Posts filter




Video is unavailable for watching
Show in Telegram


https://limon.kg/ky/news:83654

Лимон медияга интервью бердик эле, чыгыптыр, кирип окуп, ой-пикирлерди калтырып салыңызчы.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Жасалма интеллекти окуп жаткан студенттер


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
КИБЕРКООПСУЗДУК АДИСИН ОКУП ЖАТКАН СТУДЕНТ АЛИШЕР 2-АЙЫНДА УЖЕ ИШ ТААП АЛЫПТЫР!


Forward from: Турат Алыбаев
👋🏻 Азамат Токтакунов менен Zoom түз эфир

🔹 Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым, жакында бизде сонун АйТи жолугушуу болот.

📅 19-апрель, КР сааты менен 21:00 дө башталат, Берлин сааты менен 17:00

🔹 Германияда көп жылдан бери программист болуп эмгектенип жүргөн Азамат Токтакунов менен биздин программисттердин ортосунда маектешүүгө күбө болосуздар.
Жолугушуу Zoom аркылуу он-лайн өтүлөт. Катышып пайдалуу маалыматтарды ала аласыздар деп үмүт кылам.

📌 Бул жолугушууда:
🔸Айти тармагында кантип жумуш таба алабыз;
🔸Кандай көндүмдөрдү өнүктүрүү зарыл;
🔸Реалдуу жумушта кандай көйгөйлөр болот;
🔸Биздин компанияда стажировка өтөөнүн пайдасын;
🔸Стажировкада кандай көйгөйлөр кездешип жатат – деген өңдүү маалыматтарды алып, көп жылдык программистке жаңы баштаган программисттердин берген суроолоруна күбө болосуздар.

🔹Бул жолугушуу көптөгөн адамдарга пайдалуу болот деп ишенем. Орундар чектелүү болот, жолугушуунун шилтемесин атайын Ватсап группада гана бөлүшөбүз.

✍🏻 Турат Алыбаев - агартуучу, програмчы.


Азамат Токтакунов досумдун Жава курсу старт алып жатат. Жазылып жетише электер, шашылыңыздар!


Forward from: JavaKG
Java курс старт кылганга даярданып атабыз, кимде ким катталып, бирок кандайдыр бир себептер менен биздин Slack JavaKG группабызга кошула элек болсоң, анда бул жерге дагы жазып атам.

📌Бул экинчи поток болгондуктан, биз Java2 деп аталабыз. Бир группада мени менен бирге 10дон ашык адам болбош үчүн, Java2A жана Java2B деп эки группага бөлүнөбүз. Ошого ылайыктуу бир жумада 2 лекция боло тургандай кылып күндөрдү тандайбыз жана жазылабыз. Slack группада Canvas таблица бар, ошол жерден атыңды жаз. Айтмакчы, кошулган соң, таанышуу каналына өзүң жөнүндө айтып бер. Ийгилик!


Forward from: JavaKG
IT агартуучу Турат Алыбаев https://www.instagram.com/turat_alybai түз эфир уюштуруп атат.
Instagram’да маек куруп, ITге гана эмес, жалпы элге кызыктуу болгон суроолорду талкуулайбыз.

Эркин форматта, жөнөкөй, ачык сүйлөшөбүз.
Мындай мүмкүнчүлүктү өткөрүп ийбей, 6-апрелди эстеп калгыла жана убагында кошулуп кеткиле!

21:00 — Кыргызстан
17:00 — Германия
https://instagram.com/azamatkgde түз эфирде


Forward from: Азамат агай
👨‍💻 Java онлайн-курс. Нөлдөн баштап.

🗓️ Жумасына 2 жолу лекция (Zoom). Запистер сакталат (YouTube). Сабактар 🇰🇬 кыргыз тилинде өтүлөт. Текст 3 тилде берилет (Confluence).
Курстун баасы — 2 айга 30 000 сом ( 💶 же 300 €).
Бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк бар ( 💳 Mbank, IBAN, PayPal).

