана турмуштук мисалдарды алып келүүнү кааладым эле. Колдон келишинче кыскартып, талкууга тиешеси жок болгон деталдарды кыркып, кысып отуруп ушунча болуп кетти дагы. Окуп чыгып, өй-пикир калтырыңыздар, кадырмандар.


Ислам акыйдасы адам баласына дүйнөнүн эмне себептен жана ким тарабынан жаратылганын, бул дүйнөдөгү окуялар кандай ишке ашарын, ошондой эле, бул дүйнөдөгү иштер өлүмдөн кийинки абалга кандай таасир тийгизерин так жана түшүнүктүү кылып баяндап берген. Бул ишенимди кабыл алган адам дүйнө турмушу тууралуу бардык суроолоруна так жооп ала алат жана бул нерсе жүрөктүн тынчтануусуна алып келет. Ошондой эле, бул ишеним адам баласына дүйнөдө кандай жашоо керектигин, андагы окуяларга кандай позицияда болуу зарылдыгын көрсөтүп берет.

Мына ушул, Ислам акыйдасынын негизги түркүктөрүнүн бири тагдырдын, жакшылык-жамандыктын Аллахтан экендигине ишенүү. Тактап айтканда, адамзат турмушунда болуп өткөн кайгылуу жана кубанычтуу окуялардын бардыгы Аллах Таала тарабынан болоруна ишенүү. Мына ушул негиз адамдын турмуштагы окуяларга карата позициясы кандай болушу керектигин эң мыкты деңгээлде көрсөтүп турат.

Адам баласы турмушундагы каргашалуу окуяларды жана кырсыктарды көтөрө албай кыйналган учурда, ал окуяларга бирөөлөрдү күнөөлөп же анын алдын алып кала албаганы үчүн өзүн күнөөлөп, түшкүндүккө түшүп кетет. "Эмнеге бул окуя болуп кетти? Буга ким күнөөлүү? Кайсы жерден ката кылдым? Эмнеге кайдыгерлик кылдым? Эмнеге башка адамга эмес, мага туш болду?" мына ушул суроолор адамды туңгуюкка кептеп, ал туңгуюктан чыга албагандыктан, мээсине басым болуп, мээнин иштөөсү басаңдайт жана мезгил-мезгили менен үзгүлтүккө учурай баштайт.

Аллах Таала адамдын мына ушул абалын эскерип, андай учурда эмне кылуу керектигин, бул түшкүндүктөн чыгуунун жолун эң мыкты баяндап берген. Аллах Таала "Бакара" сүрөсүнүн 156-157 аяттарында кайгы-капага тушуккан мусулманларды сүрөттөп мындай деген:
"(Эй Мухаммад) Бирер кайгы келгенде: "Албетте, биз Аллага таандыкпыз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз", - деп сабыр кылуучуларга сүйүнчү кабар бер".

Бул аятты мусулмандар көбүнчө бирөө өлгөндүгү тууралуу кабарды угушканда "Иннаа Лиллахи ва иннаа Илайхи роожиъуун" деп айтуу менен колдонуп келишет. Бул аят мусулмандарга кайгы-капага тушуккан кезде биз кайдан келгенибизди, тактап айтканда, бизди ким жана эмне үчүн жаратканын, бул дүйнөдөгү окуялар эмне себептен жүз берерин, мындай окуяларга тушуккан учурда мусулмандар кандай кабыл алышы керектигин, бул иштер үчүн акыретте кандай сыйлык же жаза берилерин эске алууну буйруган. Момун адам кыйынчылыкка кабылган кезде сезимдери толкуп ташып тургандыктан, кээбир акыйкаттарды унутуп же аларга кайдыгерлик кылып коюусу турган кеп. Ошондуктан, Аллах Таала кыйынчылык келген учурда ушул сөздөрдү кайрадан айтып, өзү ишенген акыйдасын эске алууга буйруп жатат. Мына ошондо мындай кайгыдан кутулуу жеңил боло.

