🕊🕋 𝐀𝐌𝐀𝐍𝐀𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀 🕋🕊


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Quotes


📌 "ЭСКЕРТКИН, анткени эскертүү ыймандууларга пайда берет".{Зарият 55}
📘_Суроо - жооп.
📕_Хадис - аяттар.
📗_Видео - сүрөттөр.
📕_Баян - сабактар.
📘_Дуба - сүрөөлөр.
Владелец канала : @hanikyz

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Quotes
Statistics
Posts filter


🕋✨ Бул күнү “Кахф” сүрөсүн окуу жакшы. Бул тууралуу Абу Саид ал-Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтып калтырган хадисте, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) минтип айткан:

“Ким Жума күнү “Кахф” сүрөсүн окуса, ага кийинки жумага чейин нур болот”.

📚 Ад-Дарами; Сахих ал-Жаами, 6471
.


🌹МИСВАКТЫН 10 ПАЙДАСЫ.🌹

🍀1. Аллах Таала ыраазы болот.
🌹2. Аллах жана периштелер аны жакшы көрөт.
🍀3. Шайтандын ачуусун келтирет.
🌹4. Оозду тазалайт.
🍀5. Тиштин сарысын кетирет.
🌹6. Зеенди күчөйтөт.
🍀7. Тиштин мүлкүн бекемдейт.
🌹8. Көздүн көрүүсүн күчөйтөт.
🍀9. Какырыкты кетирет.
🌹10. Ооздогу жаман жытты кетирет.


🌹КУРААНДЫН АТАЛЫШТАРЫ🌹

Аллах Кураанды бир канча ат менен атаган. Төмөндө алардын кээ бирлерине токтололу :
🌹КУРААН - "Албетте ал-Кураандыр!" Кээ бир окумуштуулар "Кураан" сөзүн араб тилиндеги -окуу- сөзүнөн алынган дешет. Башкалары андагы кыссалар, өкүмдөр, мисалдар бири-бирине байланып келгендиктен -байлоочу- сөзүнөн алынган дешет. Кураанда "Кураан" сөзү 68 жолу кайталанат.
🌹ФУРКАН – айырма. «Пендесине Фурканды түшүргөн зат - берекелүүдүр». Жашоодо хак менен батылды, адал менен арамды, туура жол менен адашууну ажыратып берүүчү жалгыз өлчөм- Кураан болгондуктан аны - ажыратуучу десе болот. Ошондуктан Кураан хак десе - хак, батыл – батыл болуп эсептелет. «Фуркан» сөзү Кураанда 7 жолу аталат.
🌹ЭСКЕРТМЕ – «Биз өзүбүзгө бул эскертмени түшүрдүк».Аллахга ибадат кылуу жана Анын буйруктарына сөзсүз баш ийүү, Ал кайтаргандан кайтуу зарылдыгын эскертип тура алгандыгы үчүн Кураанды – эскертме десе болот. «Эскертме» сөзү Кураанда – 21 жолу кайталанат.
🌹КИТЕП – «Бул китеп, анда шек жок». Кураан - Аллах тарабынан инсан табиятына ылайык өкүм жана көрсөтмөлөрдү толук камтыган эң улуу китеп. Кураанда «Китеп» сөзү - 176 жолу кайталанат.
🌹Андан башка да Кураан- «Танзил», «Нур», «Хидаят» деп аталып, «аль- Арабий», «аль-Мубарак», «аль-Хаким», «аль-Карийм», «Нур», «Равшан», «Хидаят», «Рахмат», «Шыпаа», «Азиз», «Мөөжиза», «Башаарат берүүчү» ж.б. бир катар сапаттар менен сыпатталат.

🌹✨🌹✨🌹✨🌹✨🌹✨🌹✨🌹


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


✨КУРААН ОКУУНУН АДЕПТЕРИ.✨

🌼1. Кураанды урматтоо менен кыбыла тарапка жүздөнүп отуруу.
🌼2. Кураанды тактага, жаздыка же башка кичине бийигирээк нерсеге коюп окуу.
🌼3.Шашып окубоо.
🌼4. Эгер кандайдыр зарылчылык болуп калса, Кураанды жаап коюп, зарылчылыкты бүтүрүү.
🌼5. Баштаганда " Аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожиим"-ди окуу.
🌼6. Эгер адамдар башка иштер менен алек болсо, Кураанды үн чыгарбай окуу.
🌼7. Эгер адамдар көңүл буруп отурса, Кураанды үн чыгарып бийип үн менен окуу.
🌼8. Кураанды Кураан окуунун эрежеси менен окуу.
🌼9. Кураандын маанилерине ой жүгүртүп, ырахаттанып окуу.
🌼10. Кураандын улуулугун жүрөккө орнотуу.
🌼11. Аллахтын улуулугун жана чоңдугун жүрөккө алып келүү.




