АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz


Бул Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат булагы Archa Media’нын телеграмм каналы. Биз өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардын баарын болгонун болгондой, чындыкты гана жазабыз. Сөз эркиндигине КАТТАЛЫҢЫЗ!

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Statistics
Posts filter


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Грузияда өкмөткө каршы митинг бүгүн дагы чыкты


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
“Коррупцияны изилдегиле, тизмектеп алып келип бергиле”- С. Жапаров журналисттерге


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
“Камалгандардын көпчүлүгү элди башаламандыка, көтөрүлүшкө чакыргандар”-С. Жапаров


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
С. Жапаров Европарламенттин депутаттарына дагы кайрылды


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
“Журналистиканы көтөрүү керекпи, көтөрөбүз” С. Жапаров АКШнын Мамдепартаментине кайрылды


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
С. Жапаров: Демөөрчүлүк фондумдан 233 молдого 8000 сомдон айлык берип атабыз


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
“Кошуна мамлекеттер менен салыштыргыла да” С. Жапаров кымбатчылык боюнча


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
“Бир эки эле киши каршы экен”
С. Жапаров бензиндин бир литрине бир сом кошуу боюнча


‼️ Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова башкы көзөмөл органын, акыйкатчыны жана Кыйноолордун алдын алуу борборунун жетекчисин тез арада СИЗО-1ге барууга чакырды.

✔️ Ал эрте мененден баштап ага карата чалуулар болгонун, жаңы жетекчи келгенден кийин жаңы график түзүлгөнүн жазды. Жана СИЗО-1де камалган аресттегилерден кабар алуу үчүн башкы көзөмөл органын, акыйкатчыны жана Кыйноолордун алдын алуу борборунун жетекчисин барууга чакырды.


‼️Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Касымкулов бул окуя боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

✔️Анын айтымында, бүгүн СИЗО-1де жолугушуу өткөрүлөт. Андан соң бул көрүнүш боюнча комментарий берет. Азырынча комментарий берүүдөн баш тартты.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
“Бүркүттөй болгон балдарды тоокканага камап атабыз”-Курултайдын катышуучусу


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Жаза аткаруу кызматы адвокаттардын ТИЗО 1ге кирүүсүн чектөөдө

Белгилүү адвокат Асель Аргымбаева “анонимдүү булактардан алынган маалыматка караганда, жакында Бишкектеги №1 СИЗОдо рейд жүргүзүлүп, анын натыйжасында абактагыларга катаал мамиле жасалышы мүмкүн болчу. Адвокаттардын ишемби күндөрү баруусуна чектөөлөрдүн бүгүн киргизилиши бул болуп жаткан окуяларга көзөмөлдү чектөө аракетинен улам болуп жатат деген шектенүүлөрдү жаратууда”-деп жазды Facebook баракчасына.


“N 1- Тергөө абагына адвокаттарды киргизбей атышат”-Кадыр Атамбаев

“Мекеменин тарыхында биринчи жолу бүгүн, ишембиде бардык адвокаттарга камактагы кардарлары менен жолугушууга тыюу салынды. Буга чейин мындай болгон эмес”- деп СД партиясынын төрагасынын орун басары К. Атамбаев билдирүү таратты.

Атамбаев кечээ күнкү Тергөө абагында болгон окуялардан кийин, Тергөө абагынын жетекчисен адвокаттарга кардарларына тезинен кирүүгө уруксат берүүнү суранган.


АКШ жана Улуу Британия Грузиянын ички иштер министрине каршы санкция киргизди

Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлигинин сайтында маалымдалды. АКШ санкцияларга ички иштер министри Вахтанг Гомелаури жана атайын тапшырмалар департаментинин директорунун орун басары Мирза Кезевадзе кирген.

"Улуу Британия Грузиядагы журналисттерге жана тынч демонстранттарга кол салуу үчүн жооптуу болгон беш грузин аткаминерине каршы санкцияларды киргизди", - деп айтылат британ өкмөтүнүн веб-сайтынын пресс-релизинде.

Санкцияларга Гомелауриден тышкары анын орун басары Александр Дарахвелидзе, Грузиянын Ички иштер министрлигинин Тбилиси полиция башкармалыгынын башчысы Сулхан Тамазашвили, Грузиянын Ички иштер министрлигинин атайын тапшырмалар департаментинин директору Звиад Харазишвили жана анын орун басары Милери Лагазаури кирген.


‼️ Бишкекте 3чү Элдик Курултай уланып жатат.


FT: Трамп Украинаны мындан ары да колдоону убада кылды

Дональд Трамп АКШнын президенти кызматына киришкенден кийин Украинага жардам берүүнү улантууну пландап жатат, деп жазат Financial Times (FT) гезити жума күнү, 20-декабрда Республикалык командага шилтеме берүү менен.

Ошол эле учурда, Трамп, FT булактарынын айтымында, НАТОнун мүчөлөрүнөн коргонуу чыгымдарын ИДПнын 5%ына чейин көбөйтүүнү талап кылуу ниетинде. Сүйлөшүүлөр менен тааныш адамдардын журналисттерге билдиришинче, АКШнын шайланган президентинин тышкы саясат боюнча эң жакын жардамчылары ушул айда консультациялар маалында анын позициясын европалык жогорку даражалуу аткаминерлерге билдиришкен.

Учурда НАТОнун 32 мүчөсүнүн 23ү гана ИДПнын кеминде 2%ын аскердик муктаждыктарга жумшайт, деп эскерет FT. Бул чыгымдарды 5% га чейин көбөйтүү, аларды эки эседен ашык көбөйтөт.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Германияда Рождество базарында тез ылдамдыктагы машина элди сүздү

20-декабрда Магдебургдагы Рождество базарына келгендерди тез ылдамдыктагы унаа келип сүзгөн, эки киши, анын ичинде бир бала каза болгон. Кошумчалай кетсек, Саксония-Анхальттын премьер-министри Райнер Хаселоффтун айтымында, кеминде 60 киши жарадар болгон. Полиция кеминде 15 киши оор жаракат алганын кабарлады. Бул тууралуу DW жазды.

Welt гезитинин маалыматы боюнча, кол салган адам 1974-жылы туулган адам. Ал Сауд Аравиядан Германияга 2006-жылы келген дарыгер.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Грузияда демонстранттар 23-түн кайрадан чогулушту


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
‼️ Ош шаарында жаңы жылдык балатынын жарыктары жандырылды


‼️ Кечки Бишкек. Тайгак жол. Тыгын. Жүрө албай калган автобустар

🎥 Shtraf_kg

20 last posts shown.