Мындан башка дагы көптөгөн аяттар жана хадистер кыйынчылык келген учурда сабыр кылууга чакырган. Сабырдын маанисин бизче "чыдоо" деп которушат. А түпкүлүгүндө, кыйынчылыкка сабыр кылуу дегени кыйынчылык же кайгы келген учурда пенденин өз Жаратуучусун эстеп, бул дүйнөдөгү иштер Анын каалоосу менен болуп жатканын түшүнүүсү, ага таслим болуусу, Анын буйругуна баш ийүүсү, ошондой эле, Анын буйруктарына тескери иш-амалдарга кол урбоосу. Чынында, мына ушул ишеним адамды психологиялык туңгуюктан чыгарып, аны кыйнаган суроолорго жооп берет жана андан кийин жашоосун өз нугунда улантуусуна жол ачат.

Адам баласы дүйнө турмушундагы кокустан жүз берген каргашалуу окуялар улуу күч-кудурет Ээси тарабынан ишке ашырылганын, Анын белгилеген тагдырын эч ким өзгөртө албасын жана бул кайгы-капага кооз сабыр кылганы үчүн сөзсүз түрдө сооп-сыйлык берилерин түшүнгөн учурда анын жүрөгү тынчтанып, мээсине "нагрузка" келбейт жана психологиялык жабыркоолорго, ооруларга кабылбайт.

Ошондуктан, Расулуллах саллаллаху алайхи уа саллам өз хадистеринин биринде: "Балээ келген учурдагы алгачкы сабыр гана чыныгы сабыр", - деп айткан. Тактап айтканда, мусулман адам балээге тушуккан учурда алгач ызы-чуу салып, өкүрүп бакырып, шарият тыйган иштерди кылып, чыдамсыздыкка алдырса жана бир аз убакыт өткөндөн кийин гана "эми сабыр кылайын" десе, анын сабыры чыныгы сабыр болуп эсептелбейт.


Психологиялык жабыркоо жана психологиялык оору тууралуу

Бүгүнкү күндө, коомчулукта психологиялык жабыркоонун кесепеттери, андан кутулуунун жолдору жана психологиялык мотивациянын адамдын турмушуна тийгизген таасири тууралуу талкуулар актуалдуу болуп турганы баарына маалым. Бул көйгөйлөр ар бир адамга тиешелүү болгондуктан, коомчулуктун кызыгуусун жаратып, эпчилдер мунун арты менен акча табып турган чагы. Деги эле, кээбир ойчулдар айткандай, "дүйнөдөгү эң таасирлүү валюта - бул адамдын этибары". Адамдардын көңүлүн бурган ар бир нерсе акча табуунун эң ийгиликтүү жолу катары бааланары өзгөрүлгүс мыйзам экен.

Мына ушул орунда, психологиялык жабыркоолордун жана алардын кесепеттерин даарылоонун жолдору тууралуу өз оюмду бөлүшкүм келди.

Психологдордун айтымында, психологиялык оорунун же жабыркоонун себептери 2 түрдүү болот. Бири биологиялык себептер; мээдеги тубаса кемчилик, майыптык же мээге зыян берген физикалык травмалар сыяктуу. Экинчиси адамдын турмушунда болуп өткөн окуялардын жана иштердин таасири. Мен булардын экинчи себеби тууралуу сөз кылгым келип турат. Анткени, биринчиси Кудайдан берилген тагдыр болуп, аны өзгөртүү адамдын колунда эмес жана ага тек гана моюн сунуп, акыретте ал үчүн татыктуу сыйлык алуу гана мүмкүн. Ал эми, экинчи себеп тууралуу сөз кыла турган болсом, аларды дагы төмөнкүдөй 3 бөлүккө бөлүп кароонун туура көрдүм:
1-Балалык кезден үй-бүлө мүчөлөрүнөн жана айлана-чөйрөдөгү адамдардан запкы жеп, кордук көрүү.
2-Кокустан болуп өткөн кырсыктар, көйгөйлөр жана кайгы-капалар.
3-Мээнин толук кандуу иштөөсүнө тоскоолдук кылуучу психотроптук заттарды колдонуу (алкоголдук жана наркотикалык заттар сыяктуу).

Психологдордун айтымында, адамдар мына ушул негизги 3 фактордон жабыркашып, алардын кесепетинен түрдүү оорууларга кабылышат же жүрөктөгү тынчтыгын жоготушуп, бактысыздыкка батышат.

Ислам адамзаттын бактылуулугун камсыздоо үчүн түшүрүлгөн идеалдуу кудайлык мыйзам болгондуктан, адамзаттын бактысыздыгына себеп болуучу иштердин бардыгын ачык көрсөтүп берип, алардан кайтарып койгон жана ал иштерге кадам коюучулардын дүйнөдө дагы, акыретте дагы жазага тартылуусун баяндаган.