Video is unavailable for watching
Show in Telegram


🌿ЭҢ НЕГИЗГИСИН УНУТПА...🌿

Жаш, окууну жаңы бүтүргөн бала атасына келип:
— Ата, уулуң үчүн кубана берсең болот. Мен университетке тапшырдым! Мен өз бактымды таптым! – дейт.
— Эң жакшы, уулум – дейт атасы – анан эмне кыласың?
— Беш жылдан кийин диплом алам да, сүйүктүү ишим менен алектенем.
— А андан кийин эмне кыласың?
— Катуу иштеп, мыкты адвокат болом.
— Андан кийин?..
— Андан кийин үйлөнүп–жайланып, үй-бүлө курам. Балдарыма татыктуу тарбия берип чоңойтом...
— Андан кийин эмне кыласың? – деп такый сурай берет атасы.
— Ардактуу эс алууга кетем, балдарымдын ийгилигине кубанып, алардын турмушта өз ордун табуусуна акыл айтып, жардам берем.
— Андан кийинчи?
— Андан кийинби?.. – уулу ойлонуп калат да, – андан кийин акка моюн сунабыз го... жашоодо түркүк болуп ким калмак эле...
— Андан кийин эмне болот, уулум, андан кийин эмне болот? – деп, үнү каргылдана акырын суроо узатат атасы. Уулу көпкө ойлонуп, ишенимсиз түрдө:
— Мен негизгисин унутуп калыптырмын, ата. Мен бул турмушта сизге ыраазымын! Мени эрезеге жеткирген, турмушта ордумду табууга жардам берген сизге ыракмат! Мен сизге ыраазымын! – деп атасын кучактайт.

Атанын балага калтырган эң жакшы мурасы – жакшы тарбиясы. (Хадис)
Ата сыйлаган абийир табат, эне сыйлаган элге жагат. (Макал)
Атың барда эл тааны, атаң барда жер тааны. (Макал)
Адам канчалык адилет болсо, адилетти ошончолук жакшы көрөт. (Цицерон)
Өз милдетин аткаруу кээде абдан кыйын болот, бирок аны аткарбай калуу андан да кыйын болот.( А. Дюма)
📚Турмуш сабактары китебинен


✨ НАМАЗ ✨

Бекерчидей өткөргөнсүйт күндөрүн,
Бели каткан, ийилгенин көрбөдүм.
Багымдатка тура албай көп жандар,
Балталады гүлдөп жаткан өмүрүн.

Жууркан жеңди көп адамдын түндөрүн,
Жумуш чайдан баштагансыйт күндөрүн.
Жаннат бакка киргиң келсе тууганым,
Жай намазды тоодой бийик көрбөгүн.

Пайгамбарым айткан нечен насаатын,
Карегиндей сактап жүргөн намазын.
Кайсалаңдап жүрө бербей эшекче,
Кайрыл тууган! Тургуз эми намазың.

Кудай дебей, окубасаң намазың,
Кордук көрмөй тартасыңда азабын.
Ирик-чирик дүйнөлөрдү ыргытып,
Ибадатта болсун эми максатың.


🌸Курандагы 5 сүрөө - Аллахка мактоо менен башталат.
➡️АЛАР: "Фатиха", "Аньам", "Кахф", "Сабаа", "Фатх".

🌸17 сүрөө - ант менен башталат.
➡️АЛАР: "Саффат", "Зарият", "Тур", "Нажм", "Кыямат", "Мурсалат", "Назият", "Буруж", "Тарик", "Фажр", "Балад", "Шамс", "Лайл", "Духа", "Тийн", "Адиат", "Аср".

🌸10сүрөө - коркутуу менен башталат.
➡️АЛАР: "Ниса", "Маида", "Хажж", "Азхаб", "Хужурат", "Мумтахина", "Талак", "Тахрим", "Музаммил", "Муддассир".

🌸7 сүрөө - шарт менен башталат.
➡️АЛАР: "Вакиа", "Мунафикун", "Таквир", "Инфитор", "Иншикак", "Залзала", "Наср".


🌼КУРААНДА:
🍀Периштелерден - Жибрийл, Микаил, Харут жана Марут
🍀 Сахабалардан – Зайд ибн Хариса
🍀 Откөн салых кишилерден – Имран, Узайр, Лукман, Туббаа, Зул-Карнайн, Талут, Марям
🍀Каапырлардан – Карун, Хаман, Озар, Жалут, Абу Лахаб
🍀 Уруулардан – Аад, Самуд, Мадьян, Яжуж жана Мажуж аттары жана 100 000, 50 000, 5000, 3000, 2000, 1000, 300,200, 100, 99,80, 70, 50, 40,30,20, 19, 12, 11, 10, 9,8,7,6,5,4,3,2,1, сандары аталган.

🌼КУРААНДА:
🍀Мөмө-жемиш, тамак-аштан – жүзүм, анжир, зайтун, анар, курма, бал, эт, сүт, суу, халва, бадыраң, сарымсак, маш, пияз
🍀 Айбандардан – сыйыр, төө, карышкыр, кой, торпок, эчки, эшек, ит, кит, пил, бака, доңуз, жылан
🍀 Куштардан – карга, үкүк, чымын чиркейлерден – чегиртке, кумурса, бит, чиркей, ж.б. аталган.


