КЫРГЫЗ МИЛИТАРИСТ⚔️🇰🇬


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz


Кыргызстандын армиясы тууралуу бардык актуалдуу темалар. Саясат, экономика ж.б.
Жаңылык жиберүү үчүн 👉 http://t.me/kgmilitarist_bot
***
Все актуальные темы про армию Кыргызстана . Политика, экономика и др.
Прислать новость 👉 @kgmilitarist_bot

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Statistics
Posts filter


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
"ШУТ-ХАУС" Чек Ара кызматында

Бул кичине аянтча эмес, бул чоң комплекс

Даярдыктар мыкты 👍

@kgmilitarist | Прислать контент


⚡️УКМК: ОШТО 50 ГЕКТАР ЖЕР ТИЛКЕЛЕРИ МАМЛЕКЕТТИН БАЛАНСЫНА АЛЫНДЫ
Кара-Суу базары толугу менен мамлекетке өттү.

Учурда соодагерлер менен мыйзамдуу келишимдер түзүлүп, ижара акысы 50 пайыз арзандатылды.

Мындан сырткары Ош шаарындагы Мадина базар муниципалдык менчикке алынып, соодагерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатат.

Кезинде мыйзамсыз ээленген жерлер УКМК тарабынан малекетке кайтарылууда.

Аталган базарлардын айланасындагы ызы-чуу 10гон жылдардан бери уланып, жеке менчик ээлерине болгон нааразычылыктар токтобой келгени маалым.

@kgmilitarist | Прислать контент


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Кыргыз-өзбек чек арасындагы аскер кызматкерлери системалуу түрдө акча алып турган делип кармалды

УКМКнын маалыматы боюнча, “Бек-Абад” өткөрүү пунктундагы чек арачылар товарларды мыйзамсыз алып өтүүгө дагы көмөктөшкөн.

Көзөмөл бекеттин башчысы жана анын кол алдындагы кызматкерлер пара алып жаткан жеринен кармалган.

@kgmilitarist | Прислать контент


Forward from: Samat | donsimao
Согласен с Нуржигитом по вопросу развития туризма в Кыргызстане. На заседании парламента депутат выразил обеспокоенность тем, что в Кыргызстан приезжают преимущественно дешевые туристы, которые не приносят стране существенной выгоды.

«Они заправляют машины, закупаются продуктами в своей стране, а потом приезжают к нам, ставят палатки в горах и покупают кымыз за 200 сомов. На этом всё. Нам нужно продумать концепцию по привлечению богатых туристов. Поскольку количество туристов, посещающих Кыргызстан, растет, но при этом доля туризма в ВВП остается неизменной.»

Правильно, наивно полагать, что бэкпакеры, которые ночуют в хостелах, вносят ощутимый вклад в развитие экономики. Нужно строить за чертой города крупные детские развлекательные комплексы «диснейленды», музеи архитектурных миниатюр, тематические парки «Вселенная кочевников», аквапарки. На детях, как правило, не экономят.


Бүгүн, 27-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоого багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Кабыл алынган мыйзам долбоору өтө маанилүү. Бул саясий репрессиянын курмандыгы болуп, жапа чеккен ата-бабаларды актоого багытталган тарыхый чечим.

Аталган чечим мурда эле кабыл алынышы керек болчу. Алсак, коңшу өлкөлөр жыл сайын репрессиянын курмандыгы болгон ата-бабаларынын ысымдарын актап жатышат.

Тилекке каршы биз 30 жыл ичинде бүгүнкүдөй алгылыктуу чечимди кабыл албай келгенбиз.

@kgmilitarist | Прислать контент


✍🇰🇬🇪🇺 Кыргызстан менен Евробиримдик тышкы саясат жана коопсуздук чөйрөсүндө, анын ичинде чыр-чатактарды болтурбоо жана кризисти башкаруу, тобокелдиктерди азайтуу, киберкоопсуздук, аймактык туруктуулук, куралдануу, курал-жарактарды көзөмөлдөө жана экспорттук көзөмөл жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү караган амбициялдуу келишимге кол коюшту.

