АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz


Бул Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат булагы Archa Media’нын телеграмм каналы. Биз өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардын баарын болгонун болгондой, чындыкты гана жазабыз. Сөз эркиндигине КАТТАЛЫҢЫЗ!

Related channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Statistics
Posts filter


‼️ Бишкектин четине таштанды иштетүүчү завод курулат. Акылбек Жапаров капсула салды

✔️ Завод 2025-жылдын аягына чейин курулуп бүтөрү маалымдалат. Анын кубаттуулу-күнүнө 850 тонна таштанды иштетет дейт өкмөт.


‼️ Бишкектеги мектеп, бала бакчалардан акча опузалаган эсеп палатасынын инспектору кармалды

✔️ УКМК тарабынан инспектор М.Ф.К. Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгында жүргүзүлгөн аудиттин жүрүшүндө отчетто финансылык одоно мыйзам бузуулардын шылтоосу менен, ошондой эле 22 билим берүү мекемесинин финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө андан ары текшерүү жүргүзбөгөндүгү үчүн ( 19 мектеп жана 3 балдар чыгармачылык борбору) 2022-жылга карата башкармалыктын жетекчилигинен акча талап кылган.

✔️ Башкармалыктын жетекчилиги инспектордун талаптарын аткаруу максатында ар бир окуу жайдан 25 миң сомдон чогултуп беришкен. Ал акча алып аткан жеринен УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.


‼️ Эл аралык Amnesty International уюмунун башкы катчысы Садыр Жапаровду “чет элдик өкүлдөр жөнүндөгү” мыйзамга вето коюуга чакырды

✔️ Эл аралык Мунапыс уюмунун баш катчысы Агнес Калламаранын айтымында, мамлекет башчысы мыйзамга вето коюусу маанилүү, анткени документ кабыл алынса, «жарандык коомдун укуктарды ишке ашырууга көмөктөшүүгө салым кошуу мүмкүнчүлүгү үчүн чоң кесепеттерге алып келет».

✔️ Буга чейин Кыргыз Республикасынын 100дөн ашык коммерциялык эмес уюмдары жана активисттери, ошондой эле 30дан ашык эл аралык уюмдар президентке «чет элдик өкүлдөр жөнүндөгү» мыйзамга вето коюу боюнча ушундай билдирүү менен кайрылышкан.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
‼️ Таласта 250 миң сом опузалаган Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

✔️ УКМК билдиргендей, ал жергиликтүү тургундан 250 миң сом опузалап, күрөө катары БМВ үлгүсүндөгү унаасын алып койгон. Кармалган адам ага казак жараны 60 миң сом карызды өндүрүп берүү суранычы менен кайрылганын айтып, бирок туум көбөйүп кеткендиктен 250 миң сом талап кылган. Ал 140 миң сом алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирди.


‼️ Сот журналист Айке Бейшекеева камакта калтырды

✔️ Бишкек шаардык сотто «Темиров LIVE» редакциясынын кабарчысы Айке Бейшекееванын баш коргоо чарасы каралып, судья журналистке карата чыгарылган Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

✔️ Эскерте кетсек, 12-мар та Биринчи Май райондук сотунда журналист Айке Бейшекееванын баш коргоо чарасы каралып, соттун чечими менен Бейшекеева эки айга камакка алынган.


‼️ Жалал-Абадда ооз ачуудан кийин массалык тамакка уулануу болду

✔️ Сузактагы эс алуу жайларынын бирине ооз ачууга сулуулук салонунун 12 кызматкери барышкан. Куурулган балык, салат жана айранга буйрутма берип, тамактанышкан. Бир нече убакыт өткөндөн кийин өзүлөрүн жаман сезип, уулануу белгилери менен ооруканага кайрылышкан.

✔️ Санитардык-эпидемиологиялык инспекция мекеменин ишин токтотуп, ээсине 23 миң сом айып салды. Жабырлануучулар азыр үйүндө дарыланууда.


‼️ УКМК интернетте Матраимовдорду актап, жалган маалыматтарды жайылтпоого чакырды

"Бир тууган Матраимовдордун кармалышы боюнча интернет жана социалдык тармактардын кыргыз сегментинде деструктивдүү адамдар жана фейк аккаунттар тарабынан алардын кылмыштуу ишин актоо боюнча жалган маалыматтарды жайылтуу фактылары байкалууда. Деструктивдүү күчтөрдүн мындай аракеттери Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн имиджине, прогрессивдүү өнүгүшүнө жана туруктуулугуна коркунуч алып келет», — дейт УКМК.

✔️ УКМК коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян алып келиши мүмкүн болгон аракеттер үчүн кылмыш жана башка жоопкерчиликтер каралганын эскертет.


‼️ Бишкек, Чүй жана Талас облустарында катуу шамалдын кесепетинен 10 адам жабыркады

✔️ 70 социалдык объект, 80 үй жана 4 чарбалык курулуш жабыркаган. Шамал көбүнүн чатырын учуруп кеткен. Бишкекте 26 социалдык объект жабыркады.


‼️ Кечээги күнкү шамалда тартылган видеолордун дагы бир топтому


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
‼️ Бишкек мэри Айбек Жунушалиев шаарды кыдырып, шамалдын кесепеттерин жоюуну тапшырды


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
‼️ Бишкекте жер үйдүн чатырын шыбы менен кошо учуруп кеткен


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
‼️ Жол кайгуул кызматынын имаратынын чатырын шамал учуруп кетти


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
‼️ Катуу шамалдын кесепеттери. Дарактын бутагы унаанын маңдайкы айнегин тешип кирген


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
‼️ Президент жана өкмөт жетекчилери үчүн жаңы учак алынды

✔️ Кыргызстан мамлекеттик жана өкмөттүк делегациялардын жетекчилери үчүн жаңы №1 учак – Airbus 320 сатып алды. Бүгүн ал “Манас” аэропортуна конду, деп билдирди президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков.


‼️ Чатырлар учуп, дарактар кулап, авто унаалардын үстүнө кулады. Бишкекте катуу шамалдын кесепети


Forward from: «Азаттык» радиосу
Райымбек Матраимовго “чек арадан мыйзамсыз өткөн” деген да айып коюлду

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да айып тагылганы белгилүү болду.

Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, 27-мартта Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасы каралган жараянда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен кине коюлган.

@azattyk_radiosu


‼️ Кулактандыруу! Бишкекте жана Чүй облусунда катуу шамал болот

✔️ Анын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Шамал жакынкы сааттарда жана кечинде күтүлүп жатканы кабарланат.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
‼️ Балыкчыдагы жол кырсыкта санэпид көзөмөл кызматынын унаасынын айдоочусу, башкы дарыгер жана анын жолдошу каза болгон

✔️ Кырсык кечээ болгон. Анда кичи автобус менен Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын кызматтык унаасы кагышкан. Кырсыктын кесепетинен айдоочу, Ысык-Көл райондор аралык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери жана анын жолдошу каза болгон. Алар Чолпон-Атадан Балыкчыга жыйынга бара жатышканы маалым болду.

18 last posts shown.