Окуу үчүн 💻 компьютер жана интернет талап кылынат. Тапшырмалар 🤓Jira аркылуу берилет (Agile). Практикалык иштер жана фидбек болот. Код 📥 GitHub’ка сакталат: pull, push, pull request, code review, merge conflict. OpenSource тажрыйба, коммуникация, портфолио үчүн иш. Баарын чогуу өтөбүз.

Темалар: 📌 JDK, IDE, Variables, If-Else, For-While, Arrays, Methods, OOP, API.
Сертификат берилбейт, бирок сунуш кат жазып берем. 📋 Резюме түзүүгө, жумуш / практика / IT-Ausbildung табууга жардам берем.

2 айлык курсту аяктагандар кааласа, дагы 3 айлык Java Core курсуна жазылып уланта алышат. Сабактын ⏰ убактысы катталгандар менен макулдашуу аркылуу аныкталат. Бир группада 10 студентке чейин кабыл алынат. Жабык JavaKG 💬 Slack коомчулугуна кошуласыз.

Старт - 10 студент катталган соң башталат (Апрель). 🆘 Биринчи катталган 5 студент үчүн 20% арзандатуу! Кийинки набор мурункусунан 📈 кымбатыраак болот.

💭 Биринчи группада окуп жаткан студенттердин отзывтарын бул Telegram-каналдан окусаңыз болот https://t.me/kelecheck_javakg

📰 Жаңылыктарды өткөрү ийбеш үчүн WhatsApp-группага кошулуу https://chat.whatsapp.com/BL1I8jLoH2t6YcU47NQueB

🚀 Катталуу үчүн мени менен байланышсаңыз болот @azamatkgde




Forward from: Турат Алыбаев
🌙 АЙТ МААРЕК БОЛСУН! ✨

👋🏻 Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым, айтыңыз маарек болсун!

🔹Урматтуу окурманым, Кудайдын буйругу менен 30 күндүк орозобузду аягына чыгарып, Кудайдын алдында бир милдетибизден кутулуп сүйүнүп турган чагыбыз. Кармаган орозобуздун сообун Кудай Таалам өзү берсин.
Байкасам орозо айында адамдардын баары эле мүнөзү жумшарып, жылмайып мамиле кылып, оройлугу жоголуп, курсагы ачып текеберчилиги сынып, баарыбыз эле өзүбүздү алсыз сезип, койдой жоошуп жакшы адам болуп калат окшойбуз.

🔹 Келиңиз, урматтуу окурманым, ушул 1 айда жеткен мүнөзүбүздү мындан нары да улантып, болор-болбоско кыжылдашып урушканды унуталы.

🤲 Келиңиз, ар дайым Рамазан айындагыдай жакшы мүнөз менен жашоого аракет кылалы.
Рамазан айында баарыбыз такыба болуп, көбүрөөк Куран окудук, көп-көп намаз окуп, көп-көп дуба кылдык, зикирлерди тарттык. Эми ушунубузду токтотпой улантып кетүүгө аракет кылбайлыбы? Албетте, эң башта мен өзүм дагы ошол нерсеге аракет кылайын.

✨ Урматтуу окурманым, дагы бир жолу айтыңыз маарек болсун!
Кармаган орозоңуз кабыл болуп, Кудайым *“Мен сенден ыраазымын пендем, сени кечирдим”* деген кулдардан кылсын. Ошол кечиргенинин белгиси – жалаң гана жакшы иштерди кылып, жалаң гана илим-билим менен алек болуп калалы!

📖 Өзүбүздү ар күнү өнүктүрүп, келечек муунубуз үчүн кереметтүү жашоону, эң мыкты өлкөнү тартуу кылып өтөлү бул дүйнөдөн!

✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы.
📍 Бишкек, 30-март, Орозо айт!