Жогоруда айтылган 3 фактордун биринчиси жана үчүнчүсү адамдардын колундагы иш болуп, аларды токтотуу же алдын алуу үчүн шарият өкүмдөрү орнотулган. Шарияттын өкүмдөрүн толук түрдө ишке ашыруу менен бул көйгөйлөрдөн заматта арылуу мүмкүн. Анын жол жоболору тууралуу жазсам, сөзүм абдан узун болуп кетет экен. Ал эми, алардын арасында айтылган экинчи фактор болсо, турмушта адамдын каалоосунан тышкары абалда жүз берген окуяларга байланыштуу болгондуктан, ошондой эле, андай кырсыктардан качып кутулуу мүмкүн болбогондуктан, анын психологияга терс таасирин тийгизүүсүнүн алдын алуу үчүн шарияттын жол жоболорун көрүп чыгуубуз кажет. Бүгүнкү күндө, дал ушул маселе орчундуу болуп, аны чечүүнүн жолдору күңүрттөшүп турат.

Анда эмесе, турмушта кокустан болуп өткөн кырсыктуу окуялардан улам келип чыгуучу психологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн жол-жоболору тууралуу сөздү баштайын.

Учурдагы динди турмуштан ажыратуу идеясынын негизинде билим алган психологдор адамдардын психологиялык көйгөйлөрүн чечүүдө диний көрсөтмөлөргө таянуудан баш тартышат. Ошол эле учурда, бул көйгөйлөрдү чечүүнүн туура жолдорун таба албагандыктан, тынчтандыруучу дарылар, алкоголдук жана наркотикалык заттар сыяктуу химиялык препараттарга таянышат. Алар адамдарга турмуштагы болуп өткөн окуяларды туура кабыл алууну, алардын себептерин, маани-манызын жана акыбетин түшүндүрүп, аларды тынчтандыруунун ордуна, андан убактылуу алаксытып коюуга гана басым жасашууда. Жада калса, алар сунуштап жаткан химиялык препараттар адамды убактылуу тынчдырымыш болгону менен, бара-бара жаңы психологиялык көйгөйлөрдү дагы келтирип чыгарууда.

Ислам болсо мындай көйгөйлөрдү чечүүнүн эң идеалдуу жолдорун көрсөтүп берген.

Бул жаатта эң оболу Ислам дүйнө таанымын - акыйдасын айтууга болот.




Бишкектеги ЖОЖдорго билим алуу үчүн барып, кордукка кабылган кыздардын башынан өткөн окуялары тууралуу
https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=659980386129764&id=100063534252383&mibextid=Nif5oz


Ооба, мен кызымды жаштайынан "Жаңы жыл" деген шылтоо менен жат эркекке жабыштырып бийлеткен, 14-23-февралда жат эркектерге белек берүүгө мажбурлаган, белек бербесе жалпы классташтар алдында "динчил" деп басмырлаган, анан 8-мартта кайра бөтөн эркектен мажбурлап белек алдырган, жыл аяктаганда киши жүрбөс тоо-таштарга алып барып, эркек-кызын аралаштыра көңүл ачтырган, бел сөөгү ката элек жашында эркектер менен жанаша отургузуп, жыныстык катнаш кылуу үчүн презервативдерди жарнамалаган, "андай кече, мындай кече" деген шылтоо менен ар кайсы жерде көңүл ачууларды уюштурган, айтор, жаштайынан абийир-уятты бузуп талкалаган азыркы шарттагы окуу жайларда окутууну каалабайм. Мындан улам, кымбат болсо дагы кыздарыбызды жеке мектептерде, медреселерде, кесиптик курстарда окутуп жатабыз. Андай жеке окуу жайларга каражаты жетпегендерчи?

