https://whatsapp.com/channel/0029VacYTcQ7Noa6PaWby82c
ЖАҢЫ ЖЫЛДЫН ИСЛАМДАГЫ ӨКҮМҮ
Жыл сайын так ушул учурда декабрь айы аяктаарда телевидение, радио жана басма сөз аркылуу “Жаңы жылды” тосууга карата ар кандай үгүт иштери күч алганын байкабаган адам жоктур. Азыркы күндөгү кыргыз үчүн жаңы жылды тосуу жаңылык деле болбой калды окшойт. Жаңы жыл жеке эле Кыргызстанда эмес, жадагалса мусулман өлкөлөрүндө да салттуу майрамга айланып баратат. Кайсыл жерге барбагын, кимисине жолукпагын, жашы-карысы дебей жаңы жылды тособуз деп жанталашып жүгүрүп жүргөнүн көрөсүң. Көчөгө чыксаң да, автобуска отурсаң да түрлүү-түрлүү “жаңы жылдык” жаңырыктарды уга берип тажайсың. Муну менен эле чектелип калбастан, жаңы жылдын шылтоосу менен атайын майрамдык шан-шөөкөттөр уюштурулуп, алдын ала ресторан-кафелер брондолуп, өмүрү кооздолбогон көчөлөр, үйлөр кооздолуп калат.
Бүгүнкү күндө кыбыр эткен кыргыздын бири да калбай жаңы жылга ушундай денгээлде даярданганын көрүп, бул майрам кайдан келген, ата-бабаларыбыз да майрамдашты бекен, дегеле кылымдар бою Ислам динин тутунуп келген кыргыз элине бул майрамдын канчалык денгээлде тиешеси бар деген суроолор ойлондурбай койбойт. Же кыргыз элинин муундан-муунга өтүп келген диний ишеними, салт-санаасы, үрп-адаттары азыркы учурдун адамдарын кызыктырбай калганбы?! Же ата-бабаларыбыз кылымдар бою көздүн карегиндей сактап тутунуп келген Ислам динин, руханий байлыктарын, үрп-адаттарын бир кылымга жеткирбей эле чанып кетебизби?!
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бизге анын үммөтүнөн бир топ адамдар жөөттөр менен христиандарды ээрчип, аларды бардык нерседе туурашат деп алдын ала айтып кеткен. Абу Саид аль-Худри риваят кылды, Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Силер өзүңөрдөн мурункулардын жолун карышын карыштай, сөзсүз ээрчийсиңер. Жадагалса алар кескелдириктин уясына кирсе, силер да алардын артынан киресиңер».
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, 1400 жыл мурун айткан бул сөзүн бүгүнкү күндө өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Кээ бир адамдарга таң калыштуу болушу мүмкүн, бирок чыныгы мусулман үчүн бул жаңылык эмес. Анткени ал чын жүрөктөн Аллахка ыйман келтирип, кыйынчылыктарга карабастан Анын динин бекем карманат. Балким мындай сөздөр анын Аллах Таалага жана Мухаммад пайгамбарга болгон ыйманын жана сүйүүсүн күчөтөт. Мусулман адамдын ыйманы тоодой бекем жана адамзаттын табиятына каршы келген негизсиз идеологияларды тутунуудан дайым алыс.
Ал эми коомдун агымына туруштук бералбай, өзүнүн диний милдеттерин аткармак турсун аны билүүгө да аракет кылбастан башкаларды тотукуштай туурап өзүнүн динин, ыйманын, ар намысын, уяттуулугун жарыбаган дүнүйөгө саткан мусулмандарды кандай мүнөздөсөк болот?! Же базар экономикасы деп эле ыйманыбызды да сатып жиберебизби?! Же бүгүнтөн баштап өзүбүздүн мусулман деген атыбызды жаманатты кылбай Ислам динин терең окуп үйрөнүп, аны менен жашоого умтулабызбы?!
ЭМИ ЖАҢЫ ЖЫЛ ТУУРАЛУУ
Эгерде мен сизден “жаңы жыл” деген эмне майрам деп сурасам, сиз мага таң калышыңыз мүмкүн. Же мени акыл-эсиң ордундабы же тоодон түштүңбү же такыр эле артта калгансың го деп табаңыз канганча тамашалооңуз мүмкүн. А бирок ошол эле учурда сизден жаңы жыл качан пайда болгон, ким тарабынан киргизилген, кандай максатта жана кимдер майрамдашкан деп сурасам, сиздин жообуңуз дайынбы же мен да сизди “Мени тамашалап койосуз, көрсө өзүңүз билбейт турбайсызбы?!” деп уяткарып жатсам, кандай абалда болосуз. Чын эле жаңы жыл деген майрамдын кыргыздарга, дегеле жалпы мусулмандарга канчалык денгээлде тиешеси бар деген суроо туулат.
Жаңы жылдын качан, кайда, эмнеге жана ким тарабынан түзүлгөндүгү туурасында “дүйнөлүк энциклопедияда”айтылат: «Жыл башы 1-январдан башталат деп биздин заманга чейин 46-жылы Рим императору Юлий Цезарь тарабынан киргизилген. Байыркы Римде бул күн – тандоонун, кириш чыгыштын, башталыш бүтүштүн кудайчасы Януска арналган. Январь айы Янус кудайчасынын атынан аталган. Анын эки жүзү болгон, бири – алдын, экинчиси – артын карап турган...».
ИСЛАМ ДИНИНДЕ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫН ӨКҮМҮ