#АйтМаарекБолсун #Рамазан #Береке #ОрозоАйы #Кечирим #Илим #Жакшылык #тураталыбаев #Тарбия




Forward from: Турат Алыбаев
📢 ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТИН – БҮГҮНҮ ЖАНА ЭРТЕҢИ 🤖✨

Жасалма интеллект дүйнөнү өзгөртүүдө! Ал бүгүн бизге кандай мүмкүнчүлүктөрдү берип жатат? Деги эле Жасалма интеллект илимий чөйрөгө, АйТи тармагына, медицинага кандай таасирлери кандай болууда? Келечекте эмнелер бизди күтүүдө? Ушул суроолорго жооп издегендер үчүн кызыктуу иш-чара өтөт!

📅 Дата: 29-март
⏰ Убактысы: 15:00
📍 Орду: Technoрark Coworking, Meta Hall.
👥 Кирүү: Акысыз! Каалоочулар келе алышат.

🎤 Спикерлер:
Айзада Акбекова – Германиядагы SAP компаниясында Senior Software Engineer.
Мурат Жумашев – MBank компаниясында Senior програмчы.
Заирбек Бактыбаев – Журналист, редактор, техно блогер.
Абдилахат Матраимов – АйТи компаниянын негиздөөчүсү жана “iSistant” аналитикалык программасынын ээси.

🔎 Тема: ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТИН – БҮГҮНҮ ЖАНА ЭРТЕҢИ!

👨‍💼 Уюштуруучулар: Kyrgyz – German IT Community, Турат Алыбаев – агартуучу, программист жана TechnoPark Co-working.

🚀 Жасалма интеллект жөнүндө тереңирээк түшүнгүңүз келеби? Анда бул иш-чарага катышууну унутпаңыз!

🔗 Катталуу үчүн бул жерди басыңыз:

#AI #ЖасалмаИнтеллект #TechnoPark #ИшЧара #Келечек #Программисттер #Технология




Forward from: Турат Алыбаев
Video is unavailable for watching
Show in Telegram
https://chat.whatsapp.com/L2c4H9TBAnF8OXAr68g2i2

Шилтемени басып, Ватсап группага кошулуп алыңыздар, бүгүн акысыз маалымат беребиз


Forward from: Турат Алыбаев
🥳 Агартуунун алптары менен

❓Ассалоому алейкум урматтуу окурманым, бүгүнкү бийлик төбөлдөрүбүздүн билимге карата жүргүзүп жаткан саясатына сиздердин көз карашыңыздар кандай болуп жатат?

🔹 Кечээ жакында агартуунун алдыңкылары, өлкөбүздө легендага айланып калган инсандар менен бирге ооз ачуу дасторконунда отуруп, көп нерседен кеч кабардар болдум.
Гапыр Мадаминов агай, Кубат Чекиров агай, Германияда көп жылдан бери АйТи тармагында иштеп, өлкөбүздүн билим тармагында өсүп-өнүүсүн каалап, жаштарга үлгү болуп, алардын билимдүү болуусуна күйүп жүргөн Айзада Акбекова эжебиз, Гапыр агайдын кызы Гүлсара, биздин мыкты программист кызыбыз Италияда окуп билим алып жүргөн Арууке болуп ооз ачууда отуруп, көп маселени талкуу кыла отурдук.

🔹 Ооба, 12 жылдык окууга өтүп жатканыбыз бул көп эле жагынан жакшы экени баарыбызга маалым. Жалпы мугалимдер жамааты, коомчулук буга канчалык даяр же даяр эмес экени ал башка тема, бирок 12 жылдык билим берүүгө өтсөк бул албетте кийинки муун жаштарыбыз үчүн, айрыкча чет өлкөдө билим алууну самаган жаштарыбыз үчүн эбегейсиз зор салым болору бышык.

🔸 Бирок деген маселе бар эмеспи, ушул 12 жылдык окуу системасына өтүү менен эле бирге, өлкөбүздөгү 180 дей лицей-гимназиялардын дагы лицензиялары алынып, алар жөн гана орто мектеп болуп калыптыр. Бир нерсени жабуудан мурда же бузуудан мурда, анын ордуна кандай альтернатива коюп жатабыз ошону жакшы ойлонсок э. Же бир канча туура эмес жери үчүн баарын жапырт жаап салбай, ошол иштебеген жерин гана алып койсо кантмек дейм да.