🌴Даанышмандар мындай деген экен :

" Төрт нерсе жакшы, ал эми төрт нерсе алардан да жакшыраак.

🍀1. Уят эркек үчүн жакшы, ал эми аял үчүн андан да жакшыраак.
🍀2. Эр адамдын адилеттүү болгону жакшы, башкаруучулардын адилеттүү болгону андан да жакшыраак.
🍀3. Кары адамдын тообого келгени жакшы, ал эми жаш жигиттин тообо кылганы андан да жакшыраак.
🍀4. Байлардын жоомарт болгону жакшы, ал эми кедейлердин жоомарттыгы андан да жакшыраак.

•┈┉••✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾••┉┈•
🕊🕋 𝐀𝐌𝐀𝐍𝐀𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀 🕋🕊
•┈┉••✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾••┉┈•


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


🌼 °СҮННӨТКӨ АМАЛ КЫЛУУНУН ЗАРЫЛЧЫЛЫГЫ° 🌼


✨📚Азирети Анас р.а. айтат :
"Ким менин сүннөтүмдү сүйсө (амал кылса) чындыгында ал мени сүйдү. Ал эми ким мени сүйгөн болсо, ал мени менен бейиште бирге болот"- деп Пайгамбарыбыз с.а.в. айткан.

✨📚Азирети Абу Саид Худри р.а.нун риваятында келген: Пайгамбарыбыз   с.а.в. айтты : "Ким адал тамак жесе, сүннөткө амал кылса жана адамдарга зыян жеткирбесе, ал бейишке кирет".

✨📚Азирети имам Маалик  р.а. айтат : "Саннөттүн мисалы, Нух пайгамбардын кемеси сыяктуу, ал кемеге түшкөндөр ийгиликке жетет, ал эми түшпөгөндөр сууга чөктү".

✨📚"Шарх Шуръатул Ислам" деген китепте Пайгамбарыбыз с.а.в. айткан : "Ким менин сүннөтүмдү сактаса,  аны Аллах Таала 4 нерсе менен сыйлайт:
🌱1. Такыба адамдардын жүрөгүнө анын сүйүүсүн салат.
🌱2. Күнөөкөр адамдардын жүрөгүнө анын сүрүн пайда кылат.
🌱3. Ырыскысын мол кылат.
🌱4. Динде жүрүүгө күч-кубат берет.

✨📚Шейх Абдулкодир Жийлани р.а. айтат : Пайгамбарыбыздын сөзүнө жана амалына эргешүү - бул бардык жакшылыктардын тамыры.

•┈┉••✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾••┉┈•
🕊🕋 𝐀𝐌𝐀𝐍𝐀𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀 🕋🕊
•┈┉••✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾••┉┈•


⭕ КУРАНИ КАРИМДЕ "АЛЛАНЫН ДОСУ" ДЕП КАЙСЫ ПАЙГАМБАР АТАЛГАН ?
Poll
  •   Муса а.с.
  •   Ибрахим а.с.
  •   Лут а.с.
  •   Якуб а.с.
264 votes


⭕КЫЯМАТ КҮНҮ СУРНАЙ ТАРТУУЧУ ПЕРИШТЕ?
Poll
  •   Жабраил
  •   Азраил
  •   Исрафил
257 votes




Video is unavailable for watching
Show in Telegram
🌳Бир жолу өмүр өлүмдөн:
- Эмне үчүн адамдар сени жаман көрөт, а мени жакшы көрөт?
Анда өлүм:
- Анткени сен таттуу жалгансын,а мен ачуу чындыкмын - деп жооп бериптир.


🔴 НАМАЗ ....


🔸 Пайгамбарлардын сүннөтү.
🔸 Периштелердин сүйгөнү.
🔸 Марифаттын, жердин жана жети кат асмандын нуру.
🔸 Дененин күчү.
🔸 Ырыскынын берекети.
🔸 Дубалардын кабыл болуусуна себепчи.
🔸 Өлүм периштесинен шапаатчы .
🔸 Көрдө жарык.
🔸 Мункар менен Накирге жооп.
🔸 Кыямат күнү үстүңдөгү көлөкөң.
🔸 Тозок отуна калкан.
🔸 Сыраат көпүрөсүнөн чагылгандай өткөргөн жардамчы.
🔸 Жаннаттын ачкычы.
🔸 Жаннатта башыңа таажы

•┈┉••✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾••┉┈•
🕊🕋 𝐀𝐌𝐀𝐍𝐀𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀 🕋🕊
•┈┉••✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾••┉┈•


•📚• Абу Хурайра р.а. дан риваят: «Пайгамбар с.а.в. айтты: «Ыймандын жетимиштен ашык шагы бар. Алардын эң улуусу – «Лаа илааха иллаллох» сөзү.
Эң кичинекейи — жолдогу ыза берүүчү нерсени алып коюу. Ошондой эле уялуу да ыймандын бир шагы». (Муслим).

   •🍀• ТҮШҮНДҮРМӨ : Уялуунун акыйкаты – инсанды ката иштен тосуусунда жана укуктуу кишинин укугуна кыянат кылуудан тосууда жатат.

20 last posts shown.