БШК АСУ добуштардын 95%ын санап бүткөндүгүн жарыялады. Ал боюнча Бишкекте жана Ош шаарында алдыда келе жаткан партиялар.
Бишкек шаары боюнча:
1. “Жаңы күч” - 29,5% (тактап айтканда азырынча 17 мандат)
2. “Эмгек” партиясы - 22,05 %(12мандат)
3. “Адилет" - 15,07 % (8 мандат)
4. “Ынтымак" - 13,96 % (8 мандат)
5. “Эл үмүтү" - 10,81% (6 мандат)
Ош шаары боюнча:
1. “Жаңы Кыргызстан” - 48,28% (22 мандат)
2. “Ынтымак” партиясы - 20,21% (11 мандат)
3. “Мурас” -15,07 % (8 мандат)
4. “Бир Бол” саясий партиясы -9,87% ( 5 мандат)
5. “Милдет” -10,25% (5 мандат)
Ош шаарында болгону 5 партия катышса АСУнун добуштардын 96% санагандан кийинки эсебинде бешөө тең мандатка илинген.
Эске салсак, бүгүн өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Жаңы мыйзам боюнча эл өкүлдөрү 5 жылга шайланышат.
@kgosho Билип жаша!