🔹 Айтайын дегеним, 180 лицей-гимназиянын баарын жаап салбай, алардын максатына жете албай жаткандарын жаап, жакшы иштеп жаткандарын деле алып калса болмокпу деген ойдо калдым.

🔹 Урматтуу окурманым, кандай болгон күндө да ар бирибиз өзүбүздү өнүктүрөлү, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошолу. Кубат агайлар, Гапыр агайлар Айзада эжелер кандай аракет менен ушул даражага жетишкен, алар жеткен ийгиликти ар бир жараныбыз багынта аларына ишенем. Өлкөбүз билим менен гана алдыга жылат, билим менен гана көз карандысыз, эркин, азат жашай алат.

✍🏻 Турат Алыбаев – агартуучу, програмчы. Бишкек, 23-март, 2025-жыл.


Forward from: Турат Алыбаев
🚀 6 АЙЛЫК IT СТАЖИРОВКАСЫНА КАТТОО БАШТАЛДЫ!

Сиз IT тармагында тажрыйба топтогуңуз келеби? Реалдуу долбоорлор менен иштеп, профессионалдардан үйрөнүүгө даярсызбы? Анда биздин 6 айлык IT стажировкабызга кош келиңиз!

📌 Багыттар:
✅ Flutter
✅ Java
✅ Python
✅ Front-End
✅ UX/UI Design

📅 Узактыгы: 6 айга чейин
📍 Формат: Онлайн гана. Дискорд платформасында иштейбиз.

👨‍💻 Команда менен иштөө:
🛠 Тим лидерлер жана проект менеджерлер менен иш алып барасыз.
💡 Тех лидерлер долбоолорду анализдеп, техникалык жактан жаралган маселелерди чечүүгө жардам кылышат.

📢 Катталуу бүгүн башталды!

🔗 Толук маалымат жана катталуу үчүн + калтырыңыз, бизге сизге өзүбүз байланышабыз!

👨‍💻 Урматтуу окурманым келиңиз өзүңүздү өнүктүрүңүз жана өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз! АйТи тармагын окуган, код жазууга киришкен ар бир адам бул тармакта иштеп кете алат. Өзүңүзгө ишениңиз, жана биз менен тажрыйба топтоп, биз сунуштаган же өзүңүз каалаган компанияга коркпостон ишенимдүү ишке кирип алыңыз!

🚀 IT тармагында келечегиңди бүгүн башта!
#ITстажировка
#Өнүгүү
#ПрограммистЖолу


Forward from: Турат Алыбаев
🥳 Сүйүнчү! Туугандар сүйүнчү, уулдуу болдук!

🔹 Кудайдын буйругу менен 3-мартта биздин үй-бүлөбүзгө дагы бир үй-бүлө мүчөбүз кошулду.

🔹 Атын Жусуп деп койдук. Жусуп пайгамбардай, Жусуп Баласагындай, Жусуп Абдрахмановдой мыкты инсандардын катарын толуктасын деген максат менен ушул атты тандадык.
Динибизде балага атты атасы коет дейт, бирок ошентсе дагы биз өз атабызды, энебизди урматтап аларды ат коюп бериңиздер деп сурандык. Алар койгон ат бизге да жакты, уккан адамдын бардыгы жактырып жатышат.

🔹 Кудайым перзентибиздин ыйманын бек, өмүрүн узун, ырысын кең кылсын деп тилек кылабыз жана ата-эне катары биз дагы анын жакшы адам болуп чоңоюусуна аракетибизди кылабыз.

🔹 Урматтуу окурманым, биз кубанычыбызды сиз менен тең бөлүшүп жатабыз, сиз дагы бир-эки ооз сөз жакшы каалоо тилегиңизди жаза кетиңиз.

✍🏻 Турат Алыбаев – агартуучу, програмчы. Бишкек. 6-март, 2025-жыл.

20 last posts shown.