Бүгүнкү кыз-эркекти аралаштырып окуткан ЖОЖдордогу кыздарыбыздын абалы кантти? Тиги илим-билимди жактамыш этип, өздөрүн прогрессивдүү көрсөтүмүш болгон азаматтар жогорку окуу жайлардагы группалаш, курсташ балдарынан, мугалим-агайларынан сексуалдык ыдык көргөн, алардын ширин сөздөрүнө алданып, абийиринен ажыраган, зордук-зомбулукка кабылган, тагдыры талкаланган аруу кыздарыбыз тууралуу статистикаларды эмнеге оозго алышпайт? Айылдагы ата-энесинин акыркы малын сатып, шаарга окууга келген кыздардын студенттик турмушу азап-тозокко айланганы тууралуу маалыматтар эмнеге талкууланбайт? Арам ойлуу акмактарга алданып, боюна бүткөн чырактай кыздарыбыз абийирин жашырам деп, боюнан алдырып жатканы, төрөгөндө аргасыздан баласын ар-кайсы жерге таштап жатканы, элге журтка шерменде болбоюн деп өз жанын кыюуга чейин барганы эмнеге силердин көзүңөргө илинбейт?

Дагы ким жаман, насаат айткан молдо жаман. Дагы ким жаман, аялдардын абийирин сактоого умтулган динчилдер жаман.

Келгиле, аялдарыбыздын, кыз-келиндерибиздин, деги эле жалпы журтубуздун жаркын келечеги үчүн ушул көйгөйгө реалдуу назар салалы. Келечек муундун мектеби болгон аялдарыбыздын коопсуз, ыңгайлуу жана максаттуу билим алуусуна шарт түзүп берели? Аялдардын укугу деп жар салып жаткандар, силер да келгиле, аялдар жат эркектерден сексуалдык ыдык көрбөй турган, алданып, абийир-намысын алдырбай турган, жат эркектер менен аралашпай турган окуу жайларды түзөлү?! Интернеттен жаш кыздардын аң-сезимин уулаган, эркектерди кызыктырууга үндөгөн, уят жерлерин жарнамалоого чакырган маалыматтарды, кино-фильмдерди, видео-клиптерди көзөмөлгө алалы? Коомдук транспортто жат эркекке жабышып кетпегидей кылып, ыңгайлуу шарттарды түзөлү?

Эгер чын эле мусулман аялдарына боор оруп жатсаңар, келгиле көйгөйдүн реалдуу чечими тууралуу баш катыралы? Же силер жөн гана мусулманча жашоо образын каралап, кыз-келиндерибизди көчөгө алып чыгууну, жогоруда айтылган статистикалык маалыматтарды дагы да көбүрөөк толтурууну каалап жатасыңарбы?


АЯЛДАРЫН ДОКТУРЛУККА ОКУТУШПАЙТ, АНАН ООРУП КАЛГАНДА АЯЛ ДОКТУР ИЗДЕШЕТ

Соңку кездерде коомчулукта парадокс катары тилге алынып жаткан пикирлердин бири – "динчилдер өздөрү аялдарын окуу жайларга жиберишпейт, коомдон бөлүп, камап алышат да, кийин башына түйшүк түшкөн кезде аял адистерди издеп калышат". Бул пикир түпкүлүгүндө Ислам баалуулуктарына каршы интеллектуалдык күрөш алып баруучу секуляристтер тарабынан ойлоп табылган болсо дагы, өздөрүн прогрессивдүү, заманбап мусулман атаган айрым жаштарыбыз мындан таасирленишип, талкууга жарактуу маселе катары көтөрүп келишүүдө. Жада калса, теология багытында билим алып, Ислам менен Батыш дүйнө таанымын айкалыштыруу агымына түшүп алган айрым азаматтарыбыз мына ушул пикирди арыбас айкын аргумент катары көтөрүп жүрүшөт. А балким алардын оюнда мусулман кыз-келиндерин сабатсыздыктан арылтуу, илим-билим алууга кызыктыруу деген аруу ниет катылып жаткандыр. Анысы эми бир Кудайга маалым.

Чындыгында, Ислам менен жаңыдан жашылдана баштаган биздин жаш коомчулугубузда ушул көйгөй бар. Акыретин дүйнөсүнөн артык көргөн ар бир эркек өз аялын, эже-карындашын азыркы ЖОЖдорго окутууну каалабайт. Жада калса, биздин түштүк аймакта кыздарды 9-класстан кийин мектептен чыгарып алуу, эртерээк турмушка узатуу кадыресе көрүнүшкө айланып барууда. Мындан улам, Батыш туусун булгалаган айрым ары жоктор добулбастарын кагышып, мусулмандарды караңгылыкта, сабатсыздыкта, аялдарды басмырлоодо айыптап келишет. Аларга кошулуп, Ислам атын укканда тулку бою дүр эткен темселеме теңирчилер, батышчылар менен кайнатса каны кошулгус орусчулар, жада калса, турмуштан ордун таба албай, эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөптүр дегенсип, жалпы агымга кошулуп алган бекерчилер дагы мына ушул арабага учкашып, кекиртек жыртып жүрүшпөйбү. Мусулман эркектеринин мындай кадамынан улам Исламды кемчиликтүү дин катары көрсөтүшүп, динчилдерди орто кылымдардагы илим-билимге карамандай каршы турган, аялдарды тирүүлөй отко салган европалык христиандарга салыштырышууда.

Анда эмне, чын эле Ислам аялдардын билим алуусуна тоскоолдук жаратабы? Ислам илим-билимге каршылык көрсөтөбү? Ислам аял затын кордоо үчүн келгенби? Батыш баалуулуктарын бакыт көргөн азыркы бузукулар мусулман кыз-келиндердине бактылуулукту каалап жатышабы? Алардын айткан аргументи акыйкатпы?

Туугандар, Ислам кечээ гана пайда болуп, аны кыргызстандагы кайчы сакал таксырлар ойлоп таап алган дин эмес. Мындан 1400 жыл мурун азирети Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алайхи ва салламга түшүрүлгөн бул дин 13 кылым бою адамдарга туура жашоону үйрөтүп, арабдарды же мусулмандарды эле эмес, балким дүйнөнүн булуң-бурчундагы түрдүү улуттарды, расаларды, жада калса, бөлөк дин өкүлдөрүн да адилеттүүлүк жана аруулук менен башкарып, жалпы дүйнө элине бактылуулуктун жолун көрсөтүп келген. Дүйнөнү дүңгүрөткөн улуу Осмон дөөлөтү, Европага билим дарбазасын ачкан Андалус (азыркы Испания) чептери азырга чейин мусулмандардын сыймыгы болуп, дүйнө элин суктандырып турат. Ислам жана мусулмандардын дүйнө элине сунуштаган илимий ачылыштары азыр деле тарыхка айлана элек. Эми, мусулман аалымдарынын илимий ачылыштары, дүйнөдө жашап өткөн үлгүлүү мусулман аялдары тууралуу маалыматтар бардык жерде жеткиликтүү эле болуп турат. Астрономия, алгебра, жада калса, мына ошол аргумент катары айтылып жаткан медицина илимдери дагы мусулмандар тарабынан негизделгенин бүтүн дүйнө моюнга алып бүтпөдүбү. Ал тууралуу мисалдарга токтолбой эле коёлу.

Бүгүнкү маселебизге кайтып келсек, чын эле, мен өзүм дагы кызымды, жубайымды же эже-карындаштарымды азыркы ЖОЖдорго окутууну эп көрбөймүн. Мунун себеби, аял затын илим-билимден тосуу, караңгы бойдон калтыруу эмес, албетте. Ислам эч убакта илим-билимден, кесип үйрөнүүдөн кайтарган эмес. Тескерисинче, учуруна жараша милдет катары жүктөп койгон.

Ошондуктан, көйгөйдү туура аныктап алышыбыз зарыл. Мусулмандар аялдардын жогорку билим алуусуна каршы эмес, балким азыркы шарттагы жогорку окуу жайларда окутууга каршы.




Аялзатын түшүнө албайсың. Аялзыты жадагалса өздөрүн түшүнбөйт. Бул сыяктуу пикирди аялзатын ар кандай иштерди кыла берүүгө уруксат бериш үчүн ойлоп тапкан. Аялзаттын эмнесин түшүнүү кыйын? Бир мисал келтиргилечи? Бир туруп капа болсо, бир туруп маанайы ачылса демек адам катары анын да буга чын себептери бар. Болгону аны сага ачык айтпайт. Эркектер көрөгөчтүгүн жоготкондон кийин аялдар ушул сыяктуу пикирлердин аркасына бекинип алып, ар кандай иштерди кылууга жол ачып алышат. Аялзаты өзүн түшүнбөгөндөй ана эркек да түшүнбөгүдөй алар кем акыл, же жинди зат эмес. Бул пикирди тилекке каршы аттуу-баштуу адамдар жайып жүргөнү капа кылат. Жакшылап отуруп алып сүйлөшсөңөр аялыңар эмне үчүн өзүн “ушундай” (силер түшүнбөй жаткандай) алып жүргөнүн билесиңер. Аялзаты эркектер сыяктуу эле ар бир кылып жаткан ишине жоопкер. М: Бир аял күйөөсүнө кыйкырып жатса, ал күйөөсүн сыйлабайт. Аял айтышы мүмкүн мени ушуга жеткирген өзү. Мен жакшынакай адам болчумун. Мени көкмээ, ажаан кылган өзү-деп. Бирок чын-чынында аял күйөөсүн сыйлабай калганда кыйкырат. Адам сыйлаган адамына эч качан кыйкырбайт. Анын үстүнө күйөөң өзүнүн милдеттерин аткарбай жаткан чакта да ага кыйкыра берсе болот деп ким уруксат берди? Күйөөгө эч качан кыйкырганга болбойт. Эгерде ал эркек менен жашоо жакпай жатса талагыңды сура да кет. Кыйкырып өзүңдүн да, анын да кадырын түшүрбөйт. Жалпылап алганда аялзаты көкмээ, жинди зат эмес. Ал акылга ээ толук кандуу адам. Ал кылып жаткан ар бир ишин акылга байлап, түшүнүп жасайт. Ал иш жакшыбы, жаманбы айырмасы жок. Мындан кийин бул сөздөрдү колдонгон адамдарга алданбайсыңар деп ойлойм.




ӨЛҮМ ТУУРАЛУУ ОЙЛОН.

Өлүм тууралуу ойлоном. Өлүш үчүн эмес албетте, тактап айтканда ар бир нерсенин жана да менин да өмүрүмдүн чеги бар экендигин аңдап. Биз инсанга өлүм тээ алыста жана башкалар үчүн дегендей боло берет. А чынында ал дагы баардыгыбыздын эшигибизди каккылап келет.

Бул жашоону кудай чектеп койгон. Сыноо. Мен аны кайда жана эмнелерге эмне үчүн коротуп жатам. Бу дүйнөгө келген максатымдын үстүнөн ойлонгондо, убактылуу болгон жыргалчылыктар көп ырахат бербей, көп күлүүнүн жана маңызсыз сүйлөшүүнү, пайдасыз иштерди азайткым келет, кана эмесе токтотуп эле койсом. Азыр же эртең өлсөм, жеке мага эмне пайда жана зыян? Кудайдын алдына эмнемди көтөрүп барам? Эмнем менен мактанам? Таза жүрөгүмдү кабыл алабы же жакшы иштеримдиби? Эгерде жакшы иштерди кабыл алса менде ал иштер барбы? Жана да ал чындап жакшы иштерби? Же мен ойлогон үчүн эле жакшыбы?

Тууган тааныштар менен, жоро жолдоштор мамилем жакшыдыр, жаратуучу Кудай менен мамилем кандай? Кудай менден жүз үйрүбөйбү. Мени салмагы жок, көңүл ачуучу иштер менен алек кылып койбодубу?

Бул дүйнө өткүнчү жана жалган экенин жон терим менен сезип, анда эмне иштерди кылуум керек экенин тактайын. Кудайдын көңүлү баарынан бийик экенин туюп, Анын Арканын карманууга адамдарды чакырайын.

Белден аруу, көздөн курчтук, билектен күч кете электе Кудайым мени өзүнө жакындатып жатканына шүгүр. Акыл эси жайында адам баары бир жалгыз калганда жашоосун анализдеп бул дүйнө шаң-шөөкөттөрү жөн гана сыноо экенин түшүнөт. Алдыга умтулат. Алсыз жана адашуучу экенин моюнга алат. "Өлүм" бул адамды жаман жана күнөө иштерден тосот. Жана акылын туура жака иштетүүгө түртөт. Чектелген өмүр, чексиз жашоого болгон ойду пайда кылат. Кудайым баарыбызды тирүү өлүк болуубуздан сактасын. 🤲🏻 🤲🏻🤲🏻




ЫРЧЫЛАР.

Адамдар кумир тутуп жүргөн ырчылар. Негизи ырларынын көбү сенин жана менин балдарымдын аң сезимин уулайт. Ырларда адамды кыймылга келтирчү маанилер болуп, денедеги сүйүнүч бездерин ойготот. Ансыз да кинодон жана жомоктордон таасирлерип калган жаштар, сүйүүнү көчөдө ээрчишип басуу, смс жазышуу, ж.б.у.с нерселер деп билип калды.

Азыр ар бир жаштын башында "сүйүү" деген оору болуп, аны менен алек болууда. Ошол учурда, ырчылар алардын оорусуна туз себишүүдө. Негизи эле ошол ооруну пайда кылган да ырчылар. Ырдардын көбү "разврат", "зынага" чакыруучу ырлар. Аны баарыбыз отуруштарда, тойлордо хор менен ырдап жыргайбыз. Ал арамга чакырган ырлар коомдо канчалык нормага айланбасын, ал ырлары үчүн ырчылар мактоо албасын. Баари бир кудай "арам" деген нерсе арам бойдон калат. "Сен мен жака ыктадың” “Уулуң мага окшогон” "Ака деген оозуңдан" "Сени мени жигитим деп коргойсуңбу" "Мен сени менен кыялдарга жетем" "Жүрөгүмдө чөгүп калды” "Сулууларга суктанууга акым бар" бул жана башка ырлар тээ түпкүрүндө салтка да, динге да жарашпаган ырлар болуп, адамдын аң сезимин талкалап, үй-бүлөнүн олуттуулугу жоголуп, жөн гана балдар үчүн жашай турган бир бүлөгө айландырат.




Окуучу балдардын балакатка жеткенден тартып (7-8кл) аралашып окуулары шаръан арам. Менин чоң кызым быйыл 5-классты бүттү. Эмдиги окуу жылына балакатка жетип калат жана өзүнчө кыздар мектебине (кымбат болсо да) эптеп жебей-ичпей болсо да окутууга мусулман ата катары милдеттүүмүн! Мага окшоп ушул маселеде башы маң болуп жүргөн адамдар билинбегени менен аябай көп экен. Анткени классташ балдары менен аралашып, кол кармашканы, тамашалашканы, кучакташканы, өбүшкөнү, сүйушкөнү жана порно темаларды сүйлөшүшкөнү үчүн күнөөсү менин моюнума да жазыла берет. Буларды кылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Себеби коомдо окуучулардын кылгандарын көрүп жатабыз. Өбүшүп-суйушкону бери жакта эле калып, зынаага барып боюна бүтүп калгандары да көп. Жаап жашырганы канча, жашыра албай калгандарына гана күбө болуп жатабыз. Бала да, көңүлү каалаганын кылат. Балдардын көңүлү балакатка жеткенде эки жыныста тең бири бирине кызыгуу, умтулуу жана жакындашуу каалоолору пайда болот. Мындай баскычтардан өзүбүз да өткөнбүз, бул эч кимге жашыруун сыр эмес. Андыктан урматтуу ата энелер, шарият менен жашаймын деген ата-энелер, кыздарыбыз биздин намысыбыз, аларды балакат жашына жете электен баштап бөлүп окутуубуз важып, жана кыямат күнү ар бирибиз ушундан суралабыз, жооп беребиз урматтуу аталар...!

Бишкекте 5-6 эле кыздар мектеби бар экен. Миллиондон ашык эл жашаган шаарга бул жок эле эсебинде дегени. Андыктан урматтуу байлар, мүмкүнчүлүгү барлар, акырети үчүн эмне амал кылсам деп жүргөн мансаптуу, билимдүү жана каражат жагынан бар адамдар ушул маселе боюнча бир акылдашып, шаардын төрт жагына кыздар мектебине ачуубуз зарыл. Дом куруп бизнес кылган агалар, биринчи кабаттары бош эле калып жатат. Эски зданияларды сатып алып койгон байлар, бош эле тургандары көп. Жаңы куруп, гостиница же чайхана кыламын деп жаткан акелер, ошолорду мектеп кылсак пайдасы да гостиница менен чайханадан жакшы. Биринчи пайдасы Кудайдын ыраазылыгы үчүн болуп, сооп-сыйлыгы акыретте чоң болсо, экинчиси материалдык пайдасы да гостиница, чайхана жана кафе-ресторандан жакшы болот, келгиле, Кудайдын астына бир "амал" менен баргыдай бололу...

МамырАттокур

20 last posts shown.