@kgmilitarist | Прислать контент


Forward from: Bayraktar.kg
Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Садыр Жапаров на встрече с президентом Европейского союза Шарлем Мишелем:

«Сегодня Кыргызстан и Евросоюз стоят на историческом пороге нового уровня сотрудничества. Тот факт, что соглашение о расширенном партнерстве и сотрудничестве подписывается не только Евросоюзом, но и всеми 27 государствами-членами, указывает на его важность».




Forward from: Bayraktar.kg
Өзбекстан президенти Ташкентте Түркиянын улуттук коргоо министри Йашар Гүлер баштаган делегациясын кабыл алды. Тараптар өзбек-түрк стратегиялык өнөктөштүгүнүн ар кандай маселелерин карап чыгып, аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү, биргелешкен иш-чараларды уюштурууну, аскердик адистерди даярдоону талкуулашты. Жолугушуунун соңунда Мирзиёев жана Гүлер аймактагы туруктуулукту камсыздоо, анын ичинде Ооганстандагы кырдаал тууралуу пикир алмашышты.


Жапония, тактап айтканда Toyota Tsusho корпорациясы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жолдорун жакшыртууга жардам берет

Каржылана турган бул долбоор жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, транспорттук логистиканы жакшыртуу, Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн, ошондой эле эл аралык маанидеги магистралдарды тейлөө үчүн жол-курулуш техникаларын колдонуу менен калыбына келтирүү жана реабилитациялык иштерди жүргүзүү потенциалын күчөтүү максатын көздөйт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, долбоордун алкагында 2025-жылы Кыргызстанга заманбап жол-курулуш техникалары (48 даана), анын ичинде асфальтобетон заводу жана таш майдалоочу жабдуу берилет.

@kgmilitarist | Прислать контент


2024-жылдын 26-июнунда КР КК Улуттук гвардиясынын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн 2024-окуу жылына карата даярдоо планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер бөлүгүнүн базасында болуп өткөн парашюттан секирүү боюнча машыгууга катышты.

@kgmilitarist | Прислать контент


Банк системасынын "Б" түшүнбөгөн Мелис Тургунбаев Улуттук Банктын төрагалыгына жактырылды

P.S Сөз жок...

@kgmilitarist | Прислать контент


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
УКМК: Ош гарнизонунун чек ара ведомствосунун офицери пара талап кылып жаткан жеринен кармалды

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү "Опузалап пара талап кылуу" боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2024-жылдын 25-июнунда 1985-жылы туулган, Ош гарнизонунун чек ара ведомствосунун офицери З.Т.С. кармалды.

Аталган кызматкер материалдык пайда алуу максатында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ар кандай шылтоолор менен узак убакыт бою чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринен системалуу түрдө акча талап кылган.

Учурда З.Т.С. аттуу жарандын кылмыш иштерине тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

@kgmilitarist | Прислать контент


Италиядан Азербайжанга C-27J Spartan аскердик-транспорттук учагы жеткирилди.

Леонардо компаниясынын учагы Илхам Алиевге Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортто тапшырылды.

P.S Бизде качан?

Той топур, болбогон бир нерсе менен алек болбой, ушундай маселелер чечилсе кана...


Президент Садыр Жапаровтун Бельгияга болгон иш сапары аяктады. Өлкө башчысы Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель жана Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушту.

Шарль Мишель менен болгон сүйлөшүүлөрдө Кыргыз Республикасы жана Европа мамлекеттери арасында мамилени кеңейтүү, инвестиция, туризм, жана башка маселелер боюнча талкуулашты.

Садыр Жапаров белгилегендей, 2006-жылы Кыргызстан учуу коопсуздугунун талаптары сакталбагандыктан «Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук тизмесине» же «тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесине» кирген. Ошондон бери кыргыз учактары Европага уча албай калган.

Бирок акыркы эки жылда өлкөдө 4 аэропорт реконструкцияланып, Жалал-Абадда жаңы аэропорт куруу пландалууда.

Ошондуктан Еврокомиссия өз чечимин кайра карап чыгышы керек, деп баса белгиледи президент.

@kgmilitarist | Прислать контент

15 last posts shown.