Ысмайыл КАДЫРОВ
“ЖОК” ДЕГЕН ЖАКШЫ ТУРА
Кошунам балта сураганынан жапжаңы ак балтамды кармата салбасмынбы кара басып. Арадан ай өткөрүп доолап барсам бош эмес эле деп бербеди. Андан кийин алты жолу сурадым. Биринде “таппай койду”, экинчисинде “дагы бирөө сурап кетиптир”, айтор өз балтам өзүм үчүн таңсык буюмга айланды. Мен да доолаганды токтотподум. Алты айдан кийин гана кошунам: “деги каадалуу буюм бергенсип, жаман балтаңардын сабы алтын болду го!?” – деп мизи кетилип, сабы сынып башка түргө өткөн балтамды алдыма ыргытты.
Чала болот мага. Жок эле деп койсом эмне. Эми минтип өз буюмумду өзүм доолайм деп жакшы кошунамдан да, жалаңдаган балтамдан да ажырадым. Күнөө менде экенин же кошунамда экенин ажырата албай алигиче башым маң.
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта