Ислам Онлайн KG


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Religion


ИсламОнлайнKG баракчасынын расмий каналы

Related channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Religion
Statistics
Posts filter


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Этикаф деген эмне?
Poll
  •   Этикаф бул –Рамазанда түнкү намазды калтырбай окуу.
  •   Этикаф бул Рамазанда Куранды бир жолу окуп чыгуу.
  •   Этикаф бул – Рамазандын акыркы он күнүндө мечиттен чыкпай ибадат кылуу.
57 votes


Этикаф – Куранды окуу, намаз окуу, зикир кылуу, дуба жана башка да ибадаттарды бириктире турган ибадат. Этикафтын кыйынчылыгын бул ибадатты кылып көргөн гана адам билет. Бул ибадатты чын ыклас, чын ниет менен кылам деген адамга Аллах жардам берет.

5⃣ Рамазан умрасы

Хадисте: “Рамазанда умра кылуу ажылыкка тең келет” – деп келген. (Бухари, Муслим)
Мына ошондуктан да мусулман адам өзгөчө Рамазан айында умра кылууга аракет кылуусу керек. Анткени ага ажылык кылгандай сооп берилет.

6⃣ Кадыр түн

Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам: “Кимде-ким Кадыр түнүн ыйман менен жана сообун үмүт кылып өткөрө турган болсо, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет” – деп айткан. (Бухари, Муслим)
Аллахтын элчиси жана сахабалар Кадыр түндү издешип Рамазандын акыркы он түнүн көп ибадат кылуу менен өткөрүшөт эле. Бул күндүн жакшылыгынан куру калган адам эң чоң жакшылыктан куру калган адам болуп эсептелинет.

7⃣ Дуба менен истигфарды көп айтуу

Рамазан айынын ар бир убактысы эң кынбат, табылгыс убакыт. Мына ошондуктан бул убакытты кадырлай билүү керек. Бул айдын ар убактында көп-көп дуба тилектерди кылуу зарыл. Өзгөчө мына ушул убакыттарга көбүрөөк маани берүү керек:
1. Ооз ачардагы убакыт. Орозо кармаган адамдын ооз ачар алдында кылган дубасы кайтарылбайт.
2. Түндүн акыркы үчтөн бир бөлүгү.
3. Ооз жабар учурундагы убакыт.

8⃣ Туугандар менен мамилени күчөтүү

Мусулман адам бул айда туугандык мамилени күчөйтүүгө өзгөчө маани берүүсү керек. Анткени бул да чоң сооптуу иштерден.
Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: Мен Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын: “Кимде-ким ырыскысы кең жана өмүрү узун болуусун кааласа, анда туугандык карым-катнашта болсун”. (Бухари)
Туугандар менен жылуу мамиледе болуу – көркөм мүнөздүүлүк. Ал эми алардан туугандык мамилени үзүү – чоң күнөөлөрдөн. Ыйык Курандын он тогуз аятында Аллах таала адамдарды туугандар менен жакшы мамиледе болууга чакырат. Ал эми үч аятында туугандык байланышты үзгөндөргө наалат жана акыретте аларга азап болоору айтылат.
Туугандык мамиле эң азында учур-учуру менен салам берип, ден-соолук сурап туруу менен болот.

✍ Ильяс Рыскулов


РАМАЗАНДА КАНДАЙ ЖАКШЫ ИШ-АРАКЕТТЕРДИ КЫЛУУГА КӨБҮРӨӨК МААНИ БЕРҮҮ КЕРЕК?

Рамазан айында оозду бекитип, орозо кармоо менен биргеликте башка да жакшы иш-аракеттерди кылуу зарыл. Анткени касиеттүү Рамазан айында аткарылган ар бир иш-араккеттин сообу эселенип берилет. Бул айда Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, жана улуу сахабалардын өзгөчө маани берип аткарган ибадаттарды бизда аткарууга умтулуубуз керек. Алар:

1⃣ Түнкү намаз

Аллах таала Куранда Өз кулдарын мактап мындай дейт: «Алар түн ичинде Раббисине сажда кылган, (намазда) тикесинен турган абалда болушат». (Фуркан сүрөөсү, 64-аят)

Пайгамбарыбыз да хадисинде ушундай дейт: “Кимде-ким Рамазанда ыйман менен жана сооп үмүт кылып (түндө) намазга турган болсо, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет”. (Бухари, Муслим)

Мына ошондуктан да мусулман эч убак Рамазанда таравих намазын калтырбоосу керек. Колунан келишинче намазды имам менен бирге толук окууга аракет кылуу зарыл. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

“Кимде-ким имам менен намазын бүтүргөнчө аны менен бирге окуса, түндө намаз окуду деп жазылат”. (Тирмизи)
Мусулман мына ушундай түнкү намаздарды калтырбай окуп ар-дайым Аллахтын жогоруда Куранда эскерген мусулмандардын катарына кошулууну үмүт кылат.

https://chat.whatsapp.com/3VwF9eqWtEFBEPPIKzfRZb

2⃣ Садака берүү

Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, адамдардын эң жоомарты жана эң берешен адам болгон. Өзгөчө Рамазан айында көп жоомарттык кылат эле.

Анас, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: “Садаканын абзели – Рамазанда берилген садака” – деген. (Тирмизи)
Рамазандагы садаканын орду башка. Ага берилген сооп да көп болот. Садаканын көптөгөн түрлөрү бар, мына ошолорго ооз ачар кылып адамдарга тамак берүү да кирет.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мусулмандарды дасторкон жайып тамак берүүгө өзгөчө маани берчү. Бул ишти кээ бир нафил ибадаттардан жогору койчу. Бул жакшылыкта дасторконго сөзсүз кедей кембагалдарды чакыруу шарт кылынбайт. Бул иште ач адамды тойдуруу маанилүү.

Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: “Кимде-ким ачка мусулманды тамактандырса, Аллах аны бейиштин жемиштери менен тамактандырат”. (Тирмизи)

3⃣ Куран окуу

Рамазан айы – Куран айы. Жебрейил периште Рамазан айында Пайгамбарыбызга Куранды түшүргөн эле. Мына ошондуктан да мусулман ушул айда өзгөчө Куранды көп окууга аракет кылуу керек. Сахабалардын бул айда Куран окууга маани бергендерин эскере турган болсок, Усман ибну Аффан, радыяллаху анху, ар күнү Куранды хатым кылат эле. Ал эми кээ бир сахабалар Рамазандын ар үч күнүндө таравих намазында Куранды толук баш-аяк окуп бүтүрөт болчу. Кээ бирлери жети күндө, кээ бирлер он күндө Куранды таравих намазында окуп бүтүрүшкөн. Муну менен эле чектелбестен Куранды намаздан тышкары дагы көп окушат эле.
Улуу аалым имам Шаафи Рамазанда Куранды алтымыш ирет хатым кылганы риваят кылынган. Бул кандай гана чоң ибадат. Элестетели, мусулман мындай күндө ар бир Курандан окуган тамга үчүн он сооп алат. Ал эми Курандын башынан аягына чейин тамгаларын онго көбөйтө турган болсок болжол менен отуз үч миллион сооп алат. Кошумча отуз үч миллион күнөө кечирилет. Мунун баары Рамазанды эске албаганда ушундай жакшылыктарга жетет. Ал эии Рамазанда бул сооптор эселеп берилет. Эми имам Шаафи Рамазанда алтымыш ирет Куранды башынан-аяк хатым кылган болсо, ойлоп эсептеп көрүңуз кандай гана чоң соопторго жетти. Мына ошондуктан колдон келишинче бул айда Куранды көбүрөөк окууга аракет кылуу керек.

4⃣ Этикафка отуруу

Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ар Рамазанда этикафка отурат эле. Этикаф бул – Рамазандын акыркы он күнүн мечиттен чыкпай ибадат кылуу. Аны менен бирге, ибадаттан башка эч бир иш менен алектенбөө. Жан дүйнөсүн, жүрөгүн толугу менен ибадат кылууга арноо.


Forward from: Unknown
Video is unavailable for watching
Show in Telegram














Video is unavailable for watching
Show in Telegram
🎥 РАЖАБ АЙЫ ТУУРАЛУУ КЕЛГЕН МААЛЫМАТТАРДЫН БААРЫ НЕГИЗСИЗ

Абдишүкүр ажы Нарматов

⚠️ Ражаб айынын биринчи күнү 13-январга (2024-ж.) туш келет. Жогорудагы видеону сөзсүз көрүңүз. Себеби бул ай туурасында көптөгөн негизсиз маалыматтар интернетте таркап жүрөт.

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз












5. Нафил намаз окуп жаткан адамды ата-энесинин бири жакшы ишке чакырып калса, анда ал намзын таштап алардын чакырыгына жооп бериши керек. Хадисте айтылгандай, Журайж энесинин чакырыгына жооп бербөө менен Аллахка дагы күнөөкөр болду.

6. Сыноонун арты жакшы болот эгер сабыр кылып, такыбалык кылса. Журайж сыноого кабылгандан кийин адамдардын алдында, адамдардын жаратуучусу алдында сыноого кабылуусунан алдынка абалынан жакшыраак болуп калды.

7. Кээ бир салих пенделерде бекемдик, ишеним жана Аллахка болгон жакшы күмөн бар. Ал себептүү ал чоң сыноолорго эр жүрөктүк менен туруштук бере алат.

8. Кыйынчылык келгенде намазга шашуу салих пенделердин адатынан.

9. Жакшылардын жүзүн жаман көсөтүүгө болгон бузукулардын аракети. Бул окуяда сойкунун Журайжка кылганы сыяктуу.

10. Бул окуядагы адамдар сыяктуу далилин билбей туруп доомат, жалааларга ишенүүгө шашпаш керек. Алар Журайжга кол салуудан, аны сөгүп, уруудан алдын доомат койгон аялдын сөзүн тастыктап алуулары керек эле.

https://t.me/islamonlinekg


Аллах таала энесинин тилегинин себептерин даярдап Журайжты зынакор аялга жолуктурат. Ал аялдын азгыруусунун себеби, Исраил коому Журайжтьн өзү тууралуу, анын такыбалыгы жана анын ибадаты тууралуу аны мактап сүйлөшүшөт. Ошондо сойку аял Журайжтын такыбалыгын жеңил санап ал: “Мен Журайжты азгырсам башкалардай эле ал дагы азгырылат” – деп айтат.

Ал аял өзүнүн сулуулугуна суктанган аял эле. Хадисте айтылгандай адамдар анын сулуулугун чырайлуулукка мысал кылып айтышчу.

Сойку, абийирсиз адамдар адамдардын баарын өздөрү тааныган адамдардай деп ойлошот. Алар жок болуучу дүйнө жыргалчылыктарын жеңе билген Аллахтын пенделери бар деп ойлошпойт. Абийирсиздиктен, сойкулукка түшүп кетүүдөн сактаган динди, такыбалыкты карманган кээ бир Аллахтын кулдары бар.

Бузукулардан жүз буруу аларды канчалык кайгыга саларын адамдардын табиятын билген адам байкайт. Журайжтын сойкудан жүз буруусу себептүү сойкунун көздөгөнү таш капты. Ал аял адамдар мактап жаткан Журайжты азгырып, аны өз торуна түшүрүүгө сөз берген болчу. Мына эми ал көздөгөнүн ишке ашыра албай осол болуп калды.

Бул ийгиликсиздиги ага оор болуп ал Журайжга чоң айла амал табат. Ал Журайжтын чөркөөсүндө жашаган койчуну көрүп анын жашаган жерине келип түнөйт. Анан ал койчу менен зына кылып, андан боюнда болот. Кийин төрөгөндөн кийин бул бала ибадатчыл Журайжтын баласы, ошол ушундай ишке барган деп чыгат. Анын бул дегени Журайж калп эле эл көрсүн үчүн ибадат кылып жүрөт дегени.

Айылдын элдери ачууланып Журайжга келишип аны бийик чиркөөсүнөн түшүүгө жана жалган сыйынууну таштоосун буйрушканда ал алардын чакырыгын укпай коёт. Анткени ал намазын окуп жаткан болчу. Ошондо адамдар балта жана чоколору менен чиркөөнү талкалай башташат. Аны көргөн Журайж аларга түшкөндө алар ызуу-чуу салып аны уруп киришет. Анан Журайж алардын мынтип тополоң салгандыктарынын себебин сураганда алар иштин чоо-жайын айтып беришет.

Журайж алардын айткандарын угуп жылмаят. Анткени ал чындап эле ибадатчыл болчу. Ал өзүнүн таза экенин айкын билип бул сойку аялдын жалган дооматы экенин билди. Анан ал ызуу-чуу салган адамдардан намаз окуп алууга мүмкүнчүлүк сурап, намазын окугандан кийин төрөлгөнүнө аз гана күндөр өткөн ымыркайга келип, бармагы менен анын ичин сайып ага: “Атаң ким” – деп кайрылат.

Ошондо Аллахтын улуу кудуретине ишарат кылган аят-белги болот. Чындыгында, ымыркай угула турган, ачык түшүнүктүү сөз сүйлөйт. Ал: “Атам баланча кой кайтарган койчу” – деп айтат. Ошондо адамдар бул салих пендеге карата кылышкан кылмыштарын сезишет. Журайж алар ойлогондордон эмес экенин, ал жалганчы эмес, чынчыл экенин жана бул бузукку аял жалганчы экенин билишет. Алар шашмалыкка берилип бул кишике зыян беришип анын чиркөөсүн талкалашкандай жалган жалаага шашып ишенип алышканын билишет. Анан ал шашмалар кылган кылмыштарын жууга аракеттенишип, чиркөөсүн алтындан же күмүштөн куруп берүүнү сунушташат. Бирок ал баштартып мурункусундай эле ылайдан курулуусун айтып туруп алат. Адамдар анын айтканындай кылышат. Алар куруп бүтүшкөндөн кийин Журайж Раббисина сыйынуу үчүн бийик чиркөөсүнө чыгып кетет.

Аллах Журайжка карата энесинин кылган дубасын кабыл кылып, анын тилегенин орундатат. Бирок Аллах Журайжты анын такыбалыгы себептүү аны куткарат. Аллах энесинин дубасын кабыл кылгандыгында жана Журайжты куткангандыгында эки чоң сабак бар.

🔸 ХАДИСТЕН АЛЫНГАН ПАЙДАЛАР

1. Ата-энени нааразы кылуунун, аларга жакшылык кылбоонун жана алардын чакырыгына жооп бербөөнүн акыбетинин баяны. Бул нерсе кээде адамга келген кыйынчылыктарга себеп болот. Бул ибадатчыл пенденин башына келгендей эле.

2. Аллах пендесин анын түз жүрүүсү жана такыбалыгы себептүү аны куткаруусу. Журайжты куткарып аны жалган жалаадан таза кылгандай эле.

3. Адатта сүйлөбөгөндөрдү Аллах сүйлөтүп коюуга кудуреттүү. Бул окуядагы ымыркайды сүйлөтүп койгондой.

4. Иса пайгамбардын коомунда жакшы салих адамдар болгон. Мына бул окуяда айтылган киши Иса, алейхис саламды, ээрчигендер. Ал эми кечилдикти христиандар ойлоп табышкан.

20 last posts shown.